Күзгө чейин Бишкектен үй сатып алууга үлгүрүңүз! Турак жай рыногундагы баалар

© Sputnik / Михаил ДудинБишкек шаары. Архив
Бишкек шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектен турак жайды кайсы маалда сатып алуу оң экендиги, эмнеликтен элиталык батирлердин баасы жогорулагандыгы, кыймылсыз мүлк рыногундагы азыркы кырдаал туурасында Sputnik Кыргызстандын материалынан окуңуздар.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Жыл башынан тарта Бишкекте батир баасы кымбаттаганы байкалууда. Кадастр жана кыймылсыз мүлк укугун каттоо департаментинин отчетунда май айына карата өсүш беш пайызды түзгөндүгү айтылат.

Баасы дагы жогорулап кете элегинде там-таш сатып алганыбыз туурабы? Балким күзүндө баа кайра түшүп калар? Эмнеликтен рынокто мындай өзгөрүүлөр болот? Серепчилер бул соболдорго жооп беришти.

Айрыкча бир бөлмөлүү батирлер асмандап кетти

Бул маалыматтар элиталык бир бөлмөлүү батир сатып алууну кыялдангандардын көңүлүн чөгөрөт. Бир жыл ичинде бул жогорку класстагы турак жайга болгон баа 8 миң долларга өстү. Былтыркыга караганда алар чейрек көрсөткүчкө көтөрүлдү.

Бишкектеги бир бөлмөлүү батирлердин баасы
Күзгө чейин Бишкектен үй сатып алууга үлгүрүңүз! Турак жай рыногундагы баалар - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги бир бөлмөлүү батирлердин баасы

"Площадь" кыймылсыз мүлк агенттигинин сатуу бөлүмүнүн жетекчиси Елена Юн кептин баары курулуш ишканалары бул турак жайлардын акысын бөлүп төлөөнү сунуштагандыгында экенин айтып юерди. Мында сатып алуучу акчаны дароо толук издеп убара болбойт.

"Жаңы курулган турак жайлар бишкектиктерди жакшыртылган шарты менен кызыктырат. Жер алдындагы унаа токтоочу жайы, коноктор үчүн да авто коюучу тилкеси менен бирге курушат. Андан тышкары, элиталык болуп саналган бул үйлөр атайын кайтарууда. Мындай талапка курулуш ишканаларына болгон ишенимдин күч алышы да таасир этти: кардарларды алдоо же курулушчулардын иши жүрбөй калышы сымал учурлар азая түштү", — деди Юн.

Ошондой эле бишкектиктер жактырган 104-сериядагы жана "хрущевкалардын" бир бөлмөлүү батирлери да 1,5 миң долларга же алты пайызга кымбаттады. 105-сериядагы бир бөлмөлүү батирлердин баасы да миң доллардай өстү.

© Sputnik / Табылды КадырбековЧакан батирлерди ижарага берүү же сатуу оңой
Күзгө чейин Бишкектен үй сатып алууга үлгүрүңүз! Турак жай рыногундагы баалар - Sputnik Кыргызстан
Чакан батирлерди ижарага берүү же сатуу оңой

Серепчинин баамында, бюджеттен маяна алгандардын батир сатып ала башташы да бааларга таасир этпей койбоду.

"Орто баадагы батирлердин кымбатташына бюджеттен айлык алчу адамдарга ылайыкталган мамлекеттик ипотека да түрткү болду. Алардын маянасына бап келген турак жайлар — "хрущевка" же 104-сериядагы" батирлер, — деп белгиледи Юн.

Айтмакчы, Бишкекте бир бөлмөлүү батирлер көп өтпөйт. Адатта үч сатып алуучунун бири мындай батирге токтолот. Бирок эки бөлмөлүүлөрдүн сатылышы 40 пайызды түзөт. 

Бишкектеги эки бөлмөлүү батирлердин баасы
Күзгө чейин Бишкектен үй сатып алууга үлгүрүңүз! Турак жай рыногундагы баалар - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги эки бөлмөлүү батирлердин баасы

Бишкектеги эң көп сатылчу эки бөлмөлүү батирлердин баасы

Конвеердеги автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өлкө рыногун Европадан ташылган унаалар каптайбы? Автобазардын эртеңи тууралуу
Бул турак үйлөр жаатында да баанын жогорулашы боюнча "элиталык" үйлөр алдыңкы сапта: бир жыл мурун алар азыркыдан 4,5 миң долларга арзан турчу.

Аларга салыштырмалуу эски заманда курулган эки бөлмөлүү батирлердин баасы дээрлик өспөгөндөй: былтыркыдан айырмасы миң долларга да жетпейт. 104-сериядагы эки бөлмөлүү үйлөр 35 миң доллардын тегерегинде турат, ал эми "хрущевкалар" — андан үч миңдей арзан.

105-сериядагы эки бөлмөлүү үйлөрдүн баасы төрт пайызга кымбаттап, азыркы тапта 37-39 миң доллар тегерегинде турат. 

Мындай өсүштү Елена Юн эки бөлмөлүү батирлердин бишкектиктердин көңүлүн көп ээлегендигине байланыштырат.

"Чакан батирлерге талап күч, анткени аларды ижарага берүү же кайра сатуу жеңил. Бишкекте азыр алар эң көп сатылат " — деп түшүндүрдү кыймылсыз мүлк сатуу боюнча адис.

© Sputnik / Михаил ДудинБишкектиктер премиум-класстагы чакан турак жай сатып алууга ыктай баштады
Күзгө чейин Бишкектен үй сатып алууга үлгүрүңүз! Турак жай рыногундагы баалар - Sputnik Кыргызстан
Бишкектиктер премиум-класстагы чакан турак жай сатып алууга ыктай баштады

Үч бөлмөлүү батирдин баалары

Булардын баасында өсүш жокко эсе. Атургай, мындай элиталык турак жайлардын баасы бир пайызга түшкөн. 104-сериядагы үч бөлмөлүү батирлер болгону 500 долларга, ал эми 105-сериядагылары бир-эки миң долларга кымбаттаган.

Бул үч бөлмөлүү батирлердин бишкектиктердин тандоосуна анча татыбастыгы менен түшүндүрүлөрүн айтат риелтор.

"Эгер мындай турак жай ижарага берилсе, коммуналдык кызмат акысы батир ижаралагандардын мойнуна жүктөлөт. Батирге чыккан киши жылуулук, электр жарыгы үчүн көп төлөөгө даярдыгы арсар. Талаптын айырмасы ушундан келип чыгат", — деди Юн. 

Бишкектеги эки бөлмөлүү батирлердин баасы
Күзгө чейин Бишкектен үй сатып алууга үлгүрүңүз! Турак жай рыногундагы баалар - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги эки бөлмөлүү батирлердин баасы

Батирлер эмнеге кымбаттады? Серепчилердин пикирлери

Экономист Нургүл Акимова батирлерге болгон талаптын өсүшүн эмгек мигранттарынын өлкөгө көп каражат которушуна байланыштырат.

"Сатып алынган ар бир чоң нерсе — акча топтоо же насыя алуунун жыйынтыгы. Кыргызстанда ар бир үчүнчү үй-бүлөгө эмгек мигранттары каражат которот. Эгер биз которулган акчанын кыймылын карап чыга турган болсок, алардын жарымы күнүмдүк чыгымдарга, ал эми калганы там куруу же ремонтко жумшалат", — деп белгиледи ал.

Ошондой эле талаптын өсүшүн серепчи жарандар колундагы ашыгыраак акчасын бизнеске салбай, батир жана машинага сарптагандыгына да байланыштырат. Бул тобокелдиги азыраак салым болуп саналарын белгилейт ал.

Ал эми Чет элдик инвесторлор биримдигинин аткаруучу директору Искендер Шаршеев кыймылсыз мүлк рыногундагы кырдаалга сырттан которулган каражаттардын байланышы бир аз апыртылгандыгын айтат.

"Батир баасынын өсүшү — бул рыноктун 2014-жылы кабылган туңгуюктан акырындап чыгып келаткандыгынын жыйынтыгы", — деп түшүндүрдү ал.

Дал ушул убакта батир сатып алуу туурабы? Келечекке божомол

Батирди жайкысын сатып алып, ал эми сатуу күзүндө жүргүзүлгөнү дурус дейт Кадастр жана кыймылсыз мүлк укугун каттоо департаментинин аналитиги Айдар Сукенбаев.

"Эгер быйыл батир сатып алууну кааласаңыз, анда аны азыр — июнь, июль айларында алганыңыз дурус. Жыл соңунда эмгек мигранттарынын акча которуулары 20-25 пайызга жогорулары күтүлөт. Андай шартта бишкектик батирлер күзүндө дагы беш пайызга кымбаттайт", — деди ал.

© Sputnik / Табылды КадырбековКурулушту көзөмөлдөө турак жайдын баасына таасир тийгизди
Күзгө чейин Бишкектен үй сатып алууга үлгүрүңүз! Турак жай рыногундагы баалар - Sputnik Кыргызстан
Курулушту көзөмөлдөө турак жайдын баасына таасир тийгизди

Серепчи адатта экономикалык активдүүлүк, ага ылайык батир бааларынын өсүшү да алгач март-апрель айларында, келеркиси күзгө туш келерин белгилейт.

Курулуш компаниясынын жетекчиси Замир Чаргынов баанын жогорулашына курулуштун жүрүшүнө болгон көзөмөлдүн катаалдашы да таасир этиши ыктымалдыгын белгилейт.

Лонгрид: Мечеть в селе Ак-Татыр Баткенской области_kyr - Sputnik Кыргызстан
Турмушка чыкчу кыздардан киреше тапкан баткендик уздар. Килем токуунун сыры
"Курулуш компаниялары үчүн иш баштоого мамлекеттик органдардан уруксат кагаздарын алуу татаалдап барат. Буга көп убакыт жумшалат. Албетте, кошумча чыгымдар турак жайдын наркына кошо эсептелет", — деп түшүндүрдү ал.

Ошентип эгер сиз каражат чогултуп, батир алууга камынсаңыз, көп создуктурбаңыз. Эгер, тескерисинче, турак жай сатууну пландаган болсоңуз, бир жана эки бөлмөлүү батирлерди сатууда кыйынчылыкка кабылбайсыз — алар рыноктогу эң көп сатылгандары. Жайкысын алардын бааларында өсүш жок, андыктан, ашыкпастан, сатышты бир аз жылдыра турганыңыз да оң.

Жаңылыктар түрмөгү
0