00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Ачык кеп
Биоартүрдүүлүктү сактоо жана браконьерликке каршы күрөш: кандай өзгөрүүлөр бар?
15:08
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
ИИ, экология и историческая память: Ольга Фролова о том, чем живут молодёжные проекты в КР
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Кароосуз калган 150дөн ашык баланы багып чоңойткон эне
17:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Без суда и следствия: в Кыргызстане реформируют институт медиации
18:07
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Ормуз кризиси ЕАЭБ мамлекеттерине азык-түлүк жаатында кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Мелкий шрифт большой аренды: что обязательно нужно прописать в договоре - советы юриста
20:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Биоартүрдүүлүктү сактоо жана браконьерликке каршы күрөш: кандай өзгөрүүлөр бар?
21:05
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Мекенибизде саат 1. Бул саатка алынган жанылыктар түрмөгү менен таанышып алыныздар. Алгач кабарлардан кыскача... Быйыл окуу жылы 15-сентябрда башталат Иран АКШга сүйлөшүүлөрдүн ыраат-тартибин сунуштады Жапаров Путин менен өзөктүү маселелерди жөнгө салып келгенин айтты. Алдыда кененирээк...Президент Садыр Жапаров Москвага иш сапары менен барып, РФ лидери Владимир Путин менен бардык негизги маселелерди жөнгө салып келгенин жергиликтүү маалымат агенттиктеринин бирине курган маегинде билдирди. Мамлекет башчы Астанада өткөн экологиялык саммиттен кийин мүмкүнчүлүктү пайдаланып, бир нече маселени талкуулоо үчүн жолугушуу өткөрүүнү чечкенин айткан. Анын сунушун Россиянын президенти дароо колдогон. "Сапардын биринчи күнүндө эки сааттан ашык Кыргызстан — Россия мамилелеринин ар багытын талкууладык. Бир катар маселелер боюнча кошумча сүйлөшүүлөрдү тиешелүү министрлердин катышуусунда өткөрүүнү макулдаштык, алар шашылыш чакыртылды. Ал эми кийинки күнү кеңейтилген курамда жолугушуу болду. Бардык негизги маселелер чечилди. Владимир Владимировичке ыраазычылык билдирүү орундуу деп эсептейм, акыркы беш жыл ичинде ал кызматташуунун бардык тарабы боюнча дайым колдоо көрсөтүп келет. Ошондуктан биз Россияны стратегиялык өнөктөшүбүз деп атайбыз", — деген Жапаров. Эске салсак, эки өлкөнүн лидерлери 23-апрелде Кремлде жолугушкан. Жапаров Путинди августта Кыргызстанда өтө турган ШКУ саммитине чакырган.
Жаңы окуу жылы 1-сентябрда эмес, 15-сентябрда башталарын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, өзгөрүү Бишкекте өтө турган ШКУ (Шанхай кызматташтык уюму) саммитине жана Көчмөндөр оюндарына байланыштуу. Деген менен окуу жылы 25-майда аяктайт. Белгилей кетсек, августтун аягы — сентябрдын башында Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгы алдында Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өтөт. Анын алкагында кеминде 40тай ири иш-чара өткөрүлөрү айтылган. Саммит Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтө турган учур менен дал келет.
Кыргызстанда 3400дөн ашык соцкызматкердин айлыгы жогорулатылдыКыргызстанда социалдык камсыздоо тармагында иштеген 3400дөн ашык кызматкердин эмгек акысы жогорулатылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, айлык акыны көтөрүү Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борборунун, майыптыгы бар адамдарды жана балдарды реабилитациялоо борборлорунун, “Балдар үчүн ишеним телефону” борборунун, социалдык стационардык мекемелердин, протездик-ортопедиялык мекемелердин жана аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлерин камтыды.Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, административдик, негизги жана жардамчы персоналга ай сайын 15 миң сом, ал эми техникалык жана тейлөөчү кенже кызматкерлерге 5 миң сом өлчөмүндө кошумча президенттик компенсация төлөмү киргизилди.
Иран ортомчулар аркылуу АКШ тарапка үч этаптан турган сүйлөшүүлөрдүн ыраат-тартибин сунуштады. Бул тууралуу Al Mayadeen билдирди.Сунушка ылайык, алгач согуштук аракеттерди токтотуу жана коопсуздук кепилдиктерин алуу каралат. Экинчи этапта Ормуз кысыгы боюнча биргелешкен көзөмөл маселеси талкууланат. Үчүнчү этапта Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.Белгилей кетсек, ишемби күнү АКШ президенти Дональд Трамп ирандыктар менен сүйлөшө турган делегациянын Пакистанга сапарын токтотуп койгонун билдирген. Көп өтпөй Ирандан алда канча пайдалуу сунуш түшкөнүн кабарлаган. Анткен менен Тегеран сүйлөшүүлөр тууралуу айтылган сөздөрдү башынан эле четке кагып келет.
Жаңылыктар түрмөгү
0