00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуттук баалуулуктарды сактоонун жолу. Бишкекте Салттуу музыка жумалыгы өтүүдө
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Таберик
Майра Керим кызы: Дүйнөдө сени сүйгөн бир адам бар
17:06
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
8 мин
Киноблог
Говорухин как повод, кино как профессия: что случилось на панораме в Бишкеке
18:09
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Ички иштер министрлиги жарандарды басмырлоого жана улуттар аралык кастыкка жол бербөөгө чакырат. Ведомствонун маалыматына ылайык, адамдардын ар-намысын кемсинткен билдирүүлөргө жана аракеттерге, ошондой эле улуттар аралык кастыкты, жек көрүүнү жана келишпестикти козуткан көрүнүштөргө, анын ичинде басмырлоочу жазууларды жана жарыяларды жайгаштырууга жол берилбейт. Министрлик ар бир жарандын укуктарын урматтоо, коомдук ынтымак жана бардык улут өкүлдөрүнүн өз ара сый-урматы өлкөдөгү туруктуулуктун негизи экенин эскертет. "Улуттар аралык ынтымакты, коомдук тартипти жана жарандардын укуктарын бузууга багытталган ар кандай аракеттер мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке алып келет", - деп айтылат маалыматта.
Кыргызстан – Кытай – Пакистан багыты боюнча жаңы пилоттук транспорттук каттам ишке киргенин Транспорт жана коммуникациялар министрлиги маалымдады. Билдирүүгө ылайык, каттам Бишкектен башталып, Торугарт – Кашкар – Хунджераб – Исламабад – Карачи деңиз портуна чейин аткарылып, жалпы узундугу – 3 300 чакырымды түзөт. "Жаңы каттам Кыргызстан үчүн эл аралык логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө, тышкы соода жүгүртүүнү жандандырууга жана деңиз портторуна чыгууну камсыздоого өбөлгө түзгөн стратегиялык маанилүү кадам болуп саналат", – деп айтылат маалыматта. ШКУга мүчө мамлекеттердин транспорт министрлеринин 13-жыйынында Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Альтамаш Вазир Хан бул аракеттерди өзгөчө жетишкендик катары баалаган. "Өткөн жумада Кыргызстандан чыккан жүк ташуучу унаа Пакистанга ийгиликтүү жетип барды. Эки өлкө министрликтери каттамдын жүрүшүндө айдоочулар менен тыгыз байланышта болуп, тоскоолдуксуз жана ыкчам жүрүшүн камсыздашты", – деди Альтамаш Вазир Хан. Тараптар мындан ары да транспорт, логистика жана соода тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө даярдыгын билдиришти. Министрлик каттам Эл аралык жүк ташуучулар ассоциациясы менен биргеликте ишке ашканын кошумчалады.
Токтогул суу сактагычынан мыйзамсыз салынган торлор чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрдигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, күн мурун Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору тарабынан рейд жүргүзүлгөн. Өткөрүлгөн иш-аракеттердин алкагында 7 000 метр мыйзамсыз торлор алынып, тартип бузуучуларга мыйзам чегинде айып пулдар салынды.
Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияга бомба клюлганы тууралуу жалган маалымат таратууга шектелип 19 жаштагы жигит кармалганын Бишкектин Ленин РИИБи билдирди. Милицияга кабар 25-майда кечки саат 7лерде түшкөн. Филармонияга келген укук коргоо органдары дароо элди эвакукациялап, имаратты курчоого алышкан. Натыйжада жардыруучу зат табылган эмес. Бир нече сааттын ичинде шектүү аныкталып, милицияга жеткирилген. Кылмыш иши козголду. Милиция террордук мүнөздөгү жалган маалымат таратуу катуу жазаланууга тийиш кылмыш экенин эскертет.
Кыргызстанда дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылды. Тиешелүү токтом министрлер кабинети тарабынан кабыл алынды. Документке ылайык, 1-апрелден баштап аталган тармактагы кызматкерлердин айлыгы 50 пайызга көбөймөкчү. Ошондой эле кошумча 15 миң сом үстөк жана 5 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсация каралды. Жалпысынан спорт чөйрөсүндө 4 367 кызматкердин айлык акысы көтөрүлөрү күтүлүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0