00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
8 мин
Экономикалык панорама
Ормуз кризиси ЕАЭБ мамлекеттерине азык-түлүк жаатында кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат?
19:09
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
10 мин
Особый акцент
Мелкий шрифт большой аренды: что обязательно нужно прописать в договоре - советы юриста
20:11
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Биоартүрдүүлүктү сактоо жана браконьерликке каршы күрөш: кандай өзгөрүүлөр бар?
21:05
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Мекенибизде кечки саат 5. Бул саатка алынган жаңылыктар менен таанышып алыңыздар. Алгач биз токтоло турган кабарлардан кыскача...Бишкекте жасалма интеллект боюнча Шанхай кызматташтык уюмунун форуму өтүүдөКыргызстан сыртка жүзүм менен мейизди көбүрөөк сата баштады 183 миңден ашуун агартуу кызматкеринин айлыгы жогорулатылды. Алдыда кененирээк...Кыргызстанда жалпы 183 миң 978 агартуу тармагынын кызматкеринин эмгек акысы жогорулатылды. Бул тууралуу Кабар өткөргөн маалымат жыйынында Агартуу министрлигинин өкүлү Акыйкат Баймуратова билдирди. Анын айтымында, методисттердин айлыгы президенттин тапшырмасынын негизинде 3,5 эсеге көбөйдү. Мындан тышкары, бала бакчалардын директорлорунун эмгек акысы 2,5 эсеге жогорулап, жардамчы тарбиячылардын да айлыгы ошол эле деңгээлде көтөрүлдү.Айлык акыны жогорулатуу мектепке чейинки, мектептик, башталгыч жана орто кесиптик, ошондой эле мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринин кызматкерлерин камтыды. Жалпысынан 183 миң 978 адам бул өзгөртүүдөн пайда көрөт.Белгилей кетсек, 1-апрелден тарта мугалимдердин айлыгы жогорулап, жакынкы күндөрү эки эсеге көбөйтүлгөн төлөмдөр бериле баштайт.
Кыргызстанда мектептерде 900гө жакын мугалим тартыш болууда. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин башчысы Догдуркүл Кендирбаева маалымат жыйынында билдирди.Анын айтымында, кадр жетишсиздиги негизинен орус тилдүү мектептерде байкалууда, ал эми кыргыз тилдүү билим берүү мекемелеринде предметтик мугалимдер жетиштүү.Министр бул маселени чечүү үчүн мугалимдерди даярдоо жана кайра даярдоо иштерин күчөтүү зарылдыгын белгилеп, Кыргыз-Россия Славян университетинин базасында орус тилдүү мугалимдерди даярдоочу факультеттерди ачуу сунушталганын айтты.Ошондой эле ал эмгек акыны жогорулатуу маанилүү экенин, бирок жергиликтүү бийлик органдары да жаш адистерди тартууга кызыкдар болушу керектигин кошумчалады. Министрдин айтымында, жаңы Эмгек кодекси мугалимдердин жашына чектөө койбойт, бирок жаш педагогдорду окуу сааттары менен камсыздоого артыкчылык берүү сунушталууда.
Бишкекте жасалма интеллект боюнча ШКУ форуму өтүүдө Бишкек шаарында “ШКУ мейкиндигиндеги жасалма интеллект: ишеним жана туруктуу өнүгүү” аталышындагы эл аралык форум өтүп жатат. Бул тууралуу Кабар билдирди.Иш-чара Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн маалыматтык-коммуникациялык технологиялар министрлеринин 5-жыйынынын алкагында уюштурулуп, санариптик өнүгүү жаатындагы кызматташтыкты чыңдоого багытталган.Форумда Азамат Жамангулов Кыргызстан жасалма интеллект тармагында эл аралык кызматташууга ачык экенин белгилеп, биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу жана глобалдык AI-экосистемага катышуу маанилүү экенин айтты.Иш-чара эксперттик аянтча катары кызмат кылып, жасалма интеллектти колдонуудагы мыкты тажрыйбалар, мамлекеттик жана жеке сектордун кызматташуусу, ошондой эле келечектеги биргелешкен долбоорлор талкууланууда.
Кыргызстан сыртка жүзүм менен мейизди көбүрөөк сата баштады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Январь-февраль айларында 129 тонна продукция сатылып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12,6 пайызга көп болду.Негизги сатып алуучулар — Россия жана Казакстан (Евразия экономтикалык биримдиги өлкөлөрү). Мындан тышкары, азыраак көлөмдө Катарга экспорттолгон. Бул өсүш негизинен ЕАЭБ алкагындагы рынокторго — Россия менен Казакстанга болгон туруктуу суроо-талап менен түшүндүрүлөт. Өнүктүрүү факторлорунун катарына логистиканын жакшырышы, айыл чарбасын колдоо жана ЕАЭБ алкагында бажы тоскоолдуктарынын аздыгы кирет.
Жаңылыктар түрмөгү
0