00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
7 мин
Стимул
Кароосуз калган 150дөн ашык баланы багып чоңойткон эне
17:09
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Без суда и следствия: в Кыргызстане реформируют институт медиации
18:07
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Экономикалык панорама
Ормуз кризиси ЕАЭБ мамлекеттерине азык-түлүк жаатында кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат?
19:07
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Мелкий шрифт большой аренды: что обязательно нужно прописать в договоре - советы юриста
20:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Биоартүрдүүлүктү сактоо жана браконьерликке каршы күрөш: кандай өзгөрүүлөр бар?
21:05
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Жаңылыктар топтому менен тааныштырып, микрофондо Элдияр Асылбеков. Саламатсыздарбы? Алгач кабарлардан кыскача... Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху аскер адамдарынын нааразычылыгын жараттыМугалимдерге 15 миң сомдук президенттик компенсация киргизилдиПрезиденттик администрацияда санкциялар боюнча кеңешме өттү. Алдыда кененирээк... Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев эл аралык санкциялар боюнча кеңешме өткөргөнүн "Ынтымак ордодон" кабарлашты. Жыйынга мамлекеттик органдардын жана тиешелүү ведомстволордун өкүлдөрү катышты. Анда учурдагы кырдаал, тобокелдиктер жана иштеп жаткан чектөөлөрдүн кесепети талкууланып, аларды этабы менен алуу боюнча сунуштар иштелип чыккан. "Мамлекеттик органдар эл аралык милдеттенмелерди аткаруу, тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн ачыктыгын жогорулатуу жана экспорттук-импорттук операцияларга көзөмөлдү күчөтүү боюнча чаралар жөнүндө маалымат беришти", — деп айтылат маалыматта. Кеңешмеде өлкөнүн санкциялык маселелер боюнча батыштык өнөктөштөр менен тынымсыз диалогуна өзгөчө көңүл бурулду. Соңунда мамлекеттик органдарга терс кесепеттерди азайтууга жана кыргыз компанияларын батыш өлкөлөрүнүн санкциялык тизмесинен чыгаруу боюнча комплекстүү чараларды иштеп чыгууга багытталган тиешелүү тапшырмалар берилди.
Бириккен улуттар уюму оор кризиске кептелип, мындан улам диалог үчүн аянтча түзүү аракети көрүлүп жатканын Жамааттык коопсуздук кеңешинин баш катчысы билдирди. Таалатбек Масадыков Москвада өтүп жаткан “Жамааттык коопсуздуктун жаңы архитектурасы: ЖККУдагы маалыматтык-аналитикалык өнөктөштүктүн негизги маселелери” деп аталган эл аралык конференцияда сүйлөдү. “Геосаясатта абал олку-солку болуп турат. Кырдаалдан чыгуу жолдорун издештирип жатабыз. Эл аралык укук нормалары дайым эле бир кылка иштей бербейт”, — деди баш катчы. Ал талкуунун жыйынтыгы өлкө жетекчилерине татаал эл аралык маселелерди чечүүгө жардам берерин белгиледи
Кыргызстанда билим берүү тармагындагы кызматкерлер үчүн 15 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсация төлөнө баштады. Бул тууралуу Кабар өткөргөн маалымат жыйынында Агартуу министрлиги өкүлү Акыйкат Баймуратова билдирди. Анын айтымында, техникалык жана кенже тейлөөчү персонал үчүн 5 миң сом өлчөмүндө компенсация каралган. Төлөм бир ставка үчүн берилет: эгер мугалим толук эмес (0,5) ставкада иштесе – 7500 сом, ал эми 1 же 1,5 ставкада иштегендер үчүн максималдуу сумма 15 миң сомдон ашпайт.Компенсация өргүү, жөлөк пул жана кошумча төлөмдөрдү эсептөөдө туруктуу негизде берилет. Белгилей кетсек, 1-апрелден тарта мугалимдердин айлык акысы да жогорулатылып, жаңы төлөмдөр этап-этабы менен ишке кирүүдө.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху аскер адамдарынын нааразычылыгын жаратты. Бул тууралуу жергиликтүү гезит жазды. "Нетаньяху Ливан менен Иранда максаттардын ишке ашпай калышынын жоопкерчилигин башка бирөөлөргө оодарууга аракет кылып жатат деп эсептеген ЦАХАЛда нааразычылык күчөп жатат", — деп айтылат макалада. Басылма Нетаньяху Иранга жасалган натыйжасыз чабуул үчүн күнөөнү Моссад кызматына, ал эми Ливандагы шалаакылыкты Израилдин армиясына жүктөөнү пландаганын жазды. Мындан тышкары, өлкөнүн саясий жана аскерий жетекчилигинин ортосундагы пикир келишпестик улам тереңдеп, жагдай оорлошуп жатканы белгиленген. Эскерте кетсек, Израиль менен Ливандын ортосунда 16-апрелден тарта атышууну токтотуу боюнча келишим бар. Бирок "Хезболла" Тель-Авив авиация, дрон жана артиллерияны колдонуу менен калктуу конуштарга сокку уруп, элдешүүнү 200 ирет бузганын билдирген. Кыймыл буга жооп иретинде операция жүргүзгөнүн маалымдады.
Жаңылыктар түрмөгү
0