Маршруткага күнүбүз түшпөсүн десек... Бишкекке канча автобус керек

© Sputnik / Табылды КадырбековЗабастовка водителей маршруток в Бишкеке
Забастовка водителей маршруток в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушул тапта бишкектиктерди 110 троллейбус жана 130га чукул автобус тейлейт

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Бишкектин борбордук бөлүктөрүнөн маршруткаларды алып салуу үчүн 800дөн 1000ге чейин автобус керек. Бул жөнүндө Sputnik Кыргызстан агенттигине Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчи орун басары Нурлан Атыканов билдирди.

"Мэриянын борбордук көчөлөрдөн маршруткаларды азайтып, автобустарды киргизебиз деген планы бар. Ага ылайык бизге 800-1000 автобус керек. Бирок аларды шаардын бюджетинин ылайыгына карап аз-аздан алып турбасак, дароо алыш кыйын. Ал эми калаанын чет-жакасына мурдагыдай эле маршруткалар каттай берет", — деди Атыканов.

Анын айтымында, ушул тапта бишкектиктерге 110 троллейбус жана 130га чукул автобус кызмат кылат.

C 1 июня вступил в силу запрет на работу для водителей, не имеющих российских прав - Sputnik Кыргызстан
Маршрутка машакаты: ишке чыкпай койгон айдоочулар эмнеден коркуп жатат?
Белгилей кетсек, дүйшөмбү күнү маршрутка айдоочуларынын иш ташташынан улам өкмөт башчы Сапар Исаков жыйын өткөрүп, анда шаардагы транспорт көйгөйүн чечүү үчүн тез арада автобустарды киргизүү маселесинин зарылдыгын айткан.

Буга чейин өкмөттөн 2018-жылдын жай айларына чейин 350 автобус сатып алынарын айтышкан. Автобустарды сатып алууга жалпысынан 50 миллион доллар кетсе, анын 30 миллионун "Газпромбанк" ишканасы бөлө турган болгон. Калган 20 миллион долларды Бишкек мэриясы чыгарган облигацияларды сатып алуу менен Социалдык фонд берери кабарланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0