00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Жаңылыктар
17:30
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Исаков маршрутка айдоочуларынын иш таштоосуна эмне себеп болгонун айтты

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевСовещание по вопросу обеспечения деятельности автотранспортных предприятий Бишкека
Совещание по вопросу обеспечения деятельности автотранспортных предприятий Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экономикалык кылмышка каршы күрөшүү кызматы менен УКМКга коомдук транспорт жаатындагы коррупциялык иштердин бетин ачуу тапшырмасы берилди

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков эл ташыган фирмалардан жең ичинен канча каражат чогултулуп жатканы тууралуу маалыматы бар экенин айтты.

Бул тууралуу өкмөт башчынын Бишкектеги транспорт ишканаларынын ишмердүүлүгү боюнча өткөргөн жыйынында сөз болду.

"Мага жеткен маалыматтарга караганда Транспорт министрлигинин алдындагы транспорт инспекциясына ишканалардын ар бир бригадасы айына үч миң сомдон берип турат экен. Министр Жамшитбек Калилов бир жуманын ичинде чара көрсүн. Мыйзам баарыбыз үчүн бирдей. Шаардыктардын жолдогу коопсуздугун камсыз кылуу үчүн мыйзам нормалары так аткарылышы керек", — деди Исаков.

Ал кошумчалагандай фирмалар министрликтен тышкары, Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлерине дагы айына беш миң сомдон көбүрөөк акча берип турары айтылган.

Мэрия бунт чыгарган маршруткачыларды ымга келтирип жолго салды. Видео - Sputnik Кыргызстан
Мэрия бунт чыгарган маршруткачыларды ымга келтирип жолго салды. Видео
"Ошондой эле айдоочулардан каттамдын схемасы үчүн дагы акча алышат экен. Негизи бул акысыз берилчү документ. Мындан тышкары, унааны токтотуу үчүн, жүргүнчү салуу үчүн, каттам үчүн, айтор, ар бир кыймылга пара беришет. Мен бул айтылгандын баарын тыкыр текшерип чыгуу боюнча Экономикалык кылмышка каршы күрөшүү кызматына жана УКМКга тапшырма берем. Эгер айтылгандар аныкталса, тиешелүү адамдарга чара көрүлөт", — деди өкмөт башчы.

Исаков белгилегендай, ушул сыяктуу коррупциялык аракеттер расмий төлөмдөргө кедергесин тийгизип, жеке компаниялардын нааразычылыгын жаратууда.

Ошондой эле ал шаардагы транспорт көйгөйүн чечүү үчүн тез арада автобустарды киргизүү маселесин чечүү керектигин айтты.

Эске салсак, маршрутка айдоочулары 1-апрелден баштап киргизилген милдеттүү камсыздандыруу боюнча нааразычылыгын билдирип жатышат.

Камсыздандыруунун бир орун үчүн жылдык баасы — 136 сом. Эгер унаа шаарлар аралык каттамдарды аткарса — 204 сом.

Жаңылыктар түрмөгү
0