Бишкекте эң сулуу бийкеч тандалат

© Sputnik / Табылды КадырбековСулуулук сынагынын катышуучулары. Архив
Сулуулук сынагынын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеңген сулуу ажарлуу кыздардын эл аралык сынагына катышат

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Борбор калаада сулуулардын "Мисс Бишкек – 2018" деп аталган сынагы өтөт. Бул туурасында аталган иш-чаранын уюштуруучусу Рыскүл Намазбекова кабарлады.

Ажарлуу кыздардын сынагы 2012-жылдан тарта өткөрүлүп келет. Былтыркы жарышта 17 жаштагы Айзирек Мыктыбекова жеңишке жетип, кийинчерээк турмушка чыккандыктан аталган наамдан баш тарткан.

Уюштуруучулардын айтымында, конкурска баш-аягы болуп 60 кыз катышса, финалга алардын 23ү чыккан.

"Сынактын өзгөчөлүгү ага Бишкекте жашаган бардык кыздар катыша алат. Жашы 15 менен 28дин тегерегинде", — деди Намазбекова.

Сынак 28-мартта шаардагы банкет залдарынын биринде өтөт. Жеңген сулуу ажарлуу кыздардын эл аралык сынагына катышат.

Буга чейин кыргызстандык кыз Miss Asia-2017 сынагында алдыңкы алты сулуунун катарына кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0