Күнүнө 50дөн адам каза табат. Жүрөктү жабыркаткан коркунучтуу 8 дарт

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүДарыгерлер операция учурунда. Архив
Дарыгерлер операция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республикада жүрөк-кан тамыр оорулары орчундуу илдеттердин сап башында. 2017-жылы дарттан каза болгондордун 50дөн ашык пайызы дал ушул жүрөк-кан тамыр ооруларынан жапа чеккен.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Саламаттык сактоо министрлигинин башкы кардиологу Акпай Сарыбаевге кайрылып, өлкөдөгү жүрөк-кан тамыр ооруларынын орчундуу түрлөрү, себептери жана дарылоо жолдору тууралуу сураштырып көрдү.

© Sputnik / Максат ЭлебесовСаламаттык сактоо министрлигинин башкы кардиологу Акпай Сарыбаев
Главный кардиолог Министерства здравоохранения КР Акпай Сарыбаев - Sputnik Кыргызстан
Саламаттык сактоо министрлигинин башкы кардиологу Акпай Сарыбаев

Жүрөк-кан тамыр ооруларынын эң жайылган түрү инфаркт жана инсульт.

Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоо үчүн жылына орто эсеп менен 1,7 миллиард сом жумшалат. Былтыр саламаттык сактоо министрлигинин эсептик тобу жүрөк-кан тамыр ооруларынын экономикага тийгизген таасири 9 миллиарддан ашык сом экендигин аныктап чыккан. Чет өлкөдө саламаттык сактоо тармагына мамлекеттик бюджеттин 5-10 пайызы бөлүнсө, Кыргызстандыкы эки пайызды гана түзөт.

Акпай Сарыбаевдин айтымында, Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр ооруларынан жыл сайын 18 миңден ашык, ал эми күнүгө 50дөй адам көз жумат.

1. Инфаркт — жүрөктүн булчуңдарына кандын жетпей калышы. Мында кан тамырлары май заттар (холестерин — ред.) менен бүтөлүп, кан өтпөй калат. Арыкты тазалабай койсоң суу акпай калгандай эле нерсе. Бул оору башталганда жүрөк сайгылашып, кысылып, көкүрөк ысып чыгат.

Ооруканадагы ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көз көрбөй, кулак укпай, акылдан тайып каласың... Дарыгер менингит тууралуу
2. Инсульт — мээге кандын жетпей калышы. Натыйжада мээнин иштөөсү бузулат. Оорунун негизги себеби — жогору кан басым (гипертония) жана мээдеги артериалдык кан тамырлары май бүртүкчөлөрү менен бүтөлүп, кандын өтпөй калышы. Оору кармаганда адам эс-учун жоготуп жыгылат, жүрөгү начар иштейт, бир ыптасы кыймылдабай калат, сүйлөөсү бузулуп, дем алуу кыйындайт. Айрымдарыныкы адегенде колу, анан бир жак бети шал болуп, андан кийин сүйлөй албай калат.

3. Инфарктка да, инсультка дагы атеросклероз себеп. Мында кандын курамында холестерин көбөйүп кетет. Ал мээ кан тамырларынын ички катмарына жабышып отуруп чоңоюп, анан кан тамырларды кыса баштайт. Ушундан улам мээде кан айлануу системасы бузулат. Демек, холестериндин организмде чектелүү болгону дурус. Холестеринди адам жеген тамак-аштан алат, организм өзү да иштеп чыгат. Анын организмге пайдалуу да, зыяндуу да жагы бар.

4. Инфарктка да, инсультка дагы гипертония, башкача айтканда, жогорку кан басым да себеп болот. Бул ооруга стресс, психологиялык чыңалуу, чылым чегүү, спирт ичимдиктерин ичүү, кыймылдын аздыгы көмөкчү болот. Кыргызстанда 20 жаштан өйдө жарандардын 37-47 пайызынын кан басымы жогору.

5. Учурда беш миңдей киши жүрөк кемтик оорусунун операциясына муктаж. Жүрөк кемтигинин тубаса жана кийин пайда болгон түрү бар. Жүрөктүн тубаса кемтиги түйүлдүктүн өрчүү мезгилинде жүрөк жана ири кан тамырлардын туура эмес калыптанышынан келип чыгат. Мында клапандардын кемтигинен башка дүлөйчөлөр менен карынчалардын ортосундагы капталдарда да тешик болушу мүмкүн. Анда кандын бир бөлүгү жүрөктүн сол жагынан оң жагына өтүп, вена каны менен аралашып, кайра өпкөгө кетет же өпкөгө барбай эле жүрөктүн сол карынчасына, андан толтого барат. Натыйжада ткандарды кычкылтек менен камсыз кылуу бузулуп, жүрөккө күч келет. Ал эми кийин пайда болгон жүрөк кемтигине кан тамыр оорулары себеп.

Бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эркектер боор рагына көбүрөөк кабылат. Себеби эмнеде?
6. Ревматизм – муундарды, жүрөк-кан тамыр тутумун, нерв системасын жана терини жабыркатуучу оору. Адатта ревматизм ангинадан кийин пайда болот. Аны стрептококк микробу жаратат. Адамдын муундары шишип ооруп, терисинде кызыл тегерек тактар пайда болот, демигет, эң негизгиси жүрөгүнө доо кетет. Оорунун алдын алуунун эң жакшы жолу тамагы ооруган же ангина болгон шартта дартты толук айыктыруу зарыл.

7. Аритмия — жүрөктүн иштөө ыргагынын бузулушу. Жүрөктөгү согуу ыргагы бузулганда аритмия пайда болот. Аны адамдын сырткы чөйрөдө болуп жаткан окуяларга болгон жооп-реакциясы десек болот.

8. Миокардит — жүрөк булчуңунун сезгениши, перикардит — жүрөктү каптап турган чел кабыгынын сезгениши, эндокардит — ички чел кабыгынын сезгениши.

Алдын алуу жолдору

— Оорудан оолак болсоңуз деле жылына бир жолу дарыгерге көрүнүп, кан басымыңызды өлчөтүп туруңуз. Кан басымы нормасында 140/90 миллиметрден төмөн болушу кажет.

— Тамеки тартып, чылым чеккендер дени сак адамдарга салыштырмалуу инфаркт, инсульт жана гипертония оорусуна тез чалдыгат. Бир даана тамеки кан басымды 10 миллиметрге чейин жогорулатып, атеросклероз оорусун үч эсе бат пайда кылат. Ошондуктан жаман адаттан баш тартканыңыз туура. Спирт ичимдиктери да кан басымды жогорулатып, жүрөк-кан тамыр оорусун шарттайт.

Рентгенохирург жана медициналык радиология боюнча адис Руслан Шаршебаев - Sputnik Кыргызстан
Түркиядагы кыргызстандык дарыгер: бир тыйыным жок жүргөн учурлар болгон
— Тез даярдалган жана каллориялуу тамак-аштарды, өзгөчө малдын майын ашыкча колдонгонду токтотуу кажет. Болбосо кандагы холестериндин өлчөмү көбөйөт. Андыктан туура тамактанууга өтүп, жашылча-жемишке басым жасап, кайнатылган тамакка жакын болгонуңуз туура. Айта кетчү нерсе, эркектердин белинин өлчөмү 102, аялдардыкы 88 сантиметрден ашпоосу кажет.

— Сергек жашоо образына адамды жаштайынан үйрөтүү зарыл. Өзгөчө кеңседе отуруп иштегендер аз кыймылдашат. Андыктан жок дегенде күнүгө 44 мүнөттөй жөө басып же чуркап туруу керек. Бул зат менен кан алмашууну жакшыртып, кан тамырлардын серпилгичтигин жоготпой ийкемдүү кылып турат. Көп кыймылдаган адамдын инфаркт жана инсультка кабылуу мүмкүнчүлүгү 18-20 пайызга азаят.

— Адам суткасына 7-8 саат укташ керек. Мында бүтүндөй организм эс алат да, өз калыбында иштейт. Уйкудан убакытты үнөмдөө адамды оорукчан кылат.

Дарыгер Акпай Сарыбаевдин айтымында, жүрөк-кан тамыр ооруларын өз алдынча дарылоо мүмкүн эмес. Илдеттин белгилери болгондо сөзсүз түрдө дарыгерге кайрылуу керек. Далилге негизделген медицина гана бейтаптарга туура жол көрсөтө алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0