БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Президент Башкы прокурорго прокуратура органдары жана укук коргоо же өлкөнүн башка мамлекеттик органдары тарабынан жүргүзүлгөн негизсиз текшерүүлөр фактыларын жокко чыгаруу боюнча чара көрүү милдетин тапшырды.
"Тынымсыз текшерүүлөрдөн улам мамлекеттик органдардын жана ишкерликтин толук кандуу иштешине жол бербей, өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө жолтоо кылып жатабыз. Бул жөнөкөй жарандарды кыйноого жана алардын көйгөйүнө негизделген бизнеске айланып жатат", — деди Жээнбеков.
Президент бул багытта бардык кылмыш иштерин инвентаризациядан өткөрүү жана тиешелүү кызмат адамдарынын иш-аракеттерине юридикалык баа берүү тапшырмасын берди.
Эске салсак, президент апта башында УКМК жетекчиси Абдил Сегизбаевди кабыл алып Коррупцияга каршы кызматтын ишмердигинин форматын мекемеге жүктөлгөн милдеттерди толук аткарып жатканын жана ар бир кызматкер иштеген кызматына ылайык келерин кайрадан карап чыгуу милдетин койгон.