БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Милиция кызматкерлери 11 жыл мурун дайынсыз жоголуп кеткен Жамиля Нияз кызын Бишкектен тапканын ШИИБ билдирди.
© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаПропавшая в 2007 году Жамиля Нияз кызы
Пропавшая в 2007 году Жамиля Нияз кызы
© Фото / пресс-служба ГУВД Бишкека
Кыз 2007-жылдын июль айында 11-кичирайонундагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча табылбай жаткан. Ал учурда Жамиля 17 жашта болчу. Кыздын туугандары милицияга 2017-жылы гана арыз жазып кайрылган.
Маалыматта издөө иш-аракеттерин Октябрь райондук милициясы жүргүзгөнү, кызды учурда туугандары алып кеткени айтылат.