БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Бүгүн аба ырайынын сууктугу Чүй, Нарын жана Талас облустарында ошол бойдон сакталарын Кыргызгидромет билдирди.
Бишкекте күндүз сууктун күчү —18 градуска чейин жетет. Ал эми Ош шаарында термомерт нөлдөн 3 градус төмөн градусту көрсөтөт.
Чүй жана Талас өрөөнүндө күндүзү —13…-18 градус болот.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында —6 градус суук болору айтылды.
Ысык-Көлдө күндүз 9 градуска чейин төмөндөсө, Нарында ызгаар —18 градуска жетет.