Бишкек — Ош каттамына авиабилеттер арзандайт. Бирок бир шарт менен…

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезентация "Боинг 737-800" с надписью Bubusara ("Бубусара") на носовой части лайнера
Презентация Боинг 737-800 с надписью Bubusara (Бубусара) на носовой части лайнера - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт менен түзүлгөн келишимдерге ылайык “Air Manas”, “Avia Traffic Company” жана “TezJet” авиакомпаниялары ички катамдарга билеттердин наркын төмөндөтмөй болду

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Бир катар авиакомпаниялар аба ырайы өзгөргөн учурда Бишкек — Ош — Бишкек багыты боюнча билеттердин баасын төмөндөтөт. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Анда өкмөт менен түзүлгөн келишимдерге ылайык “Air Manas”, “Avia Traffic Company” жана “TezJet” авиакомпаниялары Бишкек — Ош — Бишкек багыты боюнча билеттердин наркын төмөндөтүү тууралуу чечим кабыл алышканы айтылат. 

Карты атып түшүрүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек — Ош жолундагы кар көчкү атып түшүрүлөт
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан аба ырайынын кескин өзгөрүшү боюнча шашылыш билдирүү жарыяланса, өлкөнүн ички каттамына авиабилеттердин 2700 сомдук наркы кадимки баалардан 27 пайызга төмөн сатылат. Мындай учурларда Төө-Ашууда жана Бишкек — Ош унаа жолунун башка катаал участкаларында транспортко чектөө киргизилет. Тийиштүү түрдө, бул мезгилде жарандар жеңилдетилген шарттарда транспорттун альтернативдүү түрүнөн, авиакомпаниялардын тейлөөсүнөн пайдалана алышат. Шашылыш билдирүү алынып салынган соң, кайра мурда бекитилген баасында сатылмакчы. 

Белгилесек, 11-январда, өкмөт башчы Сапар Исаков Транспорт жана жолдор министрлигине атамекендик авиакомпаниялар менен биргеликте кышкысын ички авиакаттамдарга карата бааны төмөндөтүү маселесин иштеп чыгууну тапшырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0