Кытайлык олигархтын көңүлүн таба албай... Бишкектеги нике агенттигине кимдер кайрылат

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүАк көйнөк кийген кыздар. Архив
Ак көйнөк кийген кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Араб шейхи кыргызстандык сулууга арзыганы, бишкектик мырзалардын кесипкөй жуучунун кызматынан көп пайдалана баштаганы туурасында Sputnik Кыргызстандын окурмандары үчүн нике агенттигинин директору Роза Иманалиева айтып берди.

Миллионердин жүрөгүнөн түнөк табуу үчүн кыргызстандык бийкеч кандай болушу керек, бишкектиктер нике агенттигинен кантип түгөй табышат? Бул суроолорго Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Светлана Федотова жооп издеди.

© Sputnik / Табылды КадырбековНике агенттигинин директору Роза Иманалиева: азыр кардарлардын көбү жаш жигиттер. Жашоо ыкчам ыргак алгандыктан эркектер таанышууга убакыт таба албай калышты. Айрымдары көңүл ачуучу жайларда бирөөгө назар таштоодон тартынышат. Ошондуктан, бизге келишет
Директор брачного агентства Роза Иманалиева - Sputnik Кыргызстан
Нике агенттигинин директору Роза Иманалиева: азыр кардарлардын көбү жаш жигиттер. Жашоо ыкчам ыргак алгандыктан эркектер таанышууга убакыт таба албай калышты. Айрымдары көңүл ачуучу жайларда бирөөгө назар таштоодон тартынышат. Ошондуктан, бизге келишет

— Нике агенттигине кыздар көп кайрылабы же жигиттерби?

— Азыр кардарлардын көбү жаш жигиттер. Жашоо ыкчам ыргак алгандыктан эркектер таанышууга убакыт таба албай калышты. Айрымдары көңүл ачуучу жайларда бирөөгө назар таштоодон тартынышат. Ошондуктан, бизге келишет.

Көпчүлүк мырзалардын үй-бүлө куруу үмүтү менен кайрылганы кубандырат. Негизинен бутуна бекем туруп калган, бир гана өз очогун жандыра элек жигиттер. Алар бизге келип издеп жүргөн бийкечти сүрөттөшөт. Биз ага бир нече вариантты тандайбыз, ар бир кыз менен кардар жеке жолугуп чыгат.

— Кытайлык миллионер Бишкектен жар издеп жатканы тууралуу жарыяңыздарды социалдык медиадан окугам… Таптыбы?

— Бизге бир-эки сапар Кытайдан ишкерлер кайрылган. Биринчи кардар 40, дагы бири 50дөн ашкан куракта болчу.

Кыргызстандык алып баруучу Рахат Божокоеванын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Суктанып гана кала бердик... Тоок жылында турмушка узаган атактуу бийкечтер
Алар биздин тарбиядагы, бирок славян кебетелүү кызды жолуктурууну самашкан. Ал убакта экөө тең биз көрсөткөн талапкерлерди жактырышкан жок. 20-28 жаштын ортосундагы, моделдей болгон кыздарды издешкен. Бирок бул чет элдиктердин бизге биринчи ирет кайрылганы эмес.

Араб шейхи Кыргызстанда иш негиздеп жатканда тааныштары аркылуу биздин агенттикке кайрылган.  Өз мекенинде – Сауд Арабияда бир нече жубайы бар экен, бирок Кыргызстанда иш баштап, бизнес жүргүзүүгө ниеттенгендиктен, Бишкекте да үй-бүлө күткүсү келген. Анын талаптары боюнча көңүлүнө төп келген жар таап бердик. Алар жолугуп, ири-бирин жактырышыптыр. Азыр түгөйлөр мусулмандык никеде бактылуу жашап жатышат.

— Шейх кандай аял издеди эле?

— Славян кебетелүү кыз болсун деген талап коюп, 20-27 жаштагы жаш колукту издеген. Ошондой эле сулуулугу боюнча да талаптары бар эле. Узун бойлуу, келбеттүү кыздарга артыкчылык берген. Жогорку билимдүү, тил билген, тамак жасай алган, тазалыкты кармаган кыз болушу керек экенин айткан.

— Колукту үчүнчү жубай болорун укканда эмне деди?

— Андай даражадагы адамдардын дүйнө таанымы бөлөкчөрөөк. Ал үчүн биринчи, экинчи жары менен ажырашуунун мааниси жок эле, анын дүйнөсү көпчүлүк көнгөн турмуштан көп жагынан айырмаланат. Кыз да үчүнчү аял болууга каршы чыккан жок. Күйөө болчу адам бардык аялдарын камсыз кылып, ар бирине жетиштүү убакыт бөлүүгө жөндөмдүү экен. Алар өз ара сүйлөшүп, шарттарын макулдашып алышыптыр.

— Эми кыздарга өтсөк… Сиздерге кандай бийкечтер кайрылып, кандай күйөө издешет?

Модель и управляющая отелем Жамиля Асангулова - Sputnik Кыргызстан
Тизелегенине карабай баш тарттым. Бишкектик модель кыздын сыры
— Көп кыздар эмне каалап жатканын биле беришпейт. Кыздар бай, ийгиликтүү, көрүнүктүү мырзаларды издешет. Кээде кыздардын сүйүүнү, үй-бүлөнү эмес,  аларды бага турган "капчыкты" издегени таңгалдырат.

Негизинен 26 жаштан өйдө курактагы кыздар кайрылат. Бардыгына дайым бир суроону берем. Өмүрүндө бирөө ага арзуу арнаган-арнабаганын билгим келет. Алар бул сезимге муктаж эмес экендиктерин көп укчу болдум. Баары эле интим менен акчаны самашат.

Соңку кардарлардын бирин мисалга келтирейин, ал сөзсүз батирлүү жана машинелүү күйөө таап беришибизди суранды. Башка талапкерлерди карагысы да келген жок. Орточо кеңсе кызматкери эле, өзү деле ортозаар инсан.

© Sputnik / Табылды КадырбековНике агенттигинин директору Роза Иманалиева: аялдарга караганда эркектердин үй-бүлө курууга көбүрөөк умталганын байкап жүрөм. Айрым аялдар бизди эркектин уруктарын таратчу жай катары көрүшөт өңдөнөт. "Өздөрү үчүн" бала төрөп алууну каалашат
Директор брачного агентства Роза Иманалиева - Sputnik Кыргызстан
Нике агенттигинин директору Роза Иманалиева: аялдарга караганда эркектердин үй-бүлө курууга көбүрөөк умталганын байкап жүрөм. Айрым аялдар бизди эркектин уруктарын таратчу жай катары көрүшөт өңдөнөт. "Өздөрү үчүн" бала төрөп алууну каалашат

Дагы бир өзгөчө түрү – акча боюнча көйгөйү жок кыз-келиндер. Булар үстүндө үйү, айдаган унаасы бар, айына 20-40 миң сомго чейин тапкан орто статистикалык көрсөткүчтөгү аялдар. Андайлар аз жерден эле эшигимди тээп кирбейт. Өздөрүнө ашынган ишеним менен келишет. Алардын өз алын карабай, асманды самаганы мага түшүнүксүз. Бул кыялкеч жандар аларды алаканга салып бага тургандай бир укмуш, ийгиликтүү ишкерге турмушка чыгууну самашат. Ал эми турмушта аларга кызыккандар аз…

Предприниматель Джамиля Турдакунова - Sputnik Кыргызстан
Акчам бир батирге араң баткан. Бишкектик ишкер айымдын кинодогудай баяны
Ошондуктан өмүр шеригин тандоого киришерден оболу кардарларды психолог менен сырдашууга чакырабыз. Бул колуктулардын эмнени каалаганын так билип, көңүл ээсин табууга болгон талаптарын тактап алышы үчүн керек нерсе. Анан да аларга биздеги 30 жаштагы миллионерлерди бардык аялзаттарына жеткирүү мүмкүн эместигин түшүндүрүүгө тийишпиз.

Кыздарга ишке ашпай турган нерселерди убада кыла албайбыз, калптын бети бир күнү ачылат, андыктан, кадыр-баркыбызды түшүргүбүз келбейт. Дал ошондуктан адистердин башкы милдеттеринин бири — кардар кыз кандай күйөө издеп жатканын аныктап алышына жардам берүү.

Аялдарга караганда эркектердин үй-бүлө курууга көбүрөөк умталганын байкап жүрөм. Айрым аялдар бизди эркектин уруктарын таратчу жай катары көрүшөт өңдөнөт. "Өздөрү үчүн" бала төрөп алууну каалашат.

— Ал эми мырзалар кандай аялдарды издешет?

— Мында да баары тегиз эмес, көпчүлүгү үй-бүлө куту, жакшынакай жар табууну көздөшөт. Боорукер, акылдуу жана камкор аялзаты болсо дешет.

Бирок аялдар сымал  алар да кыялдарга жетеленет. Маселен, айрым кардар жигиттер деле өз каалоолорунда чаташат. Укмуш аялга айланып кете турган, кыңк этпеген жубайды самашат. Бирок мындай жибектей созулган кыздар чанда кездешет эмеспи.

Кыргызский певец Омурбек Жанышов (Омар) - Sputnik Кыргызстан
Омар: кыялымдагы кызды алты жыл кезиктире албай жүрдүм
Өткөндө бизге 40 жаштагы, бою 162 сантиметр болгон киши келди. "Модель кебетелүү, мүмкүн болсо 18-22 жашка чейинки кыз болсо" дейт. Психолог менен бир нече жол сүйлөштү.  Акыры, асманды самап жаткандыгына  көзү жетип, ынанды.

Андыктан, психолог баарына керек. Мен эч убакта кардарларымды сынга алгым жок, ар бир кишинин кыялданууга акысы бар. Тек гана адамдар чама-чаркына карабай, баарына дароо ээлик кылгысы келерин байкап жүрөм.

— Нике агенттигинде кардарга кантип түгөй издейсиздер?

— Биринчи биздин кардар сайттагы анкетаны толтуруусу зарыл. Андан соң биз аларды кеңсебизге чакырып, эмнени каалаарын, кулк-мүнөзүн, ички дүйнөсүн билип, кандай түгөй издеп жатканын аныктайбыз. Бардык маалыматтар купуя болуп, адистин базасында сакталат. Андан кийин талаптарды эске алуу менен талапкерлерди тандайбыз, эгер 80 пайызга ылайык келсе, түгөйлөрдү бири-бири менен таанышууга чакырабыз.

Мурда нике агенттигин бай жолдош таап берчү жай катары көрүшчү. Азыркыга дейре ушундай пикирди карманган аялдар бар.

© Sputnik / Табылды КадырбековНике агенттигинин директору Роза Иманалиева: аялдардын адепки вазийпасына кайрылсак, кыздарга жакшы тарбия берүү менен гана накта ыймандуу жигиттердин муунуна, татынакай айымдарга жана бекем, туура түзүлгөн үй-бүлөгө ээ болобуз
Директор брачного агентства Роза Иманалиева - Sputnik Кыргызстан
Нике агенттигинин директору Роза Иманалиева: аялдардын адепки вазийпасына кайрылсак, кыздарга жакшы тарбия берүү менен гана накта ыймандуу жигиттердин муунуна, татынакай айымдарга жана бекем, туура түзүлгөн үй-бүлөгө ээ болобуз

Түгөй издеген адамдар менен иштешип келебиз. Бизде төмөн аң-сезимдүү муун өсүп чыкканын көп байкачу болдум. Баалуулуктардын баасын билбегендик үй-бүлөнүн урашына алып келет. Адамдын угуту же аң-сезиминен көз каранды болбогон тарбия анын турмушунда эбегейсиз роль ойнойт. Кээде өлкөбүздө асылзат айымдар институту жоктугуна кейип кетем. Эгер тарбиялуу аялдар болсо, тарбия көргөн эркектер төрөлөт.

Аялдардын адепки вазийпасына кайрылсак, кыздарга жакшы тарбия берүү менен гана накта ыймандуу жигиттердин муунуна, татынакай айымдарга жана бекем, туура түзүлгөн үй-бүлөгө ээ болобуз.

— Эмнеден улам нике агенттигин ачуу демилгеси чыкты, бул канчалык кирешелүү иш?

Всемирный фестиваль эпосов народов мира в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Келин келди ак шөкүлө жамынып... Келин алууда эмнелерди эске алуу керек
— Таптакыр башка тармакта эмгектенчүмүн. Бажы кызматында иштегем, ал эми адамдарды тааныштыруу адаты кичинекей эрмегим болчу. Пенсияга чыккандан тарта бул ишти колго алдым.

Себеби, өспүрүм кезден түгөйлөрдү табыштырар элем. Адамдар мүнөздөрү боюнча бири-бирине ылайык келет, бирок экөө тааныш эмес. Аларды бир жерге чакыруу милдети гана калат, андан кийин эч кандай сыйкырдын зарылчылыгы жок. Мурдагы жеке тажрыйбама таянуу менен коомдо ийгиликтүү иштеп кеткен бул долбоорду баштадык.

Бул ишти каржы менен өлчөй албайм, агенттик менен алек болуудан көп киреше таба албайсың, ошондуктан башка багыттарда да өзүмдү өнүктүрүп келем.

Жаңылыктар түрмөгү
0