Омар: кыялымдагы кызды алты жыл кезиктире албай жүрдүм

© Фото / Эржан КадырбековКыргызский певец Омурбек Жанышов (Омар)
Кыргызский певец Омурбек Жанышов (Омар) - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Негизи 23 жашымда үйлөнсөм дечүмүн, бирок кыялымдагы кызды кезиктире албагандыктан 29га чыкканда үй-бүлө куруу насип этиптир. Бул — бүгүнкү каармандын маек учурунда айткан сөздөрү.

Жакында эле Казакстандын Алматы шаарында өткөн Silk Way Star  (Жибек жолунун жылдыздары) эл аралык сынагында өлкөнүн желегин көктө желбиретип келген ырчы Омар Жанышов Sputnik Кыргызстан агенттигинде конокто болду. Өнөр ээси менен журналист Эламан Карымшаков маектешти.

— Silk Way Star музыкалык сынагында тогуз мамлекеттин ырчылары ат салышты. Маегибизди алгач ушул сынак тууралуу баштасак. Кыргызстандын атынан кантип тандалып калдыңыз?

— Бул конкурска август айында уюштуруучулар тарабынан чакыруу түшкөн. Алар долбоордун рейтинги өсүшү үчүн атайын анализ жүргүзүп өз өлкөсүндө популярдуу ырчыларды тандашыптыр. Бул учурда мага үч тандоо бир келди. Тагыраагы, күздө тойлордо иштесемби, шайлоодогу үгүт иштерине катышсамбы же сынакка барсамбы деп ойлонуп калдым. Анан атамдан кеңеш сурасам сынакка барышымды туура көрдү. Ошентип сентябрдан ноябрь айына чейин конкурска катышып жүрдүм. Сынакка Кыргызстандын атынан Эл артисти Гүлнур Сатылганова барып калыстык кылды. Бул да мага дем берип жатты.

© Sputnik / Табылды КадырбековБашында баары кызыктуу болуп жаткан. Бирок конкурс аяктаган сайын атаандаштар арасында интрига күчөй баштады. Мен алардын чыр-чатактарына кошулбай, алыс болгонго аракет кылдым.
Кыргызский певец Омурбек Жанышов (Омар) - Sputnik Кыргызстан
Башында баары кызыктуу болуп жаткан. Бирок конкурс аяктаган сайын атаандаштар арасында интрига күчөй баштады. Мен алардын чыр-чатактарына кошулбай, алыс болгонго аракет кылдым.

— Үч ай бою Алматыда болдуңузбу?

— Негизи башка катышуучулар башынан-аягына чейин жүрүштү. Бизге Алматы жакын болгондуктан тыныгуу учурунда бир-эки күнгө келип-кетип жаттым.

— Атаандаштарыңыздын баары эле күчтүү экени байкалып турду. Алардын арасынан суурулуп чыгуу жеңил болбосо керек?

— Ооба, башка конкурстардан айырмаланып бул жолу ар бир өлкөнүн популярдуу ырчылары катышты. Кээде күчтүүлөрдүн арасындагы жарыш лотерея оюнундай болуп калат экен. Башында татарстандык кыз алдыда бара жаткан. Бирок ал акыркы турлардын биринде ырынын сөзүн унутуп коюп аз упай алып калды. Ошондо мен алдыга чыгып кеттим. Анткени жаңы ырды жаттоого эки күн эле убакыт берилген. Мен өлкөнүн атынан барып жаткандыктан өзүмдү болушунча жакшы алып жүрүүгө аракет кылдым.

— Негизги атаандашыңыз ким болду?

Атам мага ишенген эмес! Галкинди таң калтырган Албанали төгүлүп-чачылып маек берди - Sputnik Кыргызстан
Атам мага ишенген эмес! Галкинди таң калтырган Албанали төгүлүп-чачылып маек берди
— Чындыгында баары аябай күчтү экен. Ар ким өзүнүн бийлегени, харизмасы, сахнадагы манерасы менен өзгөчөлөнүп жатты. Татарстандык Малика жана казакстандык Айкын үчөөбүз катуу тирештик. Жыйынтыгында Айкын экинчи, Малика үчүнчү орунду алды. Ал эми жеңиш мага буюруптур.

— Эл аралык сынактарга катышуу өлкөнүн желегин желбиретүүдөн сырткары, ырчынын өзүнө атактуулуктун дагы бир толкунун алып келсе керек…

— Мурда ошондой болчу, азыр андай деле эмес. Себеби Кыргызстанда конкурсу жок эле популярдуу болгон ырчылар бар. Мисалы мен курактуу Мирбек Атабеков, Нурлан Насип сыяктуу ырчылар жеке чыгармачылыгы менен эле калктын калың катмарына тааныла алышты. Ал эми сынактарга катышуу ырчынын өлкө алдындагы милдеттеринин бирин аткарганы деп билем.

— Сынактар атактуулук алып келбей калганына эмне себеп болушу мүмкүн?

— Интернеттин тийгизген кандайдыр бир таасири… Анын үстүнө ырчылар дагы көбөйдү, ким каякка барып келгенин эл билбей деле калды окшойт. Тurkvision сыяктуу ири сынактар көзгө урунушу мүмкүн. Ал эми Silk Way Star быйыл биринчи жолу өттү. Бирок бюджети чоң долбоор экен. Сынак тогуз өлкөнүн улуттук каналдарынан көрсөтүлүп жатты.

— Тыйындын эки бети болот эмеспи. Сахна артында кандай окуялар болуп жатты?

— Башында баары кызыктуу болуп жаткан. Бирок конкурс аяктаган сайын интрига күчөй баштады. Мен алардын чыр-чатактарына кошулбай, алыс болгонго аракет кылдым. Эң кызыгы, уткан статуэткамды унутуп кетиптирмин. Мейманканага барганда эстеп кайра келдим. Анан кыргызча көбүрөөк ырдаганга аракет кылдым. Орус тилинде маек берүүнү суранышканда, казак эли кыргызча түшүнөт да деп кыргыз тилинде сүйлөп жаттым. Ошондой эле Кайрат Нуртас менен ырдаганда өзүмдүн куплетимди кыргызчага которуп аткардым. Акыркы эфирде улуттук аспап комуздун коштоосунда ырдагым келип Элмирбек Иманалиевдин калемине таандык "Булбулум" чыгармасын аткардым. Ал эми гала концертте Мирбек Атабековду конокко чакырып дует ырдадык. Ал жакында эфирден көрсөтүлөт. Биз ары-бери каттап жаткан маалда кыргыз-казак чек арасы жабылып калды. Ортодогу саясий кырдаал таасир береби деген кооптонуулар да болду. Бирок казак туугандар "саясат өйдө-төмөн боло берет. Маданият адамдары эч качан урушпашыбыз керек" деген жылуу мамилеси аябай кубантты. Сахнага чыкканда дагы "бир тууганыбыз" деп катуу колдоп жатышты.

© Фото / Миргул ЭсеналиеваСынакта орус тилинде маек берүүнү суранышканда, казак эли кыргызча түшүнөт да деп кыргыз тилинде сүйлөп жаттым. Ошондой эле Кайрат Нуртас менен ырдаганда өзүмдүн куплетимди кыргызчага которуп аткардым.
Кыргызский певец Омурбек Жанышов (Омар) - Sputnik Кыргызстан
Сынакта орус тилинде маек берүүнү суранышканда, казак эли кыргызча түшүнөт да деп кыргыз тилинде сүйлөп жаттым. Ошондой эле Кайрат Нуртас менен ырдаганда өзүмдүн куплетимди кыргызчага которуп аткардым.

— Чек арада кармалып калган учурлар болгон жокпу?

— Жок, биз көбүнчө түнү өтүп жаттык. Чек арадан эч кандай маселе жаралган жок. Анан Алматыда жүргөндө да "баары жакшы болот, камсанаба" деп өздөрүн ыңгайсыз сезгендей болуп жатышты.

— Мындан кийин да сынактарга катышуу планыңыз барбы?

— Негизи эле сынактын түйшүгү аябай оор. Мында үч ай жүргөнгөбү, айтор, конкурстарга жакшы эле тоюп калдым. Эми фестивалдарга чакыруу болсо конок катары эле барсам керек. "Жаңы толкун" сынагынан 10 жыл өткөндөн кийин ушул конкурска катыштым.

© Фото / Эржан КадырбековЖубайым учурда студент, келечекте дарыгер болот. Экөөбүз сегиз ай сүйлөшүп жүрүп баш коштук.
Кыргызский певец Омурбек Жанышов (Омар) - Sputnik Кыргызстан
Жубайым учурда студент, келечекте дарыгер болот. Экөөбүз сегиз ай сүйлөшүп жүрүп баш коштук.

— Бул жыл жеке жашооңуз менен чыгармачылыгыңыз үчүн жемиштүү болду. Жакында эле үй-бүлө очогун курдуңуз. Бойдокчулук менен үй-бүлөлүү эркектин айырмасы кандай экен?

— "Үйлөнгөн кандай экен" деп сурагандар көп болуп жатат. Негизи мен  үй-бүлөнү эрте курууга ниет кылып, 23 жашымды эле үйлөнсөм дегем, кийин 25ге чыгайын деп жүрдүм. Анткен менен 29 жашымда үйлөнүү насип этиптир.

— Келинчегиңиз менен тааныштыра кетсеңиз, канча убакыт сүйлөштүңүз?

— Жубайымдын аты Диана, 21 жашта. Учурда студент, келечекте дарыгер болот. Дагы көп окуйт экен (күлүп). Студенттердин майрамдык кечесине ырдаганы барып байкап калгам. Бир көрүп жактырып калгандыктан телефон номерин алып алгам. Жалпы жонунан сегиз ай сүйлөштүк. Анын бир айын аскердик кызматта, үч айын конкурста өткөрдүм. Августта ата-энем менен тааныштырып тойго даярдыктарды баштаганбыз.

© Sputnik / Табылды КадырбековТоюбузда Тайланд, Дубай жана Европага эс алууга жолдомо алганбыз. Андыктан жаңы жылдык каникулду ошол жактарда өткөрөлү деп жатабыз.
Кыргызский певец Омурбек Жанышов (Омар) - Sputnik Кыргызстан
Тоюбузда Тайланд, Дубай жана Европага эс алууга жолдомо алганбыз. Андыктан жаңы жылдык каникулду ошол жактарда өткөрөлү деп жатабыз.

— Ал жаш болсо, өмүрлүк жар болууга макулдугун алуу кыйынга турган жокпу?

Белгилүү актер Болот Тентимишов - Sputnik Кыргызстан
Актер Болот Тентимишов: театрда жүрсөң көмүскөдө кала бергидейсиң
— Түнкү саат 12ден кийин туулган күнүмдү тосууга Диананы чакырсам, "ата-энем чыгарбайт" деп койгон. Анын эртеси жолугуп колун суроону пландап жаткам (негизи ага чейин эле тойду белгилеп койгонбуз баары бир кыздарга романтика жагат да). Анан досторум менен кафеге кирип келсем Диана менеджерим Миргүл экөө мага сюрприз даярдап отурушуптур. Шакек жанымда болчу, ага да сюрприз болсун деп ошол жерде колун сурадым.

— Жаңы жылды кайдан тосоюн деп жатасыз?

— Күздө иштей албай калдык. Эми жаңы жылга чейин иш менен алек болобуз го. Ал эми майрамды үй-бүлөбүз менен тособуз. Тоюбузда бир тууган эжем менен жездем Тайландга, досторум Дубайга, тоюбузду өткөргөн ресторан жетекчилиги Европага эс алууга жолдомо беришкен. Андыктан жаңы жылдык каникулду ошол жактарда өткөрөйүн деп жатабыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0