Жамиля Турдакунованын баскан жолу туурасында жакшы бир голливуд тасмасын тартууга болот. Өзү фрунзелик карапайым кыз болуп чоңойгон, атасынан эрте калат. Апасы жалгыз тарбиялап өстүрөт. Наристенин ишкердик шыгы катылып жатканын агезде ким билсин.
— Алгачкы ишиңизди кантип баштадыңыз эле?
— СССР урагандан кийинки мезгил болчу. Анда биз "бизнес" эмне экенин билчү да эмеспиз. "Достук" мейманканасынын катардагы кызматкеримин. 26 жашка толгон кезим, турмушка эрте чыккам. Ошол маалда үч баланын энеси, эки жогорку билимдин ээси болуп калгам.
Жаңы "директор" болсом да шаар ичинде троллейбус менен жүрчүмүн. Бир күнү баратсам эле терезеден эмерек комбинаты көзгө урунду. Оюмда бир барып көрөйүн дедим! Эшик тоскондорго өзүмдү директормун деп тааныштырсам, дароо киргизишти. Чындыгында заводдун жетекчисине киргеним жок, ишке ылайык кийинген эмес элем. Андан көрө цехти кыдырып чыгайын дедим.
Жаныма бир жумушчу басып келип: "Сиз журналистсизби? Келиңиз, баарын көрсөтүп чыгайын" деп калды. Басма сөз өкүлү болуп амалданып заводду толук кыдырып чыктым. Агезде жумушчуларынын саны алдаканча аз экен, себеби, көптөн бери эмерек сатылбай, бардык кампалар толуп кетиптир. "Бул жерде эл жарым жылдан бери маяна бетин көрө элек. Эң туруктуу жумушчулар гана калды" деп түшүндүрдү жанагы кызматкер.
Ошол жердеги бардык жатак эмеректерди, стол, олтургучтардын баарын сатууну максат кылдым.
— Кантип? Акчаңыз, тажрыйбаңыз, эч кандай байланышыңыз жок туруп!..
— Чындап эле ошондой болчу. Заводдон чыгарым менен өзүм иштеген мейманканага барып, кардарларды иликтеп чыктым. Арасында Жар-Кайык (Нижние Челны – Татарстан – ред.) шаарындагы целлюлоза заводунун жетекчиси бар экен. Аны менен баарлашып көрсөм, ишканалар абдан көп болгондуктан, эл акчасын кайда батырарын билбей турганын айтты.
Жетекчиликти чогултту. Алар арсар болуп, көпкө кеңешишти. Анан арасынан бирөө: "Балким, колунан келет. Баары бир жумушчуларга айлык бере албай жатабыз, жакында салык да төлөш керек" деди. Ошентип менин пайдама чечим кабыл алынды.
Эмеректи сүрөткө тартып алып, Жар-Кайыкка сапар алдым. Целлюлоза заводун кыдырып, эмеректерди сунуштап жүрөм. Вагон-вагон товар эле, бирок Кудай жалгап, адамдар гарнитурду ашыга сатып алышты.
Вагондор ал калаага келип калганда баарын сатып үлгүрдүм. Эл жолдон эле сатып алып жатышты. Натыйжада, аябагандай чоң сумма таптым. Анча акчаны өмүрү көргөн эмесмин! Акча батирге араң-араң батты, кутулар шыпты тирей жыйылды.
Банктар андай акчаны которушпайт болчу, Кыргызстан да ошол маалда сомго өтүп калган. Рубль салынган кутуларды да үйгө алып келе албайт болчумун. Мени менен бир батир алган аял: "Өтө кооптуу, бизди бандиттер тоноп жүрбөсүн!" деп кыйсыпырга түштү.
Көзүмө бир жарыя урунуп калды, Нижнекамск шаарына жакын авто дөңгөлөктүн желим алкагын чыгарган завод бар экен. Болгон акчанын баарына ошондон сатып алып, Бишкекке жүктөп жөнөтүүнү чечтим.
Бирок 90-жылдарда эч бир сатып алуучу завод менен түздөн-түз сүйлөшө албайт эле. Татарстандык мафия — олуттуу балдар болчу, алар директорго эч кимди жөндөн-жөн киргизчү эмес. Товарды арзан баада алардан гана алууга мүмкүн эле.
— Анда да артка кетенчиктеген жоксуз…
— Ананчы. Фуфайка менен жоолук таптым. Почта бөлүмүнүн башчысы менен сүйлөшүп алып, каттарды заводго почточу катары өзүм алпармак болдум. Ошентип ишкананын аймагына кирдим.
Бишкекке учуп келдим. Эмерек комбинатынын директору: "Кайда жоголуп кеттиң? Акча кана?" деп калтырайт. Акчаны накталай алып келүү мүмкүн эместигин түшүндүрүп, дөңгөлөктүн жеңил алкактары келгенде аларды сатып, акчабызды аларыбызды айттым. "Акылыңдан айныган окшойсуң" деп ал башын мыкчыды.
Кандай болгон күндө деле башка аргабыз жок болчу, келген товарды кампаларга жыйдык. Ал убакта "Дордой" жаңыдан иштей баштаган, ал эми эл дөңгөлөктүн желим алкактарын кайдан сатып аларын билчү эмес. Бир жума ичинде баарын сатып бүттүк. Аябагандай көп киреше таптым.
Жар-Кайыктагы заводдор менен болгон байланышымдан улам өлкөгө бензовоз, КамАЗ, спирт ташуучу унааларды алып келе баштадым. Кийин биздин арак-шарап заводунда иштеп калдым. Дээрлик 20 пайыз акциясына ээлик кылчумун.
— Ийгиликтериңизди үй-бүлөңүз кандай кабыл алды?
— Мени аябай колдоду. Күйөөм канча акча таап жатканымды билгенде: "Сенин колуңдан келет, иштей бер, өнүп-өс. Мен сенин жаныңдамын" деген.
Эмнегедир агезде менде коркуу деген жок эле. Бүтүндөй Россия боюнча, атургай, карта аяктаган шаарларда да арак саттым. Олчойгон акча менен жүрчүмүн, бир жолкусунда учактын жүк салгычы менен миң доллар жөнөткөн элем, аны уурдаткам.
— Оштогу заводдо кандайча иштеп калдыңыз?
Албетте, жамаат мени кабыл албай коет деп чочулагам. Бирок жылуу кабыл алышты. Биз абдан ынтымактуу жамаат болдук. Ишкана казынага ал убактын ченеми менен абдан көп салык төлөчү. Ал жакта иштеген үч жыл аралыгында биз 99 дүкөн ачтык.
Иш мындай болду: өз дүкөнүндө арак саткысы келгендер бизге кайрылышты. Алардын дүкөнүн алар сата турган өндүрүмдөрдүн эсебине заводдун балансына киргизүүнү сунуштадык. Ыкма иштеп кетти.
Баары жакшы нукта уланып жаткан. Бирок күндөрдүн биринде кампалардын жанынан өтүп баратып, миңдеген литр арак көрдүм. Селейе түштүм. "Мен энемин да. Үч балам бар, алардын чоңойгонун көрбөй, арак сатып жүрөм" дедим ичимден.
Жамаатты чогултуп, иштен кетеримди айттым. Ага дейре бул кызматты эч ким өз ыктыяры менен таштап кетпептир. Баары таң калышты, бирок абдан жылуу узатышты.
— Бишкекке кайтканыңызда кайра ишке баш-отуңуз менен кирдиңизби?
— Жок, ойлонушум керек эле, ойлорумду топтошум зарыл болчу. Көп окуй баштадым. Эмне менен алек болсом деп баш катыра баштадым. Кыргызстандан тыш көп иштегендиктен, бажы жана транспорттук маселелерди жакшы билчүмүн. Дал ушул тармакта багыт алууну чечтим.
Адегенде бул багыттын күңгөй-тескейин үйрөнөйүн дедим. Кырдаалды изилдөө үчүн Екатеринбургга жөнөдүм. Ал жакта биздин алып-сатарларга ("челнокторго") жардамдаштым.
Көйгөй абдан көп эле, адамдар жарым-жартылай мыйзамдуу иштешчү, аткезчилик гүлдөп турган. Жүктөр көп конфискацияланчу. Губернаторлор, Россия бийлигинин өкүлдөрү менен жолуктум. Аларга биздин мигранттардын мыйзамдарды билбегендигин, бажы органдары аларды кабардар кылышы керектигин айтып түшүндүрдүм. Алардын жүгүн тартып алуунун ордуна айып пул гана салууга эмнеге болбосун дедим.
Кыргызстанда мындай жок болчу. Ушул багытта чыйыр салууну колго алдык, бажы кодексине бажы брокерлер институтун түзүү тууралуу өзгөртүүлөрдү киргиздик. 2002-жылы мындай кызмат көрсөткөн ишканалардын алгачкы карлыгачы биздин компания болду.
— Өкүндүргөн жагдай барбы?
— Компанияны аябай кеч ачканыма кейийм. Жакында ишканабыздын 15 жылдыгын белгиледик. Бул багытты эртелеп изилдей баштасам, жашы андан да жогору болмок… Эмне менен алектенсеңиз, сөзсүз ал тармак боюнча дайым көптү окуп туруңуздар деп жалпыга кеңеш берер элем. Ар күнү жаңы иш ачып турууга тийишсиздер.
Кызматкерлерге дайым көңүл буруңуздар. Кадрларды окутуу маселесине абдан тыкыр карайм. Менде иштеп кеткен балдардын көбү азыр ири ишканаларда жетекчилик кызматтарды ээлешет. Эгер адам өсүүнү кааласа, аны кармабайм. Улам жаңы окуучу таап, кайра баарын башынан баштайм.
— Бизнесте аялдардын кандайдыр артыкчылыгы болобу?
— Бул чөйрөдө эч ким эч кимди эркелетпейт. Бизнесте аял-эркек деген жок, келишим гана бар. Балким, мага аялга таандык нерселерден ички туюм көбүнесе көмөкчү болор. Адамдардын ичи-тышын сезе алам. Эгер бир нерсе кооптондурса, иштешүүдөн баш тартам.
Бир ирет бизге Москвадан бир ишкер келди. Мен, анан дагы бир маанилүү киши менен жолугушууну суранды. Макул болдук, ал жарым саат кечигип келди. Алдын ала кабарлаган да жок. Ар нерседен кеп салып, сый олтурдук, бизнестен сөз козгободук. Эртеси күнү: "Биздин иштерден эмне кеп?" деп телефон чалат. Эч тайсалдабастан: "Биздин кандай ишибиз болсун? Жарым саатка кечиктиңиз, кабарлап да койгон жоксуз. Демек, дайым ушундай болот да. Мындан кийин ортобузда кайсы иш жүрсүн?" – дедим.
— Тээ 90-жылдары эмнеге тизгинди өзүңүз колго алгансыз? Миңдеген үй-бүлөлүү аялдардай агым менен "акпадыңыз"?
— Бул туурасында ойлонгом. Жолдошум башка тармакта – жылкы менен алектенет. Ансыз бир нерсеге жетишер белем, күмөн. Бул сонун киши үйдө башкы орунда. Жолдошумдун сөзү меникинен маанилүү.
Беш баланын энесимин. Ишкер айым катарында да эмес, мен көбүрөөк эне катары өз ордумду таптым деп санайм. Мыкты балдарым бар: кызым балдар онкологиясында психолог, уулум — архитектор, дагы бири үй-бүлө курду. Небере кызымдын скрипкада ойногонун уксаңар… Тим эле укмуш!
— Беш жылдан кийин кайсы багытты багындырар элеңиз?
— Муну мен так билем, башкаларга да пландоону сунуштайм. Беш жылдан кийин бүтүндөй бакчага айлантуу үчүн быйыл 500 көчөт тигем. Дагы бир неберелүү болгум келет. Аны өзүм тарбиялайм деп жатам. Тилекке каршы, неберелериме көп убакыт бөлө албай келем, эми дагы бир неберелүү болсом, колдон түшүрбөй багам. Атургай алар менен келишим да түзөм! Жакшы таене, чоң эне болууну аябай самайм.
Бизнес багытында – ишканабызды эл аралык деңгээлге чыгаргым келет. Азыркы чакта Өзбекстан менен иш алпарабыз. Саясий өзгөрүүлөрдөн улам биздин кызматташтык да жакшы өңүт алып барат.
Жакында мага "Евразиялык мамлекеттер биримдигинин ардактуу жараны" орденин тагышты. Бул мени көп нерсеге милдеттендирет.
Ал эми саясатка баргым жок. Депутат да, президент да болгум келбейт. Эне, чоң эне, таене болгон андан артык. Аял болуунун эле өзү кандай керемет!