Келинди элибиз жөн эле алып кирип үйгө отургузуп койбостон босогодон аттагандан кызмат кыла баштаганга чейин өз ырымдарын жасаган. Дал ушул келин алуудагы жөрөлгөлөр тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине этнопедагог Абдыкерим Муратов жана кыргыз тилчи мугалим Жыпар Миңбаева айтып берди.
Босогодон көшөгөгө чейин
Көшөгөдөгү жашоо
Келин көпчүлүк учурда көшөгөдө үч күн отурат. Айрым жерлерде эки жаштын никеси келин алган күнү эле кыйылса, түндүк аймактарда экинчи күнү кыйылат. Нике кыюуга үй ээлери, жаштардын жоро-жолдоштору, жеңелери күбө болот. Бир-эки күн болсо да алар кызын башка бүлөгө көндүрүп, кеп-кеңешин айтып, нике кыйылган күнү эртеси конок болуп узашат. Ошентип, эки-үч күн өтүп келген коноктун аягы сууй баштаганда жаңы бүлө көшөгөдөн чыгып кызмат кыла баштайт.
Келин келгенде сөзсүз жасалчу каадалар
Элден бата алып мал союлат (эчки, тоок сыяктуу жандыктар союлбайт, жок дегенде кой, козу союлат)
Нан жасалып, дасторкон даярдалат;
Көшөгө тартылат;
Ак жоолук салынат;
Нике кыйылат;
Өкүл ата, өкүл апа дайындалат.
"Чач өрүү"… Айрым аймактарда жасалган каадалар
Түштүк тарапта "кемпир өлдү" деген жөрөлгө бар, анда келин келе жатканда бир аял "өлүп", эшикти тосуп туруп алат, аны үйлөнүп жаткан баланын жоро-жолдоштору жолдугун кылып, акча тыйын ыроолоп тургузушат.