11:38 24 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8230
  • EUR77.6292
  • RUB1.0944
Кыргызский силач, баатыр Каба уулу Кожомкул

Кылымда бир жаралчу алп балбан Каба уулу Кожомкул тууралуу 9 факты

© ФОТО / ЦЕНТРАЛЬНЫЙ ГОСУДАРСТВЕННЫЙ АРХИВ КИНОФОТОФОНОДОКУМЕНТОВ КР
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (307)
523671

Бүгүн такталбаган маалыматтарга караганда кыргыздын атактуу балбаны Каба уулу Кожомкулдун туулган күнү

Көпчүлүк борбордогу спорт сарайындагы ат көтөргөн алп кишини көрүп, анын ким экенин билгендер көп чыгар. Бирок ал кишинин тарых-таржымалын билгендер аз болсо керек.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги тарыхта алп балбан Кожомкул тууралуу 9 факты сунуштайт.

1. Каба уулу Кожомкулдун туулган жылы боюнча так маалымат жок. Кээ бир эскерүүлөрдө 1888-жыл, айрымдарында 1889-жыл деп айтылат. Кыргызстандын саясий документтер архивинде Чүй облусунунун Суусамыр өрөөнүндөгү Кең-Суу кыштоосунда 1889-жылы туулгандыгы белгиленет. Ал эми жарыкка келген датасы интернет тармагында 1-январь деп берилип жүрөт.

Кыргызский силач, баатыр Каба уулу Кожомкул. Архивное фото
© ФОТО / ЦЕНТРАЛЬНЫЙ ГОСУДАРСТВЕННЫЙ АРХИВ КИНОФОТОФОНОДОКУМЕНТОВ КР
Кожомкул убагында мен-мен деген балбандар менен күч сынашып, далайын жер караткан

2. Балбандардын үй-бүлөсүнөн чыккан. Кожомкулдун атасы Каба саяк уруусунан чыккан балбан болгон. Эл оозунда Кабанын Жоо-Жүрөк жайлоосунда арыктын боюндагы салмагы 1 тонна 274 килограммдык ташты тээп жылдырган эрдиги айтылып келет. Ал мал чарбачылыгынан тышкары эр сайыш, күрөш, эңишке түшүп оокат кылчу. Кожомкулдун энеси Алмадай да өз мезгилинин эр сайышка түшүп жүргөн аялдарынан болгон. Кожомкул жаш кезинен атасына кой кайтарышып тим болбостон, балбандык өнөрдү да үйрөнүүгө жетишкен. Бирок тагдырдын буйругу менен Кожомкул иниси Мокотай менен эрте жетим калат. Күнүмдүк оокат үчүн байларга жалданып, кой кайтарып, чөбүн чаап оокат кылууга туура келет.

3. Кожомкулдун балбандыгы бала чагында эле байкалган. 15 жашында күрөшкө чыгып, 45 жаштагы дасыккан балбанды жыккан. 16 жашынан баштап айылда аны күч жагынан бир да теңтушу жеңе албай, балбан атала баштайт. Кожомкул убагында мен-мен деген балбандар менен күч сынашып, далайын жер караткан.

Кыргызский силач, баатыр Каба уулу Кожомкул. Архивное фото
© ФОТО / ЦЕНТРАЛЬНЫЙ ГОСУДАРСТВЕННЫЙ АРХИВ КИНОФОТОФОНОДОКУМЕНТОВ КР
1940-жыл. Балбан Кожомкул жана уулдары Амантай жана Муктар

4. Каба уулу Кожомкул – кыргыз элинин сейрек кездешкен айтылуу балбаны. Ал болуп-турган убагында бою – 236 сантиметр, салмагы – 164 килограмм болгон. Бут кийиминин өлчөмү – 52, колунун баш бармагынын калыңдыгы 4 сантиметр, алаканынын узундугу 26 сантиметр экен. Кожомкул аны көтөрүп жүрө ала турган эки гана ат минген деп айтылат.

5. Тарыхты таң калтырган жагдайлар. Күчкө толуп турган убагында салмагы 400 килограмм өгүздү жаракадан сууруп алган. Ал эми Чүйдөн Суусамырга бара жаткан жолдо аты баспай калып, Төө-Ашуудан атын көтөрүп өткөн.

Кожомкулдун көтөргөн, жылдырган, кулаткан таштары Суусамыр, Байрак, Жоо-Жүрөк, Кең-Суу жайлоолорунда, Кетмен-Төбө өрөөндөрүндө бар.

22 жашында Суусамырдын Арамза деген төрүндө бийиктиги 1 метр 60 сантиметр, туурасы 1 метр 89 сантиметр ташты көтөрүп, жерге күч менен уруп киргизген. Салмагы 680 килограмм бул ташты эл "Кожомкулдун ташы" деп билет.

1906-жылы көтөргөн ташынын узундугу 1 метр 57 сантиметр, туурасы 1 метр 7 сантиметр болгон. Бул таш 1965-жылы ченелген. Ал эми 1924-жылы көтөргөн ташын Дене тарбия институтунун студенти Нургүл Эламиева 1961-жылы ченеген. Анын узуну 1 метр 47 сантиметр, туурасы 2 метр 3 сантиметр болгон. Ошондой эле дагы бир ташты Кожомкул айылындагы Чаргымбайдын күмбөзүнүн жанына ат мамы болсун деп орноткон. Анын салмагы 690 килограмм болгон.

Бирок ошончолук баатыр болсо да, эл аралык мелдештерге катышып, тарыхта чемпион спортчу катары атын калган эмес.

Кыргызский силач, баатыр Каба уулу Кожомкул. Архивное фото
© ФОТО / ЦЕНТРАЛЬНЫЙ ГОСУДАРСТВЕННЫЙ АРХИВ КИНОФОТОФОНОДОКУМЕНТОВ КР
Кожомкул Аймончок деген кызга үйлөнгөн. Алымбек, Турумбек, Амантай, Муктар аттуу уулдары жана Нуржамал деген кызы болгон

6. Кожомкул спортту гана аркалабастан, коомдук иштер менен да алектенген. Суусамыр кедейлер комитетинин төрагасы (1921-1929), Кара-Балта райондук жер бөлүмүнүн башчысы (1930), Суусамыр, Кайырма, Көкөмерен айылдык кеңешинин аткаруу комитеттеринде төрагалык кызматтарда иштеген. Кожомкул да массалык репрессиянын курмандыктарынын бирине айланып кала жаздаган. Бирок ишинен эч кандай кынтык таба албай, партиянын мүчөлүгүндө калтырышкан. 1948-жылы пенсияга чыгып, өмүрүнүн аягына чейин "Жеңиш" колхозунда жылкы фермасынын башчысынын милдетин аткарган.

7. Кожомкул Аймончок деген кызга үйлөнгөн. Алымбек, Турумбек, Амантай, Муктар аттуу уулдары жана Нуржамал деген кызы болгон. Анын Алымбек жана Турумбек деген уулдары оорунун айынан бир күндө чарчап калышкан. Кожомкулдун ошол балдарынан үмүтү чоң болгон дешет. Алар 5-6 жашында торпокту көтөрүп ойношчу экен. Аларга көз тийген деп айтылат. Ал эми кийинки балдары Муктар менен Амантай алптыгы менен айырмаланбаган катардагы эле балдардан болуп чоңоюшкан. Ошондуктан "мүмкүн мен баатыр кызга үйлөнсөм, балдарымдын баары ата-бабаларымдын жолун жолдомоктур" деп айтып калчу дешет.

Балбан Кожомкул Каба уулу 1955-жылы 67 жаш курагында өмүрдөн өткөн.

8. Борбордогу Спорт ордосу алп балбандын атын алган. 1962-жылдан тартып борбор калаабызда эркин күрөш боюнча Кожомкулдун элесине арналган эл аралык мелдеш өткөрүлүп келет. Ал эми 1993-жылы Бишкектеги Ленин атындагы Спорт ордосун Каба уулу Кожомкулдун атына которуу жөнүндө мыйзам чыккан.

Города мира. Бишкек
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
2004-жылы 14-декабрда борбордогу Спорт сарайына алп балбан Каба уулу Кожомкулдун ысымы берилген

9. Эстелик тууралуу. Бишкектеги Спорт ордосунун алдында жайгашкан эстеликти "Кожомкул" фондусунун жана "Байтур" корпорациясынын президенти Тынчтыкбек Конушбаев 2004-жылы 14-декабрда тургуздурган. Эстеликтин архитектору Сергей Байназаров болсо, скульптору – Базарбек Сыдыков. Бийиктиги – 14 метр, салмагы – 3 тонна. Ал Казакстандын Жезказганынан алып келинген жезден жасалган. Эстеликти жасап тургузууга баш-аягы 3,5 миллион сом жумшалган.

Айрым маалыматтар интернеттеги ачык булактардан алынды.

Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (307)

Тема боюнча

Кара жаак акын Аалы Туткучев тууралуу кызыктуу 9 факты
Ак сөөктөрдүн оюну менен таанылган Каныбек Сагынбаев тууралуу 5 факты
Белгилер:
балбан, күрөш, алп адам, баатыр, Каба уулу Кожомкул

ЭҢ МААНИЛҮҮ