Атасыз өткөн балалык. Каныбек Осмоналиев 1953-жылы 19-ноябрда Чүй облусунун Кемин районундагы Бейшеке айылында жарык дүйнөгө келген. Бир жарым жашында атасы жол кырсыгынан каза таап, апасы беш бала менен калган. Анын балалыгы уй саап, камыр жууруп, талаада иштеп, айтор, мээнет менен өткөн.
Табылга штангист. Болочоктогу чемпиондун мектепти аяктагандан соң шаарда окуйм деген максаты деле болгон эмес. Ошондо атасы менен бир тууган агасы апасы менен кеңешип Каныбекти шаарга билим алууга жиберет. Осмоналиев Кыргыз мамлекеттик университетине келип тарых факультетине тапшырган. Студент кезинде салмагы 42 киллограм, бою 1 метр 48 сантиметр болгон жаш жигит 70 килограммдык штанганы ийинине коюп бир нече жолу көтөрүп машыктыруучу Семен Иткиндин көзүнө илинип калат. Ошентип 17 жашынан баштап оор атлетика менен машыгып, 20 жашында Кыргызстандын чемпиону болгон.
Америкалыктар суктанган чемпион. Осмоналиев 30 жашында чоң спорттон кеткен. Ал 13 жылда дүйнөнүн төрт, Европанын эки жолку чемпиону болуп, 1980-жылы Москвада өткөн Олимпиадада 52 киллограм салмактагылар арасында алтын тагынган. Андан сырткары, бир топ эл аралык мелдештерде жеңүүчү аталган. Дүйнөнү багындырган кезинде Америкага чакыртылып, бирок мекенин сүйгөн уул ага макул болгон эмес.
Талыкпаган устат. Спортсмен 1983-жылдан тарта азыркыга чейин машыктыруучулук менен алектенип, жаштарды тарбиялап тажрыйба бөлүшүп келет. Учурда ал борбор калаадагы спорттук мектептердин бирин жетектейт. Эң негизгиси ал 60тан өтүп калганына карабай эртең менен чуркап, көнүгүүлөрүн калтырбайт.
Неберелердин чоң ата-таятасы. "Даңк", "Манас" орденинин ээси Каныбек Осмоналиев жубайы Медеркан менен төрт уул, үч кызды тарбиялап өстүргөн. Алар учурда 20дай неберенин чоң ата-чоң энеси, таята-таяенеси болуп бактылуу өмүр сүрүүдө.