Баткенде кыздын ордуна эркек кишинин мумиясы көмүлгөнбү? Бүтпөгөн сөөк чыры

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүМумия. Архив
Мумия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
14-октябрда Баткен облусунун Кара-Булак айылындагы Мактым-Гөр деген жерге IV-V кылымдарга таандык делген мумия жерге берилген. Бул коомчулукта кайчы пикир жаратып, айрымдары анын көмүлүшүн туура деп эсептесе, кээ бири бул иш "илимди өлтүрдү" деп чыккан. Ал тургай мумия чырынан улам маданият министри Түгөлбай Казаков да креслосунан айрылган.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Баткен облусунун Кара-Булак айылындагы Мактым-Гөр деген жерине тарых музейиндеги кыз мумиянын ордуна эркек мумия көмүлгөн деген божомолу тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине жергиликтүү тарыхчы Мурзапар Үсөнов билдирди.

Үсөновдун айтымында, Мактым-Гөргө тарых музейиндеги 18 жаштагы кыздын эмес, Чүй өрөөнүнөн табылган эркек кишинин мумиясы алмаштырылып көмүлгөн.

"Мен Баткенде 18 жаштагы кыздын мумиясы казып алынганда да окуяга күбө болгом. Андан кийин Бишкекке окууга тапшырган кезимде борбордук музейден да аталган мумияны көргөм. Кыз мумиянын жүзү кичирээк эле. Ал эми жакында Баткенге көмүлгөн мумиянын мурду коңкойгон, бет түзүлүшү чоң эркек кишиникиндей экен. Мен кыздын мумиясын бир канча ирет көргөндүктөн ушундай пикирге келдим", — деди Үсөнов.

Тарых музейинин жетекчиси Анаркүл Исиралиева тарыхчынын сөзүн төгүнгө чыгарып, көмөөрдө ага көп киши күбө болгонун билдирди.

Мумия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мумия эмнеси менен баалуу эле? Нааразы археологдор, "боору ооруган" министр
"Маданият министрлиги тарабынан баалуу экспонатты көмүү боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлөөрдө археолог Асан Абетеков мумияны көрүп кеткен. Баткенге жөнөтөөрдө да аны министрликтин статс-катчысы Бакыт Секимов жана комиссиянын башка мүчөлөрү, мумияны алып кетип жаткандар да көрүшкөн. Мен "көргүлө, кийин да туура эмес маалыматтарды таратып, башканы көөмп койду дебесин" деп атайын баарына айткам", — деди Исиралиева.

Археолог Асан Абетеков Исиралиеванын айтканын тастыктап, чындап эле көмүлгөн мумия жаш кыздыкы экенин айтты.

"Мумия өспүрүм, жашы 15-17лер чамасындагы кыздын сөөгү болчу. Мен аны көмөөрдө да, казып алганда да көргөм. Антропологдор сөөктү бир катар белгилер менен аныктайт. Дал ошол аныктоодо мумия орто жашка да жете элек жаш кыздын сөөгү деп табылган. Бул боюнча ар ким ар кандай сөздөрдү айтып жатат, бирок мен өз көзүм менен Баткенге жөнөтөөрдө жаш кыздын мумиясын көргөм", — деди Абетеков.

Мумиянын кийинки тагдырын чечүү үчүн мындан бир ай мурун Жогорку Кеңештин депутаттарынан турган атайын комиссия түзүлгөн. Бирок аталган комиссия азыр аны казып алуу же көөмп коюу боюнча бир чечимге келе элек. Топтун мүчөсү Рыскелди Момбеков өкмөт менен маданият министрлигине "мумияны кайра казып алуу боюнча чара канчалык натыйжасын берет" деген кайрылуу жөнөтүлгөнүн билдирди.

Чачын жайып турган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тепкичтин ортосунда чачын жайып отурчу. Музейчилердин мумия тууралуу имиштери
"Улуттук коопсуздук кызматына мумияны казуу жергиликтүү элдин же ар кандай диний агымдардын нааразычылыгын жаратаар-жаратпасын иликтеп чыгуу тапшырмасы берилген. Негизи Маданият министрлиги кабыл алган чечим туура деп табылды. Себеби ал мумияны көмөөрдө атайын токтом долбоору даярдалып, ар бир министрлик кол коюп берип, бардык чаралар мыйзам чегинде болуптур да. Маданият министрлигине тийиштүү комиссия түзүүнү, ӨКМге сөөктү алып барууну өкмөттүн аппарат башчысы Нурханбек Момуналиев буйрук берген экен", — деди Момбеков.

Ал ошондой эле кыз мумиянын ордуна эркек мумиянын сөөгү көмүлгөн деген сөз чындыкка дал келбей турганын кошумчалап кетти.

"Андай болушу мүмкүн эмес. Себеби сөөктү бул жактан алып чыгып көмгөнгө чейин Улуттук коопсуздук кызматы, ИИМ, ӨКМ сыяктуу компетенттүү кызматтын өкүлдөрү коштоп барган. Ошонун баарын каратып туруп калп айтышмак беле", — деди эл өкүлү.

Эске салсак, мумия чырынан кийин маданият министри Түгөлбай Казаков ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ордуна Султан Жумагулов дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0