БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Медиа-эксперт Султан Жумагуловдун талапкерлиги Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жетекчилигине сунушталып, Жогорку Кеңеш тарабынан колдоого алынды.
Жумагуловду депутаттардын 84ү колдогон, каршы чыккандар болгон жок.
Султан Жумагулов буга чейин КР президентинин аппаратынын жетекчисинин кеңешчиси болуп эмгектенген.
Мыйзам боюнча министрликке талапкерлерди премьер-министр сунуштайт.
Буга чейинки маданият министри Түгөлбай Казаков өз ыктыяры менен кызматтан кеткен.