Тепкичтин ортосунда чачын жайып отурчу. Музейчилердин мумия тууралуу имиштери

Жазылуу
Музей кызматкерлери өздөрү ишенип-ишенбей, бирин-бирин тамашалап, коркутуп коюу үчүнбү, айтор, өз ара мумиянын кылган тентектиктери жөнүндө сөз кылып жүрүшөт. Бул имиштерге ишенбесек да, жака кармап таң калабыз.

Борбор калаадагы тарых музейинде 1960-жылдан бери турган мумия жакында Маданият министрлигинин чечими менен Баткен облусунун Кара-Булак айылындагы Мактым-Гөр деген жерге көмүлдү.

Тарыхый экспонат делген бул артефактынын жерге берилиши коомчулукта бир топ ызы-чуу жаратып, айрымдары анын жерге берилишин туура деп эсептесе, тарыхчы, археологдор мумияны кайра казып алуу талабын коюшууда.

Дал ушул мумия тууралуу коомчулукта ар түрдүү имиштер айтылып жүрөт. Алардын айрымдарын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине музейдин кароолчулары жана кызматкерлер баяндап берди.

Келме келтирген кароолчу, ары-бери чуркаган кыз

Захоронение мумии в Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
500 миң доллар. Мумияны сатып алам деп министрге ким кайрылган?
Музейде 5-6 жылдан бери кароолчу болуп иштеген Нурбек (аты өзгөртүлдү — ред.) мырза көбүнчө кечки нөөмөткө турчу. Түн кирип калганда имараттын ичинде кээде ар кандай үндөр, дабыштар чыгып, анан бир кыздын элеси ары-бери чуркап калганын көрчү экен.

"Биз бешинчи кабаттан түшүп келе жаткан тепкичтин түбүндө отурчубуз. Ал эми мумия үстүңкү кабатта айнекте сакталчу. Мен анын элесин бир-эки эле жолу чала көрдүм. Жаш кыз кудум кинодогудай шуулдап тепкичтен түшүп, кайра үстүнө көтөрүлүп кетчү. Башында корктум, бирок келме келтирип, белгисиз кыздын атына деп куран окуп койчумун. Кийинчерээк коркпой деле калдык, зыяны жок болчу", — деди кароолчу.

Нурбек мырза музейде учурда деле иштейт, бирок азыр ал жакта толугу менен ремонт иштери жүрүп жаткандыктан эч нерсе байкабай калганын кошумчалады.

Арча жыттанган мумия, жумушун которгон "Анархан"

Мумия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мумия эмнеси менен баалуу эле? Нааразы археологдор, "боору ооруган" министр
Венера (аты өзгөртүлгдү — ред.) айым алты жылдан бери музейдеги экспонаттарга көз салып, тазалап иштейт. Азыр да имаратта оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканына карабай экспонаттар убактылуу коюлган жер төлөгө келип, ал жакты желдетип кетет. Музей кызматкерин ошол жактан жолуктурдук. Мумия тууралуу сурасак, ага байланышкан окуялар көп болгонун баяндап берди.

"Биздин милдет — тарыхый экспонаттарды тазалап, жакшы кароо. Күндө келип аларды бир сыйра тазалайбыз. Анын ичинде мумия жаткан айнекти да сүртүп турчубуз. Мен айнекти сүртүп жатканда таптакыр аны карабаганга аракет кылчумун, айрыкча көз жагын. Кесиптештер да тазалап жатканда "башын көтөрүп мени карап тургандай сезиле берет" деп бат-баттан тазалашчу. Кызыгы, биз эртең менен келсек дайыма ошол мумия жаткан жак арча жыттанып калчу. Кечки нөөмөткө тургандардан "арча түтөттүңөрбү" деп сурасак, "жок" дешчү". Таң калчубуз", — деди Венера айым.

Ал ошондой эле мумия жаш кыз болгонун, өзү көрбөгөн менен кечки нөөмөткө тургандар дайыма айтып жүргөнүн эстеди.

Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаковдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Түгөлбай Казаков: тажадым! Мумияны изилдегиси келсе казып алышсын
"Кечинде нөөмөткө тургандар "тиги мумия кыз түнү менен уйку берген жок. Эки жакка чуркап эле чыкты. Бир убакта карасак тепкичтин ортосуна чачын ылдый кылып, башын салаңдатып отуруп алат, келме келтирип чыктык" деп айтып калышчу. Бизде иштеген Анархан деген айым мумиядан коркконунан жумушун которуп кеткен. Көрсө тиги кыз аны атынан "Анархан, Анархан" деп төрт-беш жолу чакырып айтыптыр. Ошондон кийин жумуштан кетип калды. Кыздын арбагы музейде жүргөндөй сезилчү. Бир жолу бир аял келип "түшүмө кирип жаткан ушул турбайбы. Мени "жерге бердир" деп жанымды койбой койду. Кыйнабай бул кызды көмгүлөчү" деп ыйлап кеткен", — деди музей кызматкери.

Кыздын элесин көрүүгө ашыккан күзөтчү

Тарых музейин кайтарган ИИМдин алдындагы күзөт кызматчыларынын бири Алмаз мумия жаш, сулуу кыз дегенинен аны дайыма көргүм келчү дейт.

"Бул жактагы байкелер "чачы узун, жашы 18дердеги кыз дайыма узун ак көйнөк кийип алып ортодогу тепкичтен түшөт" деп айтып калышчу. Кечкисин карап күтчүмүн, бирок менин көзүмө көрүнгөн жок", — деди Алмаз.

Учурда мамлекеттик тарых музейи толук бойдон реконструкцияланып жатат. Жетекчиликтин айтымында, ушул жылдын аягына чейин оңдоп-түзөө иштери бүтүп калат.

Жаңылыктар түрмөгү
0