https://sputnik.kg/20241226/1091093482.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаттары фамилия алууда кеңири тандоо укугун берүүнү сунуштап жатат. Тиешелүү мыйзам долбоорун Мирлан Самыйкожо менен Нурлан Шакиев... 26.12.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-12-26T13:00+0600
2024-12-26T13:00+0600
2024-12-26T13:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/1a/1091093350_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_3632bc9b9d19a3825ba70b58726c18c8.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаттары фамилия алууда кеңири тандоо укугун берүүнү сунуштап жатат. Тиешелүү мыйзам долбоорун Мирлан Самыйкожо менен Нурлан Шакиев демилгелеп, биринчи окууда колдоо тапты. Демилгечилер азыркы иштеп жаткан мыйзамдарда фамилия алуу үчүн чектелген сандагы варианттар бар экенин айтышууда. Мындан тышкары, кыргыз тилиндеги "тегин" деген сөз кеңири тарабаганы айтылып, анын мааниси башкача дагы болгону белгиленди. "Кыргыз тилиндеги "тегин" деген сөз кеңири белгилүү боло алган жок, себеби бул сөздүн мааниси кандайдыр бир нерсени же кимдир бирөөнү тануу дегенди түшүндүрөт. Элибиздеги "тегин жерден сөз болбойт" деген макалды кыргыз тилинен орус тилине которгондо "На пустом месте не возникает разговор" дегенди түшүндүрөт, ал эми "теги" деген сөз адам кайсы урууга таандык экенин көрсөтүп турат", — деп белгилешти демилгечилер. "Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири катары айткым келет, жаңы жылдан тарта мен Нурлан Тургунбекович Шакиев эмес, Нурлан Тургунбек уулу болом", — деди спикер.
Кыргызстанга жарым жылдык мөөнөткө кант ташып келүүгө убактылуу тыюу салуу каралууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, чектөө Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш кеңешинин сунушу менен дыйкандарды колдоо максатында киргизилүүдө. "Чечим 13-декабрда Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш кеңешинин отурумунда өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, анын ичинде айрым айыл чарба азыктарын импорттоого/экспорттоого тыюу салуу маселелерин талкуулаган жыйында кабыл алынган", — деп айтылган маалыматта.
Өлкөнүн сот приставдарына “Тулпар моторс” ишканасынан чыгарылган 54 даана жаңы “Шевроле Трекер” үлгүсүндөгү кызматтык унаа тапшырылды. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев, Бишкек шаарынын жана облустардын Сот приставдары кызматынын өздүк курамы катышты. Унаалардын ачкычын тапшыруу салтанатында Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев сөз сүйлөп, кызматтык унаалар сот приставдарына күнүмдүк кызматтык милдеттерин натыйжалуу жана так аткарууга жардам берет деп ишенерин айтты. Эскерте кетсек, жогоруда аталган унааларды сатып алуу үчүн мамлекеттик бюджеттин эсебинен 102 млн 898 миң сом бөлүнгөн.
Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова брифингде Киев башка мамлекеттерден компоненттерди албаса өз алдынча өзөктүк курал жасап чыга албай турганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды. "Киев режими бир нече апта ичинде өз алдынча өзөктүк курал жасап чыгара аларын айтууда, бул ишке ашпай турган нерсе", – деген ал суроого жооп берип жатып. Захарованын айтымында, Украинада өзөктүк куралды чыгаруу бир гана шартта, өлкө сырттан, башка мамлекеттерден керектүү компоненттерди алган учурда гана мүмкүн. "Негизи киевдик режим өзөктүк куралга жабышып албай жылытуу мезгилиндеги көйгөйлөрүн чечсе болмок, башкы орунда калкын үшүтпөө, курсагын тойгузуу турат эмеспи", – деп кошумчалаган ал.
Жогорку Кеңештин депутаттары фамилия алууда кеңири тандоо укугун берүүнү сунуштап жатат. Тиешелүү мыйзам долбоорун Мирлан Самыйкожо менен Нурлан Шакиев демилгелеп, биринчи окууда колдоо тапты. Демилгечилер азыркы иштеп жаткан мыйзамдарда фамилия алуу үчүн чектелген сандагы варианттар бар экенин айтышууда. Мындан тышкары, кыргыз тилиндеги "тегин" деген сөз кеңири тарабаганы айтылып, анын мааниси башкача дагы болгону белгиленди. "Кыргыз тилиндеги "тегин" деген сөз кеңири белгилүү боло алган жок, себеби бул сөздүн мааниси кандайдыр бир нерсени же кимдир бирөөнү тануу дегенди түшүндүрөт. Элибиздеги "тегин жерден сөз болбойт" деген макалды кыргыз тилинен орус тилине которгондо "На пустом месте не возникает разговор" дегенди түшүндүрөт, ал эми "теги" деген сөз адам кайсы урууга таандык экенин көрсөтүп турат", — деп белгилешти демилгечилер. "Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири катары айткым келет, жаңы жылдан тарта мен Нурлан Тургунбекович Шакиев эмес, Нурлан Тургунбек уулу болом", — деди спикер.Кыргызстанга жарым жылдык мөөнөткө кант ташып келүүгө убактылуу тыюу салуу каралууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, чектөө Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш кеңешинин сунушу менен дыйкандарды колдоо максатында киргизилүүдө. "Чечим 13-декабрда Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш кеңешинин отурумунда өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, анын ичинде айрым айыл чарба азыктарын импорттоого/экспорттоого тыюу салуу маселелерин талкуулаган жыйында кабыл алынган", — деп айтылган маалыматта. Өлкөнүн сот приставдарына “Тулпар моторс” ишканасынан чыгарылган 54 даана жаңы “Шевроле Трекер” үлгүсүндөгү кызматтык унаа тапшырылды. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев, Бишкек шаарынын жана облустардын Сот приставдары кызматынын өздүк курамы катышты. Унаалардын ачкычын тапшыруу салтанатында Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев сөз сүйлөп, кызматтык унаалар сот приставдарына күнүмдүк кызматтык милдеттерин натыйжалуу жана так аткарууга жардам берет деп ишенерин айтты. Эскерте кетсек, жогоруда аталган унааларды сатып алуу үчүн мамлекеттик бюджеттин эсебинен 102 млн 898 миң сом бөлүнгөн.Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова брифингде Киев башка мамлекеттерден компоненттерди албаса өз алдынча өзөктүк курал жасап чыга албай турганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды. "Киев режими бир нече апта ичинде өз алдынча өзөктүк курал жасап чыгара аларын айтууда, бул ишке ашпай турган нерсе", – деген ал суроого жооп берип жатып. Захарованын айтымында, Украинада өзөктүк куралды чыгаруу бир гана шартта, өлкө сырттан, башка мамлекеттерден керектүү компоненттерди алган учурда гана мүмкүн. "Негизи киевдик режим өзөктүк куралга жабышып албай жылытуу мезгилиндеги көйгөйлөрүн чечсе болмок, башкы орунда калкын үшүтпөө, курсагын тойгузуу турат эмеспи", – деп кошумчалаган ал.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0c/1a/1091093350_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_6c59dbc3095770fec75f1404c5c197c8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио