БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Тарых музейиндеги мумия кургап калбашы үчүн жерге көмүп салуу акылга сыйбас көрүнүш экендигин Sputnik Кыргызстан агенттигине Улуттук илимдер академиясынын (УИК) тарых жана маданий баалуулуктар институтунун кызматкери Бакыт Аманбаева билдирди.
Эске салсак, өткөн жуманын аягында 1960-жылдардан бери борбордук тарых музейинде сакталып келген аял кишинин мумиясы Баткен облусунун Кара-Булак айылындагы Мактым-Гөр деген жерге көмүлгөн.
Ал эми Маданият министрлиги бул кадамга аргасыздан барганын, аны көмүү — кургап кетүүдөн сактоонун бирден-бир жолу экенин айткан.
Мумиянын тагдырын ким чечти?
Маалыматка караганда, баалуу экспонаттын тагдырын чечүү үчүн 12-октябрь күнү ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны болуп өткөн.
Анын курамына ИИМдин, УКМКнын, Улуттук илимдер академиясынын, Маданият министрлигинин, Тарых музейинин кызматкерлери жана археологдор кирген.
Мумиянын баалуулугу эмнеде?
"Кыргызстанда антропологдор жана мумияны генетикалык деңгээлде изилдей турган адистер жок. Анткени бизде бир гана мумия болгондуктан, андай адистердин зарылдыгы болгон эмес. Бирок акыркы учурларда башка жактарда илим, техника катуу өнүгүп ондогон кылымдар мурда табылган мумиялардын ДНКсы аркылуу ким экенин, кандай оорулар менен ооруганын, атургай келбети кандай болгонун дагы аныктап жатышат. Азыр болбосо дагы жакынкы он жылдыкта өзүбүз же чет элдик адистердин жардамы менен иликтеп чыкмакпыз. Бул аркылуу бир топ ачылыштар жасалмак", — деди окумуштуу.
Ошондой эле Ташбаева Мамалекеттик тарых музейинин жетекчилигине нааразычылыгын жашырган жок. Ал мекеменин азыркы жетекчилиги мумияны гана эмес, ал жактагы башка экспонаттарды сактап калууга кызыкдар эместигин айтат.
"Мумия сыяктуу экспонаттарды өз музейинде сактап калуу үчүн музей директору болгон күч аракетин жумшашы керек болчу. Буларда андай кызыкчылык жоктой сезилет. Бир эле мисал келтирсем, 2007-жылы комиссия түзүлүп, Тарых музейинин фондун текшергенбиз. Ошондо музейдеги бир топ материалдар жок болуп чыккан. Ошол эле учурда биз казак туугандардан "силердин музейдеги материалдарды бизге алып келип сатышат" дегендерин уккам. Бул боюнча канча жолу кат жазып Маданият министрлигине кайрылдым, жооп болгон эмес", — деп кейиди Ташбаева.
Мумияны сактоого көп каражат кеткенби?
Маданият министрлигинен билдиришкенине караганда, мумия сакталып калышы үчүн аны бальзамдап туруу зарыл эле. Акыркы жолу ал 90-жылдардын аягында мындай процедурадан өткөн. Болгондо да ага Советтер союзу учурунда Эрмитаждан келген адистин калтырып кеткен химиялык каражаттары колдонулган.
"Учурда бул процедураларды аткаруучу адистер жана шарт дагы жок болгондуктан, мумия кургап бараткан. Аны сактап калуу үчүн атайын вакуум керек", — деп айтылат билдирүүдө.
Ал эми окумуштуу Ташбаева буга каршы пикирин билдирди. Ал мумияга атайын вакуум зарыл болгону менен эч кандай бальзамдоонун кереги жок экенин белгиледи.
Буга чейин кантип сакталган?
Артефактты бир калыпта сактоо үчүн музей кызматкерлери колунан келген аракеттерин кылган деген пикирин Тарых музейинин директору Анаркүл Исираилова билдирди.
"Мумия кургап кетпеши үчүн жайкысын банкага суу куюп, алдына тизип койчубуз. Кышкысын болсо мрамор имараттын ичиндеги сууктан нымдашып, көгөрбөсүн деп алысыраак жерге жылыткыч сайчубуз", — деди жетекчи.
Ошондой эле Исираилова өз дарегине "эптеп эле мумиядан кутулгусу келген" деген дооматтарды четке кагып, ал Маданият министрлигинин буйругун гана аткарганын билдирди.
Мумиянын жер алдында чирибей сакталышы мүмкүнбү?
"Бул чоң жаңылыштык. Ал жер алдында жаткан кезде климаттык шарттар башка болчу. Эми ошол бойдон сакталып турат деп эч ким кепилдик бере албайт. Бул материал толугу менен тиешелүү деңгээлде изилдене элек болчу", — деди окумуштуу.
Кайра казып алып изилдөөгө болобу?
Мумияны изилдегиси келген археолог жана илимпоздор үчүн тарых музейинде анын чачы жана терисинин бир бөлүгү калтырылган.
"Азыр илим үчүн ошол эле жетиштүү. Ал эми казып изилдейбиз дегендер Баткенден барып иликтей беришсин. Мен да тажап кеттим. Мейли мени атып салышсын же камап салышсын бирок мен өзүмдүн чечимимди туура деп эсептейм", — деди министр Түгөлбай Казаков.
Ал ошондой эле кыргызда "Султан сөөгүн кордобойт" деген сөз бар экенин айтып, аны кордобой жерге берген туура экенин белгиледи/