00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ачык кеп
Хирургиянын малоинвазивдик методдор
15:05
43 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
6 мин
Особый акцент
Роль Глобального Севера в современном мире — беседа с экспертами
14:07
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Билим берүү мекемелеринде акча чогулткандарга айып салынат — бул жол менен көйгөйдү толук токтотуу мүмкүнбү?
15:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Структура личности
Как приобрести собственное жилье в ипотеку – самое важное об условиях ГИК
16:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Кыргызстандын азык-түлүк индустриясын ирилештирип, ЕАЭБ рыногун ээлөө мүмкүнчүлүгү жогору
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
В Кыргызстане хотят запретить ряд опасных пестицидов: какие альтернативы есть у фермеров?
18:07
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Коомдогу жан дүйнө кемтиги эмнеден улам пайда болот?
19:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
По следам истории
Исторические связи кыргызов и калмыков в эпосе “Манас”
20:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Билим берүү мекемелеринде акча чогулткандарга айып салынат — бул жол менен көйгөйдү толук токтотуу мүмкүнбү?
21:04
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Жогорку Кеңеште Бишкектеги ыштан улам бакчаларда балдарды эшикке чыгарбоо сунушу түштү. Депутат Айсулуу Мамашова учурда шаардагы абанын сапаты бөлмөнү желдетүүгө тыюу салынган деңгээлге жеткендигин айтты. "Бишкектеги экологиялык абал калктын ден соолугуна катуу зыян алып келген кырдаалга жетип калды. Экология министрлиги кандай чара көрүп жатат? Өзүбүз кыйналып, дем ала албай жатабыз, анан балдар кандай болот?" — деди эл өкүлү. Мамашова Экология министрлигинин шалаакылыгынан шаардыктар жабыркап жатканын белгиледи. Ал эми министрликтин өкүлү абал өтө коркунучтуу эместигин, ведомство иштеп жатканын айтты. Министрлик буга чейин Бишкектеги абанын сапатын өлчөөчү датчиктер туура эмес иштеп жатканын кабарлаган.
Быйыл курулуш тармагына лицензия берүүдөн бюджетке 70 миллион сом түштү. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев билдирди. Анын айтымында, лицензия берүү жөнөкөйлөштүрүлүп, талап кылынуучу документтердин саны 23төн 6га чейин кыскарган. "Лицензиялардын мамлекеттик төлөмдөрү мурда 1000 сом болсо, азыр 150 миң сомдон 1,5 миллион сомго чейин көтөрүлдү. Бул өзгөртүүлөр коррупциялык элементтерди жоюп, 2024-жылы бюджетке 70 миллион сом түшүшүнө шарт түздү. 2023-жылы болгону 520 миң сом түшкөн. Ошондой эле мамлекеттик жөнгө салуу күчөтүлүп, 2023-жылы эки лицензия токтотулса, 2024-жылы 609 лицензия токтотулду", — деди Орунтаев. Ошондой эле ал жаңы жылдан тарта лицензия кагаз түрүндө берилбесин айтып, иш толугу менен электрондук вариантка өтөрүн кошумчалады.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин жарлыгына ылайык, II даражадагы "Достык" ордени менен сыйланды. Муниципалитеттен билдиришкендей, мэр мындай жогорку сыйлыкка Кыргызстан менен Казакстандын борборлорунун ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө ар тараптуу көмөк көрсөткөндүгү үчүн татыды. Сыйлыкты Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев тапшырды. Өз сөзүндө элчи Айбек Жунушалиевдин Бишкек менен Астананын ортосундагы достук байланыштарды чыңдоого жана өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон зор салымын белгиледи. Айбек Жунушалиев сыйлыкты алып жатып, жогору ишеним үчүн ыраазычылык билдирди.
Казакстандын Актау шаарына жакын жерде кыйраган учакта алдын ала маалыматтар боюнча, Кыргызстандын үч жараны болгон. Бул тууралуу Казакстандын Транспорт министрлиги билдирди. Ал эми Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул маалыматты тактоодо. Бортто, мындан тышкары, Азербайжандын 37, Казакстандын алты жана Россиянын 16 жараны болгон. Соңку маалыматтар боюнча, 25 адам аман калып, ооруканага жеткирилген. Азербайжандын президенти Илхам Алиев Россиядагы КМШ саммитинен Бакуга кайтканы кабарланды. Бүгүн Казакстандын Актау шаарына жакын жерде Бакудан Грозныйга учуп бараткан учак кулады. ЖМКлардын маалыматына караганда, самолет кулаганга чейин авариялык конууну суранган.
Жаңылыктар түрмөгү
0