00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
On air
08:04
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
2 мин
Будь в курсе
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Кыргызстан көчмөн цивилизациясынын мураскору боло алабы?
09:02
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Тема дня
Документы, хроника и обвиняемые - историк о Нюрнбергском процессе и его уроках для современности
10:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 11:00
11:00
4 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Баш оору: себептери, алдын алуу жана дарылоо жолдору кандай?
11:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
9 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
10 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Кыргызстанда интернетке порнографиялык видео, сүрөт жана башка материалдарды тараткандарга айып пул салуу каралууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун 26 депутат иштеп чыккан. Демилгечилердин айтымында, учурда Кылмыш-жаза кодексине жана "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" мыйзамга ылайык, порнографиялык мүнөздөгү материалдарды өндүрүүгө, ташып келүүгө жана жайылтууга тыюу салынат. Бирок интернеттеги контентти көзөмөлдөө боюнча тиешелүү мыйзамдардын жоктугу бул тармакта жоопкерчиликти камсыздоого мүмкүнчүлүк бербей жатат. Натыйжада интернет көзөмөлдөнбөй, сайттар менен соцтармактагы баракчалардын ээлери туура эмес контентти ээн-эркин жайылтышууда. Бул коомдун адеп-ахлагын начарлатып, аялдарды жана жашы жете электерди сексуалдык эксплуатациялоого түрткү болууда. Мыйзам долбоору интернет аркылуу порнографиялык контентти жайылтууга каршы жоопкерчиликти киргизүүнү сунуштайт. Бул Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 109-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу ишке ашырылат. Ага ылайык, айып пулдун өлчөмү жеке жактарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 28 миң сомду түзөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишканалары быйыл 113 млн сом пайда менен чыкты. Бул тууралуу түз эфирде маек куруп жатып өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди. Анын айтымында, 2020-жылдан тарта министрликтин карамагындагы ишканалардын өндүрүштүк курулуш системасы жандандырылып, жигердүү иштей баштаган. “Мисалы токтоп калган Жалал-Абад, Баткен курулуш мекемелерин жандандырдык. Авиацияны жандандырдык. Анын натыйжасында биз карыздардан кутулдук. 2021-жылы 8 млн сом, 2022-жылы 36 млн сом, 2023-жылы 74 млн сом, ал эми 2024-жылы биздин ишканалар мамлекетке көмөк көрсөткөндөн сырткары 113 млн сом киреше менен чыгышты”, - деди министр.
Бишкекте эки автоунаа кагышып, айдоочулары каза болду. Бул тууралуу ШИИББ билдирди. 26-декабрга караган түнү саат 02:00 чамасында 36 жаштагы А.А. KIA K5 үлгүсүндөгү автоунаасы менен Щербаков көчөсүндө каршы тилкеде келе жаткан Mercedes-Benz машинасы менен кагышкан. Экинчи унаанын рулунда 35 жаштагы Э.Д. болгон."Кырсыктын кесепетинен эки айдоочу тең оор жаракат алып каза тапты. Ал эми үч жүргүнчү Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды", — деп айтылат маалыматта. Аталган факт Бишкек ШИИББге катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Россия Украина жаңжалын жөнгө салуу боюнча АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын администрациясы менен консультацияларга даяр. Бул тууралуу РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров маалымат жыйында билдирди. Дипломат Ак үй чыр-чатактын түпкү себебин акыры түшүнөрүнө үмүт арткан."Трамп мырзанын администрациясы, анын ичинде Келлог мырза да (Украина боюнча атайын өкүл — ред.), жаңжалдын түпкү себебине көңүл бурат деп катуу ишенем. Биз консультацияларга дайым даярбыз", — деди Лавров. Министр муну менен бирге Украина менен элдешүү азыр ишке ашпай турганын, Россия үчүн артка кайткыс макулдашуулар зарыл экенин белгилеген. "Боло турган макулдашууларда алардын бузулушуна жол бербей турган механизмдер камтылышы керек", — деген Лавров.
Жаңылыктар түрмөгү
0