00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
14:55
5 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
17:04
42 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ачык кеп
2024-жыл “Элдик Банк” үчүн тарыхый бурулуштуу жыл болду
21:05
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
2025-жылы эң аз дегенде дагы 100 жаңы индустриялык долбоор ишке киргизилиши шарт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, минкаб жетекчиси аппараттык кеңешме өткөргөн. Анда Касымалиев III Элдик курултайда президент Садыр Жапаров тарабынан коюлган тапшырмаларды көзөмөлгө алып, кынтыксыз жана сапаттуу аткаруу керектигин, Курултайдын катчылыгы делегаттар тарабынан көтөрүлгөн ар бир суроо-талапты талдап, атайын план түзүүнү тапшырган.Ошондой эле өлкө ИДПсын 2025-жылга 1,8 триллионго жеткирип, консолидацияланган бюджетти 700 миллиард сомдон ашыруу үчүн министрликтерге жана ведомстволорго тиешелүү тапшырмаларды берди.
Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттерде 9 айдын жыйынтыгы боюнча, ИДПнын өсүшүндө оң динамика сакталууда. Бул тууралуу ЕЭКтен билдиришти.Маалыматка ылайык, ИДП Арменияда 6 пайызга, Беларуста 4,5 пайызга, Казакстанда 4,1 пайызга, Кыргызстанда 8,4 пайызга, Россияда 4,2 пайызга өсүп, ЕАЭБдин жалпы ИДПсынын өсүү темпи 4,2 пайызга жогорулаган. "Биримдиктеги бардык мамлекеттердин экономикасынын өсүшүнүн негизги булактары болуп дүң жана чекене соода, кайра иштетүү өнөр жайы жана курулуш тармактары эсептелди. Арменияда кыймылсыз мүлк операцияларынын эсебинен да экономикалык өсүш болду. Беларусь жана Казакстанда айыл чарбасы чоң роль ойноду. Ал эми Кыргызстан менен Россиядагы өсүштө финансылык жана камсыздандыруу ишмердүүлүгү негизги факторлордун бири болду", — деп айтылат маалыматта. ЕЭК жыл жыйынтыгы менен уюмдун ИДПсынын 4,1 пайызга өсүшүн күтүп жатканы кошумчаланды.
Умбеталы Кыдыралиев Улуттук олимпиада комитетинин президенти болду. Бул тууралуу аталган комитеттен билдиришти.Маалыматка ылайык, бүгүн Улуттук олимпиада комитетинин кезектеги отчеттук-шайлоо конференциясы өткөн.Бокс федерациясынын президенти Умбеталы Кыдыралиев жалгыз талапкер болуп, ал олимпиадалык циклге комитеттин башчысы болуп шайланган.Буга чейин Улуттук олимпиада комитетинин президенти болуп иштеген Садыр Мамытов биринчи вице-президенттик кызматка дайындалды.
Мигранттардын балдары мектепте окушу үчүн орус тилинен тест тапшыруусу 2025-жылдын 1-апрелинде башталат. Бул туурасында Россиянын вице-премьери Дмитрий Чернышенконун айтканын РИА Новости жазды. "Азыр Рособрнадзор тесттен өткөрүү системасында методикалык материалдарды, баалоо критерийлерин даярдап жатат", — деген Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары. Чернышенконун айтымына караганда, Россияда жылына мигранттардын 155 миңге чукул балдары мектепке барат. Буга чейин Мамлекеттик Дума Россиядагы мектептерге мигранттардын орус тилин гана билген балдары кабыл алынат деген мыйзам чыгарган. Эми алар тилди билерин тесттен өтүп аныктап бериши керек.
Жаңылыктар түрмөгү
0