Күйөөмдүн экинчи аялы бар экенин билгенде... Келиндин каты

© AFP / GEOFFROY VAN DER HASSELTЖенщина с ребенком
Женщина с ребенком - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Психолог менен баарлашуу" рубрикасында Sputnik Кыргызстан жарандар кабылган кыйын абал жана анын каарына кантип туруштук берүү туурасында айтып берет.

Бүгүн жолдошу көзүнө чөп салган бишкектик келиндин анонимдик катын жарыялайбыз.

Турмушка эрте 17 жашымда чыктым. Баш кошкончо Амир эки жыл мени айланчыктап жүрдү. Эч нерседен кем кылчу эмес, ханышадай мамиле жасачу. Ал кезде бул эптеп менин башымды айландыруу аракети экендиги оюмда да жок эле. Баео жаным анын "махабаты" түшкө да кирбеген жомок сымал сезилчү.

Мутакалим прогрессивдүү коомдук бирикмесинин жетекчиси Жамал Фронтбек кызы Sputnik Кыргызстан агенттигинде болгон кереге кеңеш учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жамал Фронтбек кызы: өлкөдө экинчи-үчүнчү аял болгондордун саны 50 миңге жетет
Андан бери 18 жыл өттү. Азыр төрт баланы — үч кыз, бир уулду тарбиялайбыз. Үчүнчү кызымды төрөтканадан чыгарууга жолдошум абдан кыжырданып келди. Перзентибизди колуна алмак тургай, карап да койгон жок. Үйгө келгенибизде Амир "уул төрөбөсөң, "нормалдуу" бир кызга үйлөнүп алам, каалашымча уул төрөп берет" деп коркутту. Бул кыз же уул деп аял өзү чече албаган, менден көз каранды болбогон нерсе экенин түшүнгүсү да келген жок. Мага үйлөнө элек жатып, ала жипти аттаганын эске алып, чындап корктум. Экинчи аял алуу ага эч кандай машакат алып келбейт эле, абалы да жакшы, каражаты кенен, ал эми аң-сезиминин деңгээли төмөн.

Төрөттөн өзүмө келе электе эле кайрадан боюма бүтүрүүгө ашыктым. Үй-бүлөнү сактап калгым келди, уул төрөсөм үйдөгү көйгөйлөрдүн баары акыры токтойт деп кыялдандым. Азап экен. Өлкөнүн мыкты деген дарыгерлерине бармай, кытай календары менен эсептемей, кан ыкмасы, алдан тайдырган диеталар, бойго бүтүрүүчү сааттарды санамай… Эмне кыларымды билбей, акыры көзү ачык менен табыптарга чейин бара баштадым. Соңунда – бардык аракетимдин натыйжасында боюма бүттү. Күйөөмдү жоготуу коркунучунан УЗИден да өтүүгө батынбадым, кайра кыз болуп калсачы… Башка балдары тургай, экинчи аял деген ойдон эле акылымдан айнып каларымдай туюлчу.

2015-жылы июлда уулубуз төрөлдү. Жакындарым жана курбуларым Амир эми эсин жыят, ала жипти аттабай, мурдагыдай сени колго көтөрүп багат деп жооткотушту. Анын бири да болгон жок. Самап күткөн мураскорун төрөтканадан чыгарууга жолдошум колуна же гүлдесте, же шар көтөрбөстөн, анча жигери да жок келди. Анын мындай көңүлкош мамилеси мени катуу сындырды.

Нике кыйууга даярданып жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Токол алганы үчүн жазасын өтөп бүткөн эркек кайда барат. Юристтин түшүндүрмөсү
Эки жыл өттү. Жакында эле Амир экинчи аял алганын уктум. Менден он жаш кичүү кыз экен, балалуу болушуптур, күйөөмө уул төрөп берген экен. Муну баары, тууган-туушкан, кошуна-колоң, алтургай, бир тууган сиңдиме чейин билишчү экен. Ушуга чейин эч нерседен капарым жок, анан да кошуналар неге мынча мени аягандай карашат деп таңданып жүргөнүмчү! Жайында жолдошумдун ата-энеси экинчи келинине сөйкө салып, салт боюнча калың берип келишиптир.

Дин эрежелерине ылайык, эркек биринчи аялынын ыраазычылыгы менен гана экинчи аял алууга укуктуу. Бирок күйөөм динди өз ыңгайына жараша түшүнөт. Соңку жарым жылда дээрлик үйгө да келбей, ишин, иш сапарларды, досунукунда уйкусун кандырганын шылтоолочу. Кантип мындан деле шектенбегенимди билбейм…

Динчил адаммын, бирок Амир менен жаңы бүлөсүнүн бактылуу түшкөн сүрөт, тасмаларын капысынан көрүп калган күнү ызага чыдабай ичип алып, жуунучу жайда сууну ачкан боюнча уктап калыпмын. Жанымды кыйгым келген. Жүрөгү түшкөн балдарымдын кыйкырыгынан эсиме келдим. Кыздарым ийнимден силкий, бетиме чапкылап, чайынма жайынан мени чыгара албай жатышты. Кенжем эмне болуп жатканын түшүнбөдү, улуу кызым өпкө-өпкөсүнө батпай ыйлап жатты. Алардан чындыкты жашыра албадым. Балдарыма атасынын жаңы аялы жана жаңы төрөлгөн уулу бар экенин айттым.

Оорукананын коридорундагы кызы менен аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эки кызы менен ВИЧке кабылган келин: күйөөм бизди адам болбойт деп...
Амир ошол түнү үйгө келди, балдар чакырыптыр. Улуу кызым атасына экинчи аялын, баласын таштап келишин жалбарып, антпесе, үйдөн качып кетерин, эч качан кайтпасын айтыптыр. Жолдошум ага баары жакшы болорун убада кылып койгон экен. Ал жаңжалдан бери эки жума өттү. Амир дагы өз өмүрүмө кол салышымдан чочулап, бош убактысынын баарын биз менен өткөрүүгө аракет кылууда. Экөөбүздүн кезектеги урушубуздан улам улуу кызым бир жолу үйдөн качты. Картадан жасалган үй кандай бузуларын көрдүңүз беле? Дал ошол көрүнүшкө мен кабылдым.

Амирге экинчи аялы менен ажырашпаса, балдарымдын баарын алып андан кетеримди айтып, шарт койдум. Ал чыр салды, болгон сөгүнгөн сөздөрдү менин дарегиме "жолдоду", анын оюнда жеткен өзүмчүл, таптакыр адам да эмес экенмин. Экинчи аялынан ажыраша албасын, анткени андай күндө "сүйүктүү" уулу менен көрүшүүгө уруксат бербесин айтканында кайгыдан көзүм караңгылай түштү. Кантип эле ушундай болсун?! Кандай кыйынчылык тартып, баарына – кордолуп-басынганыма карабай, саламаттыгыма зыян келтиргениме карабай чыдап, ага баары бир уул төрөп бердим, бирок меники эмес, экинчи аялынан уулу ал үчүн артык экен. Эмнеге мага мындай мамиле жасалууда, мен эмнеден жаздым деген ой санаага салды. Жакшынакаймын, жашмын, күйөөмдүн дегенинен чыкпай, бир сөзүн эки кылбайм – жазыгым ушундабы?

Мындай ойлорума жооп кыла күйөөм жаш аялы болгону капысынан боюна бүтүп калганын билдирип, бул көрүнүштү этибарга албашымды суранды. Үйлөнбөсө, зордуктоо деп каматарын айтып ал кыз коркутканын кошумчалады. Көрсө, баары башкача экен. Алар төрт жылдан бери мамиле куруп, арзышып жүрүшүптүр. Жолдошумдун жакын досунан Амир экинчи аялынан белек-бечкегин аябай, эңсегенин эки дебей аткарып, болгон байлыгын аябай баласын бапестеп багып жатканын билип алдым. Мага жана балдарыма эч нерсе артпайт. Ортончу кызым атасынан жаңы кышкы куртка алып берүүсүн суранып келет, атасы "болгонун кийип тур, убакыт жок, акча жок" деп кутулууда.

Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалиловдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Чубак ажынын төшөк жаңыртышы. Токол маселеси кайрадан кызыл чеке түшүргөндө
Экинчи аял болуп турмушка чыккан кыз биринчи аялынын жүрүм-турумуна, күйөөсүнүн тандоосун сыйлабагандыгына кыжырданганы тууралуу макаланы окуп аны сабап салгым келди. Динге жамына "мыйзамдуу" түрдө башкага үйлөнгөн, анан эч нерсе болбогондой өз үйүнө келген эркектин биринчи аялынын абалын элестете аласыздарбы?

Азыр акырындап багынып келе жатам. Болор иш болду. Экинчи аялы менен эмне болсо да ажырашып, уулун биздин үйгө алып келишине жалбарып, көндүрүүгө аракет кылып жатам. Аны өз балдарымдан кем көрбөй багып алууга даярмын. Балада эмне айып?! Үй-бүлөнү сактап калыш үчүн гана күйөөмдүн эчен жолу көзүмө чөп салганын, секелек кызга үйлөнгөнүн, мага, балдарыма жасаган жаман мамилесин да унуткарам. Балким мени акылсыз, өзүмчүл деп эсептешер, бирок Амирди башка аял менен бөлүшкүм келбейт, биздин башка барар жерибиз да жок. Төрт балалуу аял кимге керек?..

Ильдар Акбутин, психолог

© Sputnik / Жоомарт УраимовПсихолог и инструктор по личной безопасности Ильдар Акбутин
Психолог и инструктор по личной безопасности Ильдар Акбутин - Sputnik Кыргызстан
Психолог и инструктор по личной безопасности Ильдар Акбутин
Айлаңыз түгөнүп, көңүлүңүз ооруганы катыңыздан таасын көрүнүп турат. Бардыгы толук чагылдырылгандыгы үчүн аны окуп чыгуу абдан татаал болду. Сиздин курмандыкка барганыңызды баалабаган адамга өмүрүңүздүн 18 жылын арнаганыңыз өкүндүрөт. Дал ушул өзүн курмандыкка чалуу маселеси тегин жерден үй-бүлөлүк мамилелер психологиясынын чордонун ээлебейт.

Башынан эле, жаңыдан баш кошкон кезиңизден тарта эле жолдошуңуз көзүңүзгө чөп салганын билипсиз. "Мен туура кылдымбы? Мени чындап сүйөбү?" деп коңгуроо кагар маалыңыз ошол эле. Сизди эмне токтотту? Болду-болбоду буга коркуу жана махабатыңыз таасир эткен. Булар эч эле айкалышпаган эки чек: күйөөмдү сүйөм жана тагдырым ансыз эмне болот?.. Өзүңүз көрүп тургандай 18 жыл ичинде эч нерсе өзгөргөн эмес. Сиз дагы деле акылыңыздан тана ага ашыксыз, ошону менен бирге ансыз өмүр кечирүүдөн чочулайсыз. Ансыз жашай албачудай болуп жатканыңыз – андан көз карандылыкка көбүрөөк окшоп турат.

Сөйкө тагынып жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Үйлөнүү үчүн сөзсүз куда түшүп, кызга сөйкө салуу керекпи? Каадалардын мааниси
Катыңызда ага же мен, же ал деп шарт койгонуңузду жазыпсыз да, ошол эле учурда эптеп сиз менен калышы үчүн анын бүт кылыгын кечирүүгө даяр экендигиңизди баяндайсыз.

Аялдын бутка жабышып эркектин кетпешине жалбарышы, ал эми күйөөсү аны жерге сүйрөй, эркектигине маашырланышы – бул туура эмес мамиленин белгиси.

Эмне кылуу керек? Өзүңүздү ойлоңуз. Жашооңузду талдаңыз. Дагы 18 жыл бир керемет болуп кетет деп үмүт кыласызбы? Кыздарыңыз өздөрүнүн турмуш курушуна кедерги болчу аябагандай оор психологиялык жараат алышты. Алар болочок жолдошун кантип тандашат: өзүн курмандыкка чалган апасын үлгү кылышабы же ала жипти аттоого маш атасынбы?

Бир жагынан жаш, сулуу экендигиңизди жазасыз да, кайра "4 бала менен кимге керекмин?" дейсиз. Эгер сиздин шартыңызды аткарууга дарамети жетпесе, анда ага сиз керек эмессиз. Үй-бүлөнү сактап калуу үчүн дагы жаңы курмандыктарга барууга даяр экенсиз. Кайсы үй-бүлөнү айтып жатасыз? Чыныгы үй-бүлө кура алдыңыздар беле? Мурдагы курмандыктарыңыздын кандайдыр көмөгү тийдиби? Азыр 35тен ашыпсыз, аялдын акылы толуп турган кез, 55ке чыкканда эмне деп айтасыз?

Беременная женщина - Sputnik Кыргызстан
Аборттон баш тартам деп апасы менен жеңесинен ажыраган кыз. Аксыдагы трагедия
Эгер 17 жаштагы эселек болсоңуз, сизди түшүнмөкпүз. Бирок өз алдынча чечим кабыл ала турган курактасыз. Өзүңүздү эс-акылдуу аял сезесизби же дагы деле башыңыз оңой айланып, алданып калчу бала бойдонсузбу? Күндөшүңүздү баары, атүгүл, бир тууганыңыз да билчү экен, а сиз баоелук менен алардын аянычтуу көз караштарына таңданып жүрүпсүз. Өзүңүздү кичинекей бала сезгениңиз чындыкка ылайыкпы? Жуунучу жайдагы учур менен баарын коркутканыңыз чоң кишинин жоругубу? Же бул балача аракетиңиз менен өз сезимдериңизге көңүл бурдургуңуз келдиби?

Бул суроолордун баарына болушунча ачык, чын жооп берсеңиз, туура чечим кабыл аларсыз.

Эгер "Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын алкагында бугуңузду чыгарып, кеңеш алгыңыз келсе, news@sputnik.kg дарегине "Адиске анонимдик кайрылуу" деген белги менен кат жолдоңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0