Токол алганы үчүн жазасын өтөп бүткөн эркек кайда барат. Юристтин түшүндүрмөсү

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүНике кыйууга даярданып жаткан кыз. Архив
Нике кыйууга даярданып жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көп аялдуулук Россия менен Казакстанда кылмыш катары саналбайт

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Эки же андан көп аял алган эркек жабырлануучу тарап арыз жазмайын жоопко тартылбайт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов экинчи аял алганын ачыктагандан кийин коомчулукта катуу талкуу жаралды. Айрымдары буга дин уруксат берерин жүйө келтирсе, кээси мыйзамды аттап өттү деп укуктук баа берүү үчүн прокуратурага кайраларын айткан. 

Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалиловдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Чубак ажынын төшөк жаңыртышы. Токол маселеси кайрадан кызыл чеке түшүргөндө
"Мыйзам боюнча экинчи аял алган эркектин үстүнөн жабырлануучу тарап, тагыраак айтканда, биринчи аялы же балдары милицияга арыз жазганда гана анын иши каралат. Ага чейин көп аял алган кишиге эч ким чара көрө албайт. Биринчи аялынын даттануусу менен кылмыш жоопкерчилигине тартылып, бирок жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин кайра эле ошол аялдары менен жашай берет. Бир гана укук бузуу менен эки жолу жоопко тартуу мүмкүн эмес", — деди Сооронкулова.

Кылмыш жаза кодексинин 153-беренесинде эки же андан көп аял алып жашагандар эки жылга чейин эркинен ажыратылат деп жазылган. Сооронкулова бул "өлүк мыйзам" болуп калганын белгилеп, буга чейин жогорудагы берене менен бир да адам соттолбогонун билдирди.

"Анткен менен биздин менталитетке таянып эч ким атасын же күйөөсүн жазага тарттырууга даабайт. Кээ бири өздөрү макул болсо, башкалары ажырашып кетүүнү туура көрүшөт. Андан көрө аялдардын укуктарын мыйзамдуу түрдө коргоо жагын колго алсак үй-бүлө бузулбай сакталмак", — деди Сооронкулова.

Мечит, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Нике мыйзамы: турмушка чыккан кыз күйөөсүз, айыл молдосуз калбайбы?
Ошондой эле ал Россия менен Казакстанда бул кылмыш катары саналбай турганын белгиледи.

Баш кошууга белсенген жубайлар расмий каттоодон өтмөйүнчө молдонун нике кыюусуна тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун демилгелегендердин бири ЖК депутаты Эмил Токтошев жуптардын расмий каттоосу жок болсо аларга молдонун нике кыюсуна бөгөт койгон мыйзам долбоорун парламент жактырбай койгонун айтат.

"Учурда мыйзам боюнча молдолордун 18 жаштан жогорку жарандарга нике кыюусуна тыюу салынбайт. Буга чейин бардык жарандардын нике күбөлүгүн көрбөй туруп никесин кыйган молдолорду жазага тартуу боюнча мыйзам долбоору колдоо таппай калган. Кайрадан иштеп чыгып 18 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн никесин кыйган молдолорду гана жоопко тартуу киргизилген", — деди Токтошев.

Ошондой эле ал эгер 18 жаштан жогорку курактагы адамдарга күбөлүксүз нике кыйган молдолорго чара көрүү бөлүмүн алып салбаганда мыйзам долбоор толугу менен өтпөй калмак деген пикирин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0