Бүгүн жолдошу көзүнө чөп салган бишкектик келиндин анонимдик катын жарыялайбыз.
Турмушка эрте 17 жашымда чыктым. Баш кошкончо Амир эки жыл мени айланчыктап жүрдү. Эч нерседен кем кылчу эмес, ханышадай мамиле жасачу. Ал кезде бул эптеп менин башымды айландыруу аракети экендиги оюмда да жок эле. Баео жаным анын "махабаты" түшкө да кирбеген жомок сымал сезилчү.
Төрөттөн өзүмө келе электе эле кайрадан боюма бүтүрүүгө ашыктым. Үй-бүлөнү сактап калгым келди, уул төрөсөм үйдөгү көйгөйлөрдүн баары акыры токтойт деп кыялдандым. Азап экен. Өлкөнүн мыкты деген дарыгерлерине бармай, кытай календары менен эсептемей, кан ыкмасы, алдан тайдырган диеталар, бойго бүтүрүүчү сааттарды санамай… Эмне кыларымды билбей, акыры көзү ачык менен табыптарга чейин бара баштадым. Соңунда – бардык аракетимдин натыйжасында боюма бүттү. Күйөөмдү жоготуу коркунучунан УЗИден да өтүүгө батынбадым, кайра кыз болуп калсачы… Башка балдары тургай, экинчи аял деген ойдон эле акылымдан айнып каларымдай туюлчу.
2015-жылы июлда уулубуз төрөлдү. Жакындарым жана курбуларым Амир эми эсин жыят, ала жипти аттабай, мурдагыдай сени колго көтөрүп багат деп жооткотушту. Анын бири да болгон жок. Самап күткөн мураскорун төрөтканадан чыгарууга жолдошум колуна же гүлдесте, же шар көтөрбөстөн, анча жигери да жок келди. Анын мындай көңүлкош мамилеси мени катуу сындырды.
Дин эрежелерине ылайык, эркек биринчи аялынын ыраазычылыгы менен гана экинчи аял алууга укуктуу. Бирок күйөөм динди өз ыңгайына жараша түшүнөт. Соңку жарым жылда дээрлик үйгө да келбей, ишин, иш сапарларды, досунукунда уйкусун кандырганын шылтоолочу. Кантип мындан деле шектенбегенимди билбейм…
Динчил адаммын, бирок Амир менен жаңы бүлөсүнүн бактылуу түшкөн сүрөт, тасмаларын капысынан көрүп калган күнү ызага чыдабай ичип алып, жуунучу жайда сууну ачкан боюнча уктап калыпмын. Жанымды кыйгым келген. Жүрөгү түшкөн балдарымдын кыйкырыгынан эсиме келдим. Кыздарым ийнимден силкий, бетиме чапкылап, чайынма жайынан мени чыгара албай жатышты. Кенжем эмне болуп жатканын түшүнбөдү, улуу кызым өпкө-өпкөсүнө батпай ыйлап жатты. Алардан чындыкты жашыра албадым. Балдарыма атасынын жаңы аялы жана жаңы төрөлгөн уулу бар экенин айттым.
Амирге экинчи аялы менен ажырашпаса, балдарымдын баарын алып андан кетеримди айтып, шарт койдум. Ал чыр салды, болгон сөгүнгөн сөздөрдү менин дарегиме "жолдоду", анын оюнда жеткен өзүмчүл, таптакыр адам да эмес экенмин. Экинчи аялынан ажыраша албасын, анткени андай күндө "сүйүктүү" уулу менен көрүшүүгө уруксат бербесин айтканында кайгыдан көзүм караңгылай түштү. Кантип эле ушундай болсун?! Кандай кыйынчылык тартып, баарына – кордолуп-басынганыма карабай, саламаттыгыма зыян келтиргениме карабай чыдап, ага баары бир уул төрөп бердим, бирок меники эмес, экинчи аялынан уулу ал үчүн артык экен. Эмнеге мага мындай мамиле жасалууда, мен эмнеден жаздым деген ой санаага салды. Жакшынакаймын, жашмын, күйөөмдүн дегенинен чыкпай, бир сөзүн эки кылбайм – жазыгым ушундабы?
Мындай ойлорума жооп кыла күйөөм жаш аялы болгону капысынан боюна бүтүп калганын билдирип, бул көрүнүштү этибарга албашымды суранды. Үйлөнбөсө, зордуктоо деп каматарын айтып ал кыз коркутканын кошумчалады. Көрсө, баары башкача экен. Алар төрт жылдан бери мамиле куруп, арзышып жүрүшүптүр. Жолдошумдун жакын досунан Амир экинчи аялынан белек-бечкегин аябай, эңсегенин эки дебей аткарып, болгон байлыгын аябай баласын бапестеп багып жатканын билип алдым. Мага жана балдарыма эч нерсе артпайт. Ортончу кызым атасынан жаңы кышкы куртка алып берүүсүн суранып келет, атасы "болгонун кийип тур, убакыт жок, акча жок" деп кутулууда.
Азыр акырындап багынып келе жатам. Болор иш болду. Экинчи аялы менен эмне болсо да ажырашып, уулун биздин үйгө алып келишине жалбарып, көндүрүүгө аракет кылып жатам. Аны өз балдарымдан кем көрбөй багып алууга даярмын. Балада эмне айып?! Үй-бүлөнү сактап калыш үчүн гана күйөөмдүн эчен жолу көзүмө чөп салганын, секелек кызга үйлөнгөнүн, мага, балдарыма жасаган жаман мамилесин да унуткарам. Балким мени акылсыз, өзүмчүл деп эсептешер, бирок Амирди башка аял менен бөлүшкүм келбейт, биздин башка барар жерибиз да жок. Төрт балалуу аял кимге керек?..
Ильдар Акбутин, психолог
Башынан эле, жаңыдан баш кошкон кезиңизден тарта эле жолдошуңуз көзүңүзгө чөп салганын билипсиз. "Мен туура кылдымбы? Мени чындап сүйөбү?" деп коңгуроо кагар маалыңыз ошол эле. Сизди эмне токтотту? Болду-болбоду буга коркуу жана махабатыңыз таасир эткен. Булар эч эле айкалышпаган эки чек: күйөөмдү сүйөм жана тагдырым ансыз эмне болот?.. Өзүңүз көрүп тургандай 18 жыл ичинде эч нерсе өзгөргөн эмес. Сиз дагы деле акылыңыздан тана ага ашыксыз, ошону менен бирге ансыз өмүр кечирүүдөн чочулайсыз. Ансыз жашай албачудай болуп жатканыңыз – андан көз карандылыкка көбүрөөк окшоп турат.
Аялдын бутка жабышып эркектин кетпешине жалбарышы, ал эми күйөөсү аны жерге сүйрөй, эркектигине маашырланышы – бул туура эмес мамиленин белгиси.
Эмне кылуу керек? Өзүңүздү ойлоңуз. Жашооңузду талдаңыз. Дагы 18 жыл бир керемет болуп кетет деп үмүт кыласызбы? Кыздарыңыз өздөрүнүн турмуш курушуна кедерги болчу аябагандай оор психологиялык жараат алышты. Алар болочок жолдошун кантип тандашат: өзүн курмандыкка чалган апасын үлгү кылышабы же ала жипти аттоого маш атасынбы?
Бир жагынан жаш, сулуу экендигиңизди жазасыз да, кайра "4 бала менен кимге керекмин?" дейсиз. Эгер сиздин шартыңызды аткарууга дарамети жетпесе, анда ага сиз керек эмессиз. Үй-бүлөнү сактап калуу үчүн дагы жаңы курмандыктарга барууга даяр экенсиз. Кайсы үй-бүлөнү айтып жатасыз? Чыныгы үй-бүлө кура алдыңыздар беле? Мурдагы курмандыктарыңыздын кандайдыр көмөгү тийдиби? Азыр 35тен ашыпсыз, аялдын акылы толуп турган кез, 55ке чыкканда эмне деп айтасыз?
Бул суроолордун баарына болушунча ачык, чын жооп берсеңиз, туура чечим кабыл аларсыз.
Эгер "Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын алкагында бугуңузду чыгарып, кеңеш алгыңыз келсе, news@sputnik.kg дарегине "Адиске анонимдик кайрылуу" деген белги менен кат жолдоңуз.