Чалкалап бутту асып жаткан адам эмесмин! Үй кожойкесинин жанын кашайткан алты учур

© AFP / FEDERICO PARRAКухнядагы аял. Архив
Кухнядагы аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин ар түрдүү кызмат ээлеринин жанын кашайткан окуяларды жазып келсек, бул жолу эң оор "кесиптин" ээсине сөз бердик.

Ал жумасына жети күн иштегени менен ага эч ким айлык төлөбөйт. Корпоративдик кечелерге дагы чакырышпайт. Мындай өзгөчө кесиптин ээси болгон үй кожойкесинин жинин кашайткан учурлар тууралуу Sputnik агенттиги сураштырып көрдү.

Кокустан жарык өчүп калганда…

Бир күндө баарына жетишейин деп балдарды атайын чоң апасына жеткирип, үй жумуштарын ошол күнгө пландап, анан да аялга окшошуп коеюн деп салонго жазылып койсоң кокустан жарык өчүп, план артка жылат.

Ушул учурда кокустан электриктин бирөө алдыман чыкса, жиним менен бир тийип же бир урсам керек. Себеби алардын айынан кир жуулбай, үй жыйналбай, тамак жасалбай калып жатпайбы.

Чакырылбаган коноктор

24 саат ичинде баарына үлгүрүш үчүн ар бир секунд баалуу болуп калат. Айрыкча балдарың кичине кезде бирин окууга, экинчисин бакчага жеткирип үчүнчүсүн үйдөн караш керек. Ушинтип жетишпей жаткан кезде тууганың же аяшыңдын бирөө келип алып жөө жомок айтып киргенде айла жок акырын алдап жолго саласың. Мен үйдө отурсам эле бош деп ойлойсуңарбы, менин деле жумушум чачтан көп. Түшүнүп койгулачы!

Карьера кургандар

Парикмахерская в Мадриде - Sputnik Кыргызстан
Биттеп кеткен чач менен келишет. Шаардык чач тарачтын жанын кашайткан кардарлар
Мындай айымдар дайыма өзүн карап, жумушка барчудай эмес, журналга сүрөткө түшчүдөй болуп жүрүшөт. Алар менен сүйлөшө келсең, сени бир байкуштай көрүп "иий бечара, кир, сасык ич кийимдер менен казан-аяктын кулу. Сен күйөөңдүн кийимин үтүктөп, тамак жасагандан башка эч нерсе билбесең керек. Карачы, мен кандай ийгиликтүүмүн" дегенсип көзүнүн төбөсү менен карайт.

Анысы аз келгенсип "мен сага окшоп үйдө эч нерсе кылбай отура алмак эмесмин" деп ооз көптүрүп сүйлөгөндө күйбөгөн жериң күл болот да!

Күйөөңдүн жемеси

Көпчүлүк мырзалардын ою боюнча аялдары үйдө жыргап эле жатат. Ал эми эртең мененки тамакты жасап, бир балаңды мектепке, экинчисин бакчага алып барган эсептелбейт. Анысы аз келгенсип жолдошуңдун костюм-шымын үтүктөп, контейнерге тамак салып бересиң. Бул эртең мененки эле жумуш.

Андан кийин кааласаң үй жыйнап, кир жууп, анан түшкү тамакты жасасаң болот. Мындан тышкары, бош убакытты күйөөң, балдарыңдын кийимдерин жамап-жумап өткөрсөң деле "кызыктуу". Эгер таптакыр эле көңүлсүз болуп баратса балдар менен чогуу сабак окуп койсо да ашыкча болбойт.

Анан кайра адаттагыдай кечкиге тамак жасамай, үйдөгүлөрдүн артынан жыйнамай, айтор, айымдар бир күн кечке ушинтип эле "эч нерсе кылбай" жатышат.

Куру сөз

Празднование золотой свадьбы в семье алтайских казахов Дюсенби и Марии Кобдобаевых - Sputnik Кыргызстан
Сөз жетпей калды, ырдап-чордомок болчумун! Тамаданын кыжырына тийген 7 учур
Сүйүктүүң "ишемби күнү киного, паркка же ресторанга баралы" деп ар качан сөз берип келет. Дем алыш күн келгенде "бүгүн үйдө эле бололучу! Анын үстүнө апам дагы келет экен" деп калат.

Мен байкуш жок дегенде бир дем алышты ашканада өткөрбөйм деп жыргап коем. Эми туугандары да келмей болду. Рахмат сага алтыным, мен сени жакшы көрөм! Дем алыш да көңүлдүү өтмөй болду!

Боор ооругандар

Үй кожойке экенимди уккандар мени жалооруп караганда "каным кайнап кетет". Менин жумушум силердикинен эч нерсеси менен кем эмес. Тескерисинче, мен үйгө жылуулук тартуулап турам, үйүм жыйналуу, жолдошум ыраазы жана балдарым ар дайым таза. Албетте мен алар үчүн тим эле бир күндө үч-төрт жолу тамак жасайм деп айтпайм, бирок чын жүрөктөн жасайм. Түшүнгүлөчү, үй кожойке убактылуу гана жумуш, сен да бир күнү ал кызматты аркалап калышың толук мүмкүн. Ал эми мени "балдарга жакшы тарбия берсин" деп үйдөгү каржы маселесин жалгыз өзү көтөрүп жаткан жолдошума ыраазымын. Ар бир нерсенин өз убагы болот. Мен дагы бир күнү жумушка орношом.

Жаңылыктар түрмөгү
0