Биттеп кеткен чач менен келишет. Шаардык чач тарачтын жанын кашайткан кардарлар

© AP Photo / Francisco SecoПарикмахерская в Мадриде
Парикмахерская в Мадриде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чач тарачта отурганда эмнелерди эске алып, кандай маанайда барыш керек экендигин Sputnik Кыргызстан агенттигинен окуңуздар.

Бишкектик чач тарачтардын бири анын жинин кандай кардарлар кашайтып, көбүнчө эмнеге кыжыры келээрин айтып берди.

Кечигип келгендер

Эгерде биринчи кардар жарым саатка кечигип келсе, кийинки адамды жумуш күнүм бүткөндөн кийин бир саат кеч кетирем. Кечигип келүү менен ал адам өзүнүн да, башкалардын да убактысын баалабай тургандыгын көрсөтөт. Эгер айтылган учурга келе албай турган болсо, башка саатка же башка күнгө жылдыртып койсо болот да.

Шалтактап жүргөндөр

Бийчилер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Стриптиз бийлеп бер дешет! Бийчинин жанын кашайткан нерселер
Кызматымдын акысы анча деле кымбат эмес болгондуктан мага калктын ар түрдүү катмары келет. Эч кимди деле таарынткым келбейт, бирок айрым кардарлар шалтактап келип, моюн-кулактары эки-жумалап самын көрбөгөндөрү бар. Мындан да жаманы кээ биринин башы биттеп кеткен болот. Бул учурда биздин каныбыз кайнап кетет. Аларды тейлебейбиз, дароо жолго салабыз. Себеби бул чач тарачтын эрежесине дал келбейт.

Кайдыгер кардар

— Сиздикин узун кылып кыркайынбы же кыска жагабы?
— А мага баары бир! Кандай кылсам деле жарашпайт…

Мындай маанай менен чач тарачка эмнеге келди?! Менин да каалоом сууп, чач жасагым да келбей калат. Эсиңерде болсун: чач тарачка кандай маанай менен келсеңер, жыйынтыгы да ошондой болот!

Өзүн акылдуу сезгендер

Празднование золотой свадьбы в семье алтайских казахов Дюсенби и Марии Кобдобаевых - Sputnik Кыргызстан
Сөз жетпей калды, ырдап-чордомок болчумун! Тамаданын кыжырына тийген 7 учур
Айрым кардарлар келип жөн эле сүйлөшүп отургандын ордуна "тигиндей кырк, мындай бое" деп өз билемдикке салып акыл үйрөтүп баштайт. Жаның кашайганда кайчыны колуна карматкың келет. Андай эле кыйын экен үйдөн өзү кыркып албайбы. Мен да көп жылдык тажрыйбам бар чач тарачмын. Атайын үйрөтүлгөн ыкма менен иштейм. Андыктан менин жумушума келип акыл үйрөтпөй эле койгула!

Кыялкечтер

Айрым кардарлар бизге "таптакыр башкача адам болуп калам" деп кыялданып келишет, бирок жыйынтык алар ойлогондой болбой калат. Жакында эле мен бир кара чачтуу кардарга бир жума бою "чачыңды сарыга боебой эле кой" деп көндүрө албай, акыры ал өзүнүкүн бербей туруп алды. Жыйынтыгында өзүн күзгүдөн көрүп алып кайра мени "силер жаман чач тарач экенсиңер" деп айыптап койду.

Жаңылыктар түрмөгү
0