Бишкек менен Чүйдүн газ берилген жана бериле турган көчө-конуштары. Карта

© AFP / SHAUN CURRYГаз плитасы. Архив
Газ плитасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда "Газпром" ишканасы тарабынан өлкөнүн бир катар аймактарын, ошондой эле Бишкек шаарынын жаңы конуштарын көгүлтүр от менен камсыз кылуу иштери кызуу жүрүп жатат.

Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган ишкана тарабынан өлкөнүн кайсы аймактарына газ берилип, дагы канчасын көгүлтүр от менен камсыз кылуу пландалып жаткандыгын билип көрдү.

2015-жылдын 30-январында өкмөттүн кезексиз жыйынында "Газпром" ишканасы тарабынан Кыргызстанды газ менен камсыз кылуу боюнча башкы схема жана 2015-2017-жылдарга инвестициялык программа көрсөтүлгөн. Программанын алкагында учурда планда каралган өлкөнүн аймактарын газ менен камсыз кылуу иштери кызуу жүрүп жатат.

2016-жылы газ менен камсыз болгон аймактар

Аталган ишкананын маалыматына ылайык, план боюнча былтыркы жылы Бишкек жана Чүй облусунун 10 жаңы конушуна газ берилип, 2500 түтүн көгүлтүр от менен камсыз болгон.

Алар: Керемет, Касым, Щербаков, Бурдинский, Салам-Алик, Жеңиш, Балбан-Таймаш, Кайыңды, Керамика жана Мыкан жаңы конуштары.

2017-2018-жылдары газ менен камсыз боло турган аймактар

Замена старых изоляторов сотрудниками НЭСК - Sputnik Кыргызстан
CASA-1000 долбоору: электр чубалгыларын Пакистанга тартуу үчүн тендер жарыяланды
Эки жыл аралыгында Бишкек шаарынын айрым жаңы конуштарын жана Чүй, Ош облусунун шаар, айылдарын кошкондо 15 аймакка көгүлтүр от берилет. Алар: Бишкек шаарынын "Көлмө", "Көк-Жар", "Ала-Тоо", "Кара-Жыгач", "Арча-Бешик", "Ак Өргөө", "Ак Ордо" жаңы конуштары, Чүй облусунун Кара-Балта шаары, Ленин айылы, Кант шаары, Токмок шаары, Сокулук айылы. Ошондой эле Ош облусунун Жапалак айылына быйыл болбосо да кийинки жылы газ жетип калат. Учурда бул өңүттө иштер алгылыктуу жүрүп, газ түтүктөрүн орнотуу иштери уланууда. Иш соңуна чыккан соң жалпы 20 миңге чукул түтүн газ менен камсыз болот.

"Газпром" ишканасынын маалыматына ылайык, газ түтүктөрү жаңы конуштардын негизги көчөлөрүнө гана орнотулуп, тургундар үйүнө чейин түтүктү өздөрү чойдуруп алат.

Белгилей кетчү нерсе, ишкананын Кыргызстан элин газ менен камсыз кылуу инвестициясынын жалпы көлөмү 2015-2016-жылдары 20 миллиард сомду түзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0