Косметолог Сагынбаева: ботокс жасатам деп эркектер да көп келе баштады

© Sputnik / Табылды Кадырбеков5 жылдык иш тажрыйбасы бар косметолог Айнура Сагынбаева маек учурунда
5 жылдык иш тажрыйбасы бар косметолог Айнура Сагынбаева маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Таза, тунук бетке кимдер гана суктанбайт. Ал эми жаш курак өтүп баштаганда бетке түшкөн бырыш көпчүлүк айымдарды бушайманга сала баштайт эмеспи.

Аялдын жүзү ар дайым жакшынакай болуп турушу жана бетин эрте бырыш басып кетпеши үчүн ага сөзсүз туура кам көрүүсү зарыл. Бул сөздү косметологдор ар бир келген кардарына айтып турушат. 10 жылдык иш тажрыйбасы бар косметолог Айнура Сагынбаева Sputnik Кыргызстан агенттигинде бетке туура кам көрүү жана ар дайым сулуу болуп жүрүүнүн сырлары тууралуу кеп козгоду.

— Азыр жай мезгили башталып, күн да ачуу тие баштады. Күндүн нурунан бетти кантип туура сактоо керек?

Бизнес на красоте в Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Сулуу болуш аста-аста... Заманбап сулуулук канча турат?
— Жайында күн нурунан сактануу үчүн күнгө каршы бет майларды сөзсүз колдонуу керек. Аларда SPF деген жазуу болот. Ар бир айымдын косметичкасында жөнөкөй эле күнгө каршы бет май болсо ал анын эрте картаюусун аз да болсо жардам берет. Күндүн зыяндуу А типтеги узун жана B типтеги кыска нурлары болот. SPF B типтеги кыска нурлардан сактайт. Анткени кыска нурлардан адамдын бетине сепкил, так, бырыш түшөт. Ал эми А типтеги узун нурлар бет терисинин рагын пайда кылат. Ошондуктан бет майды алаарда жакшылап көңүл буруп, UVA жана UVB блок деген жазуусу барын алыш керек.

— Мындай кремдер азыр базарларда деле сатылып калбадыбы. Жасалма экенин кантип билсе болот?

— Негизи европалык стандарт боюнча бет майды дарыканадан алуу керек. Бирок ал нерсеге биз жете элекпиз, ал тургай дүкөндөрдөн ала албай, базардан сатып алсак сүйүнөбүз. Бирок базарларда температура жогору болуп, бет майдын сактоо режими бузулуп калышы ыктымал. Бет бул дененин өтө назик бөлүгү. Андыктан, колдон келсе бетке акча аябай жакшысын эле сүйкөнгөн оң. Кийин өкүнүп калбагандай болуш керек.

© Sputnik / Табылды КадырбековКосметолог Айнура Сагынбаева: стоматологго баргандай ар бир аял жок дегенде жылына эки жолу косметологго барып, бетине массаж жасатып, витаминдерди алып турса зыяны тийбейт. Ошол эле учурда сулуу да болот
Косметолог с 15 летним стажем Айнура Сагынбаева - Sputnik Кыргызстан
Косметолог Айнура Сагынбаева: стоматологго баргандай ар бир аял жок дегенде жылына эки жолу косметологго барып, бетине массаж жасатып, витаминдерди алып турса зыяны тийбейт. Ошол эле учурда сулуу да болот

— Дүкөндөрдө сатылган бет майларга баарынын эле чөнтөгү мүмкүнчүлүк бербейт да?

— Бизде айрым аялдар той-топур, кафе-ресторандарга бараарда кычырап алтын-бриллианттарды тагынып, кымбат көйнөктөрдү кийишет да, карасаң бетинин баары бырыш болот. Көйнөк, шакек, сөйкө жок эле дегенде 10-20 миңди чапчыйт. Кийим адамды убактылуу сулуу кылышы мүмкүн, алтын-күмүш деле түбөлүктүү эмес. Андан көрө жөнөкөй кийинсе да бети жылтылдап, бырышпай-тырышпай турса, мына ошол аял үчүн статус жана утуш.

Модель Айсулуу Молдалиева и актриса Мээрим Атантаева - Sputnik Кыргызстан
Нукура жүз: кыргызга таанымал кыз-келиндердин боёксуз жүзү сүрөттө
Ошондой эле бетке кам көрөөрдө айымдар акчасын аяп, арзанын алат, косметологго өмүрү кайрылып көрбөгөн аялдар толтура. Кийим табылат, оокат эч кайда шашпайт, бирок, мезгил өзүнүкүн алып коет. Качан гана бетке бырыш түшүп, тактар басып кеткенде анан кыймылдашат. Ар кайсынын баарын сүйкөп, айтор, далбастап калышат. Ошондуктан канчалык эртерээк келип көрүнүп же туура кам көрүп турса, аз болсо да бырыш кечирээк түшөт.

— Айылдардагы апалардын бетке кам көрүүгө деле убактысы жок болсо керек?

— Жок, айылдан тээ алыскы тоолуу Нарын, Алайдан келип көрүнүп кеткен аялдар деле болот. Алар беттериндеги тактарды тазалатып, беттин терисине витаминдерди алып турушат. Мурда 40 жаштагы аялдар 70 жаштагыдай көрүнсө, барган сайын аялдар өздөрүн жакшы карай баштагандыктан жаш көрүнө башташты.

— Косметологго бир баргандан кийин, бүттү деп койбош керек эмеспи. Негизи бир эле процедура жетишсиз болсо керек?

Пластический хирург Султан Тукешов - Sputnik Кыргызстан
Пластикалык хирург: сурма чыгарам деп көзүн ийне менен тытып алган кыздар толтура
— Стоматологго баргандай ар бир аял жок дегенде жылына эки жолу косметологго барып, бетине массаж жасатып, витаминдерди алып турса зыяны тийбейт. Ошол эле учурда сулуу да болот. Азыр заман сулуулукту талап кылып калбадыбы. Дүйнөдө пластикалык операция кулачын кенен жайып, ал бизге да жетти. Бет майды "ал химия", ботоксту "бети шалпайып түшүп калат" деп айтып жүрүшөт. Биздин жеген тамагыбыздан кийген кийимге чейин азыр көбү химия, синтетика. Тескеринче, бет май терини зыяндуу факторлордон коргойт.

— Сизге келген кардарлардын көбүнүн көйгөйү эмнеде?

— Мага косметолог катары беттерине так, сепкил түшкөндөр келишет. Ошондой эле безетки менен келгендердин саны арбын эле. Мындан тышкары, аял-эркектер ботокско, башкача айтканда, беттеги бырышты кетирүүгө келишет. Ал эми клиникага сурмасын, эрдин чоңойтуп бер деп келген жаштардын саны көп.

© Sputnik / Табылды КадырбековКосметолог Айнура Сагынбаева: тери көйгөйү эркектерде да арбын кездешет. Безетки чыгып, чачы түшүп, тактарын кетирип, ал тургай ботокско келген эркектер да көбөйө баштады. Эл алдында жүргөн адамдар картайганым билинбесин деп келип ботокс жасатып, бетин тазалатып турушат
Косметолог с 15 летним стажем Айнура Сагынбаева - Sputnik Кыргызстан
Косметолог Айнура Сагынбаева: тери көйгөйү эркектерде да арбын кездешет. Безетки чыгып, чачы түшүп, тактарын кетирип, ал тургай ботокско келген эркектер да көбөйө баштады. Эл алдында жүргөн адамдар картайганым билинбесин деп келип ботокс жасатып, бетин тазалатып турушат

— Безетки бетке эмнеден улам чыгат?

— Безетки гормондордон, ички аппарат болгон өт, боор, ашказан туура эмес иштегенден, беттеги курттан, стресстен, туура эмес тамактануудан, таттуу, майлуу тамактан дагы чыгат. Негизи сулуулук генетикага байланыштуу, бирок аны күтө билүү да керек.

— Жогоруда эрдин, сурмасын чоңойтуп бер дегендер көп кайрылат деп калдыңыз. Дагы кандай пластикалык операциялар жасалат?

— Алардан тышкары турмушка чыгып балалуу болгон аялдар жыныстык мүчөсүн кичирейттиргени келет. Ошондой эле мурду сынган мырзалар да көп кайрылат. Алар менен өз ишин мыкты билген адистер иштешет. Жакындан бери күйүктөн калган тактарды кетирип, манжалары биригип төрөлүп калган балдарга да операция жасала баштады.

— Косметологго адатта, эркектер көп барбайт деп билет эмеспизби?

— Тери көйгөйү эркектерде да арбын кездешет. Безетки чыгып, чачы түшүп, тактарын кетирип, ал тургай ботокско келген эркектер да көбөйө баштады. Эл алдында жүргөн адамдар картайганым билинбесин деп келип ботокс жасатып, бетин тазалатып турушат.

— Негизи бардык пластикалык операциянын, ушул эле ботокстун зыяны бар деп айтышат?

— Азыр пластикалык операция дүйнөдө кенен кулачын жайды. Төрт-беш жылдан кийин бизде да бул тармак абдан өнүксө керек. Булардын зыяны жок деп айта албайм, ошол эле учурда дарыгерлер эч качан "кепилдик" деген сөздү колдонушпайт. Бирок колдон келген аракетти жасап, адамдарды сулуу кылганга аракет кылабыз.

— Тамактануу да сулуулукка чоң таасирин тийгизет турбайбы…

Кыргызстандык модель Ясмин Лунианга Диеудонне Али маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Кара-Балталык кара тору модель бийкеч: 100 кг салмакты көтөрө алам
— Ички организмде болуп жаткан процесстердин баары бетке чыгат. Туура тамактанып, камыр, майлуу тамактарды көп жебегенге аракет кылсак бара-бара ошого да көнөбүз. Аялдар сөзсүз майды (колорийди) эсептеп жеш керек. Мисалы кечке офисте отуруп иштеген айымдардын майы аз тамак ичип, жеңил-желпи сууга, бууга бышкан тамакка өткөнү туура. Эгер чыдабай майлуу, камыр тамак жесе кечинде сөзсүз спорт залга барып, машыгыш керек, же болбосо майды ден тарбия көнүгүүлөрүн жасоо менен чыгаруу зарыл. Бизде той-аш көп болот. Ал жактан да тоюп келип жатып калбай, керектүү гана тамактарын жегенге үйрөнүү керек. Адам көнбөгөн нерсе жок. Андыктан бир гана аялдар эмес, балдардан тартып эркектерге чейин тамакты рационалдуу жегенге үйрөнсөк ден соолугубуз да бекем болуп, жүзүбүз да жайнап турат.

— Косметолог катары айымдарга айтаар кеңешиңиз?

— Сулуу болгусу келген айымдар эч качан жалкоо, шалаакы болбошу керек. Өзүмдү караганга убакыт жок дей беришет. Бул жөн гана шылтоо. Жок дегенде кечинде жатаарда эч нерсеге карабай бет май шыбап койсо, ал убагында болбосо да кийин пайдасы тийип картаюну бир аз болсо да кечеңдетет. "Сулуу эмес аял жок, өзүнө кам көрбөгөн аял бар" дегендей ар дайым өзүнө кам көргөн аялды мырзалар ошончо сыйлайт. Байкап көрсөңөр (күлүп).

Жаңылыктар түрмөгү
0