16:06 29 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.0760
  • RUB1.0427
Коом
Кыскача шилтеме алуу
217531

Эркек баланы сүннөткө отургузуу мусулман элинде парз болуп саналат. Бул салт учурда деле баркын, маанисин жоготпой келет. Тескерисинче, баланы отургузуу медицинада да жактырылып, анын пайдалуу жагы көп экени далилдене баштады.

Sputnik Кыргызстан агенттиги баланы сүннөткө отургузуу каадасына токтолуп, дин жана медицина кызматкерлеринен бул нерсенин канчалык маанилүү экендигин сурап көрдү.

Сүннөтүн пайдасы

"Эне жана баланы коргоо" улуттук борборундагы балдар хирургу Бакыт Ждановдун айтымында, баланы сүннөткө отургузуу гигиеналык жактан өтө пайдалуу деп эсептелет. Бул ырым адамдын организмине микроб, инфекциянын кирип кетишинен сактайт.

"Медицина баланы отургузуу ден-соолукка бир гана пайда алып келерин далилдеди. Эгер бала өз убагында сүннөткө отургузулса, фимоз, парафимоз, баланит, баланопостит сыяктуу коркунучтуу дарттардан оолак болот. Аны жөн гана ырымдап койбостон, ашыкча этти операция жолу менен кесип салуу керек", — деди хирург.

Ал эми Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн адиси Бактияр Токтогазы уулу динде сүннөткө отургузуу эркек киши үчүн абдан маанилүү экенин баса белгиледи.

"Сүннөт кылуучулук Ибрагим пайгамбардан бери келе жаткан салт. Эркектер тазалыкты сактоо үчүн, ден-соолугу үчүн ушундай нерсеге барат. Сүннөткө отурган эркек биринчиден таза болот, ал эми ислам дини таза адамдарды жактырат. Ошондой эле баланы отургузуунун кийин турмуш курганда да пайдасы тиет" — деди Бактияр Токтогазы уулу.

Баланы кандай жол менен отургузуу ыңгайлуу

Дарыгерлердин айтымына караганда, баланы эч качан үй шартында отургузбаш керек.

"Мурда дарыгерлер балдарды үйүнө барып отургузуп кетишчү. Бирок азыр буга жол берилбей калган. Анын үстүнө медицина өнүгүп мурдагыдай баланы эки-үч саат кыйнамай жок. 12 жылдан бери электр бычагы, башкача айтканда, лазер менен кескен ыкма чыккан. Мунун бир жакшы жери балага жеңил наркоз берип туруп 3-5 мүнөттө дароо ашык этин алып салса болот. Бүткөндө да тегиз болуп жакшы бүтүп, көп канабайт", — деди хирург Жданов.

Дин кызматкерлери да баланы сөзсүз өз ишин билген адис, башкача айтканда, хирург отургузушу керектигин айтышты.

"Баланы отургузганда аны көп кыйнабаш керек. Колдон келсе өз ишин билген адистерге эле барган оң. Айрымдары өзүм билемдикке салып кесип, кээ биринин кайчысы өтпөй баланы кыйнап койгон учурларды да укканбыз. Андыктан ата-эне бул учурда да туура чечим чыгаруусу зарыл", — деди Бактияр Токтогазы уулу.

Жаш курак маанилүүбү

Сүннөткө отургузууда жөн гана аны ырымдап койбостон, кадимкидей операция кылып кесиш керек. Уролог Ждановдун айтымында, мындай ырымдап коюудан жабыркап кайра дарыгерлерге кайрылгандар көбөйүүдө.

Көк-бөрү оюнчусу. Архив
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
"Мурда кээ бир эркек балдарды жөн гана кайчы тийгизип ырымдап коюп, кеспей да коюшчу экен. Эми алар жашы өтүп 40-50гө чыгып калса да келип кестирип жатышат. Анткени кестирбей коюу эркекти көп нерседен кыйнап коет. Сүннөткө, албетте, эрте жашында отургузуу шарт. Бирок кандайдыр бир себептер менен отургузулбай калгандар болсо жаш курагына карабай дарыгер-хирургга кайрылса болот", — деди уролог.

Элибизде баланы 3, 5 же 7 жашында отургузуу керек деген түшүнүк калыптанып калган. Бирок динде да, медицинада да атайын бир убакытта отургузуу керек деген эреже жок экендигин адистер түшүндүрүп кетти.

"Айрым ата-энелер балдары жаңы төрөлгөндөн кийин 7, 12, 21 күн өткөндө алып келип отуругузуп кетишет. Бул деле бир четинен туура. Эгер педиатр баланы текшерип ден-соолугу жакшы деп айтса, операция жасай беребиз. Канчалык эрте отургузса ошончолук жаман илдеттердин алдын алган болобуз. Ошондой эле бат эле айыгып кетет", — деди дарыгер.

КМДБ фатва бөлүмүнүн адиси кыргыздарда сүннөткө отургузуу баланын торолуп калган маалына ылайыкташып калганын белгиледи.

"Арабдарда бала жаңы төрөлгөндө эле отургузуп коюшат. Бирок бизде көбүнчө бала кичине торолуп калган убакка ылайыкташат. Динде баланы мынча жашында отургузуу керек деген эреже жок", — деди Бактияр Токтогазы уулу.

Ошондой эле хирургдар баланы отургузгандан кийин жакшылап карап, суукка урунтуп албай, кенен кийим кийгизүүнү сунушташат. Ата-эне дарыгер айтып берген ыкма менен туура тазалап, жакшы караса кесилген жери тез эле айыгып кетерин кошумчалашты.

Сүннөткө отургузуудагы кыргыздын ырым-жырымдары

Баланы отургузаарда ал жаткан үйгө аял кишилер кирген эмес;

Баланы отургузган соң колдон келсе той берилген;

Сүннөткө отургузган соң баланы көргөнү келгендер көрүндүк берет;

Баланы отургузгандан кийин гана "колу адалданды" деп коюшкан;

Баланы жай мезгилинде отургузса ал ысыкчан болуп, андан жалаң эркектер төрөлөт деп айтып коюшкан, ал эми кыш мезгилинде отургузса андан кыз төрөлөт деп божомолдоп коюшчу;

Сүннөткө кандайдыр бир себептер менен отургузулбай калган адам мал союуга, башка нерселерди адалдоого акысы жок болгон;

Сүннөткө баланы так жашында (3, 5, 7) жашында отургузуу керек. Эгер аны жуп жашында (2, 4, 5) отургузса, сезгенип балалуу болбой калат деген түшүнүктөр болгон.

Тема боюнча

Бой жеткен кыздарга тиешелүү 9 "болбойт"
Бутту баспа, сумкаңды тетири көтөрбө... Бала кезде "жүрөк үшүн алган" ырымдар
Белгилер:
дарыгерлер, каада-салт, ырым, сүннөткө отургузуу, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ