БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Москвада болгон бороондуу шамалдан каза тапкандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок экенин Россиядагы элчилик билдирди.
Эскерте кетсек, Москвадагы нөшөрлөгөн жаан менен коштолгон катуу шамал кеминде 11 адамдын өмүрүн алып, бир топ зыян алып келген. Жүздөгөн бак кулап, унаалар кыйрап, жол кыймылы токтогон.
Буга чейин Тышкы иштер министрлиги КР жарандары тууралуу маалымат такталып жатканын айткан.
Учурда элчилик катуу шамалдан жабыркагандардын арасында мекендештердин бар-жогун текшерип жатат.