00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Антикоррупция как навык: в Кыргызстане начали готовить новое поколение чиновников
08:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Өлкө аймагында табигый кооптуу деп эсептелген 11388 тилке бар. Табият кырсыктарын алдын алуу тууралуу маек
09:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Акция «Сады памяти» в Бишкеке превращает деревья в живые символы истории
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуттук баалуулуктарды сактоонун жолу. Бишкекте Салттуу музыка жумалыгы өтүүдө
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда экологиялык мониторинг жаңы деңгээлге чыкты — Жаратылыш министрлигинин лабораториялары жаңы стандарттар менен иштейт
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санариптик активдердин жанданышы менен Кыргызстанда брокерлике талап күчөйбү?
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Максатыбыз эненин ыйык экенин көрсөтүү эле». «Куса» моно спектакли тууралуу маек
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
21:04
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Алай-дүлөй шамалдын кесепети. Келтирилген чыгымдар такталууда

© Фото / пресс-служба МЧС КРПоследствия сильного ветра в Нарыне
Последствия сильного ветра в Нарыне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
28-29-майда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында ылдамдыгы секундасына 20 метрден ашкан шамал катталган.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Кечээ, 29-майда Чүй, Талас облустары менен Бишкек шаарында катуу шамал катталган. Учурда Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо иштерин жүргүзүп жатат.

Ал эми Бишкек шаарынын мэриясы катуу жааган жаандан улам дарактар кулашы ыктымалдыгын эскертти.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында 19:15тер чамасында ылдамдыгы секундасына 25 метрге жеткен шамал болуп, айрым бактар кулаган. "Жеңиш" паркы жакта жол четинде токтоп турган жол тандабасты бак басып калган. Андан сырткары, шамал Hyatt мейманканасындагы трансформатордун чатырын учуруп, ал жеңил унаанын үстүнө түшкөн

© Фото / пресс-служба МЧС КРБишкектеги каттуу шамалдын кесепети
Последствия сильного ветра в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги каттуу шамалдын кесепети

Айрым окурмандар борбор калаанын башка аймактарында да бактар кулаганын билдиришкен.

Чүй, Талас, Бишкектеги шамал

Москвадагы катуу шамалдан кулаган дарак - Sputnik Кыргызстан
Москвадагы шамал: ТИМ каза болгондордун арасында КР жарандарынын бар-жогун текшерүүдө
Жайыл районунда 29-майда саат 18:20дан 19:05ке чейин Кара-Балта шаарынын аймагында ылдамдыгы секундасына 16-28 метрге чейин жеткен катуу шамал катталган. Анын кесепетинен шаардагы үйлөрдүн шиферлери учуп, анын сыныктары жолдо токтоп турган Mitsubishi Pajero үлгүсүндөгү машинанын терезесин талкалаган. Учурда дагы тактоо иштери жүрүп жатат.

Ал эми Талас облусунда ылдамдыгы секундасына 25 метрге жеткен шамал болуп, бактыга жараша, эч ким жабыркабаганын ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Эки күн мурун болгон шамал

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун аймагында 28-майда чак түштө 11:00дөн 12:00гө чейин ылдамдыгы секундасына 23 метрге жеткен шамал болгон. Анын кесепетинен үйдүн жана райондук борбордук оорукананын операциялык бөлүмүнүн чатырын шамал алып кеткен. 

© Фото / пресс-служба МЧС КРТоктогул районунун аймагында үйдүн чатырын шамал алып кеткен
Последствия сильного ветра в Токтогульском районе - Sputnik Кыргызстан
Токтогул районунун аймагында үйдүн чатырын шамал алып кеткен

Ушундай эле катуу шамал Ала-Бука районунда саат 10:00дөр чамасында катталып, Ак-Там айылынын тургундарына бир катар чыгымдарды алып келген. Атап айтканда мөмө-жемиш кургатуучу бастырманын үстүн шамал алып кеткен. Андан сырткары, Жапа-Салды айылындагы сарайдын чатырын учурган. 

© Фото / пресс-служба МЧС КРАла-Бука районунда мөмө-жемиш кургатуучу бастырманын үстүн шамал алып кеткен
Последствия сильного ветра в Ала-Буке - Sputnik Кыргызстан
Ала-Бука районунда мөмө-жемиш кургатуучу бастырманын үстүн шамал алып кеткен

Сузак районунун Курманбек айыл аймагында ылдамдыгы секундасына 15 метрге чейин жеткен шамал болуп, Кара-Чолок айылында эки кабаттуу үйдүн чатыры учуп кеткен. Ал эми З.Тайгараев айыл аймагындагы Кызыл-Суу айылында 11 турак жайдын 30 даана шиферин жана 11 сарайдын чатырын шамал алып кеткен.

Ушундай эле катуу шамал 28-майда саат 13:30дан 16:30дарга чейин Нарын облусунда да катталды.

Шамалдын ылдамдыгы Жумгал районунда 23-28 метрге чейин жетип, алты турак жай менен бир мектептин чатырын учурган.

Кочкор районунда шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрге чейин жетип, бир үй менен мектептин чатырын алып кеткен.

Нарын районунда болгон шамалдын ылдамдыгы 17-20 метрге жеткен. Анын кесепетинен эки үйдүн, бир дүкөндүн жана маданият үйүнүн чатырлары кулаган. 

© Фото / пресс-служба МЧС КРНарын районунда болгон шамалдын кесепети
Последствия сильного ветра в Нарыне - Sputnik Кыргызстан
Нарын районунда болгон шамалдын кесепети

Ак-Талаадагы шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-20 метрге жетип, 25 турак үйдүн чатырын алып кеткен.

Ат-Башы районунда да 18-20 метрге жеткен шамал болуп, бир кампанын чатырын учурган.

Өкмөттүн токтомуна ылайык, Нарын облусу тоолуу район болгондуктан шамалдын ылдамдыгы секундасына 35 метрге жеткенде өзгөчө кырдаал киргизилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0