Чиедей үч баласы менен калган жалгыз бой энеге 6 бөлмөлүү үй курулуп жатат

© Фото / Бактыбек БайматовСтроительство дома для семьи Мамыровых в селе Степное
Строительство дома для семьи Мамыровых в селе Степное - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн жылы жаш балдары менен баш калкалар үйү жок, ижарага батир алып күн кечирип келген 32 жаштагы Айжамал Мамырова коомчулуктан жардам сурап кайрылган.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Үч баласы менен жалгыз калган энеге кайрымдуулуктан чогулган каражатка Чүй облусунун Степное айылында алты бөлмөлүү үй курулууда. Бул туурасында "Кайрымдуу бол" коомдук кайрымдуулук фондунун жетекчиси Азамат Байматов билдирди.

© Фото / Бактыбек БайматовҮч баласы менен жалгыз калган энеге кайрымдуулуктан чогулган каражатка Чүй облусунун Степное айылында алты бөлмөлүү үй курулууда.
Үч баласы менен жалгыз калган энеге кайрымдуулуктан чогулган каражатка Чүй облусунун Степное айылында алты бөлмөлүү үй курулууда. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Үч баласы менен жалгыз калган энеге кайрымдуулуктан чогулган каражатка Чүй облусунун Степное айылында алты бөлмөлүү үй курулууда.
© Фото / Бактыбек БайматовЭскерте кетсек, өткөн жылы жаш балдары менен баш калалар үйү жок, ар кайсы аймакта ижарага батир алып күн кечирген 32 жаштагы Айжамал Мамырова коомчулуктан жардам сурап кайрылган.
Эскерте кетсек, өткөн жылы жаш балдары менен баш калалар үйү жок, ар кайсы аймакта ижарага батир алып күн кечирген 32 жаштагы Айжамал Мамырова коомчулуктан жардам сурап кайрылган. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Эскерте кетсек, өткөн жылы жаш балдары менен баш калалар үйү жок, ар кайсы аймакта ижарага батир алып күн кечирген 32 жаштагы Айжамал Мамырова коомчулуктан жардам сурап кайрылган.
1/2
Үч баласы менен жалгыз калган энеге кайрымдуулуктан чогулган каражатка Чүй облусунун Степное айылында алты бөлмөлүү үй курулууда.
2/2
Эскерте кетсек, өткөн жылы жаш балдары менен баш калалар үйү жок, ар кайсы аймакта ижарага батир алып күн кечирген 32 жаштагы Айжамал Мамырова коомчулуктан жардам сурап кайрылган.

Эскерте кетсек, өткөн жылы жаш балдары менен баш калкалай турган үйү жок, ар кайсы аймакта ижарага батир алып күн кечирген 32 жаштагы Айжамал Мамырова коомчулуктан жардам сурап кайрылган.

"Айжамалдын жолдошу каза болгондон кийин кайын журту батырбай кетирип жиберген экен. Апасынын да жашоо-шарты начар болгондуктан ага жүк болбоюн деп өз арабасын өзү тартып жүргөн. Биз бул тууралуу уккандан кийин кайрымдуулук иш-чараларын баштаганбыз. Каражаттын басымдуу бөлүгү Россия, Корея, Италия өңдүү чет өлкөлөрдө иштеген мекендештерден келип жатты", — деди Байматов

Ошондой эле ал былтыртан бери аталган фонд чогулган каражаттын эсебинен жалгыз бой аялдын турак-жайына болгон ижара акысын төлөп, азык-түлүк менен камсыздап турганын билдирди.

Рождение тройни в Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
Нарында кырктын кырында үч эмдүү болгон Исаевдердин үй-бүлөсү жардамга муктаж
"Үй куруу маселесине келгенде бир жеке ишкер 4 сотых жер тилкесин сатып алып берди. Учурда пайдубалы куюлуп бүтүп, дубалына керектелүүчү материлдар алынды. Күн жылыса эле тургузуп баштайбыз. Азыркы тапта накталай 43 миң сом акчабыз бар. Ал каражат уста акысына жана үстүн жабууга керектелүүчү материалдарды сатып алууга жумшалат. Мындан сырткары, курулуш материалдарын саткан ишкерлер да кол кабыш кылып жардам беребиз деп турушат. Кудай буюрса күзгө чейин үйдү толугу менен бүтүрүүгө аракет кылабыз", — деди кайрымдуулук фонддун жетекчиси.

Учурда Айжамал Мамыров балдары менен жаңы курулуп жаткан үйүнүн жанында темир вагондо жашап жатат.

"Кышта Ак-Жол айылында батирде жашадык. Ал үйдүн ижара мөөнөтү бүткөндөн кийин март айынын башында бул жакка көчүп келдик. Бул айылдан арзаныраак батир табылбагандыктан, темир вагон алып келип беришкен. Улуу балам сегиз жашта, кийинки кыздарымдын бири бешке, кичүүсү үчкө чыгып калды. Алар да үйлүү болот экенбиз деп сүйүнүп отурушат", — деди кубанган эне.

Ал ошондой эле жардам көрсөтүп жаткандарга терең ыраазычылык билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0