Американын Юта штатынын туристтер эң көп келген жерине боз үй тигилди

Жазылуу
Юта штатынын улуттук паркында Борбор Азиянын көчмөн элинин турак-жайы туристтер жана эс алуучулар үчүн өзгөчө эс алуу жайы катары сунушталууда.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Америкадагы туристтер эң көп келген Юта штатынын Гоблин-Вали улуттук паркына боз үй тигилгени парктын расмий сайтында маалымдалды. 

Билдирмеге караганда, боз үйлөр эс алуучуларга өзгөчө жай катары сунушталууда. Жаратылыш паркынын 25 аймагына чоң чатырлар тигилген.

"Өзгөчө жайлуу шарт издегендер үчүн боз үйлөр сунушталат. Борбор Азия элинин улуттук турак-жайына окшоштурулуп жасалган үйлөр бул жакка 2011-жылдан тарта тигиле баштаган. Учурда эс алууну каалагандардын саны күн сайын өсүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Боз үйдүн ичинде түнөп кетүүгө да шарттар каралган. Ошондой эле анын ичине кондиционер жана гриль жасоо үчүн атайын жабдуулар коюлган.

Гоблин-Вали паркы АКШдагы туристтер эң көп келген жерлерден болуп саналат. Ал Юта штатынын борбордук бөлүгүндө жайгашып, Солт-Лейк-Сити шаарынан анча алыс эмес.

Кыргыздардын уникалдуу турак-жайы боз үй жөнүндө Sputnik инфографикасынан көрө аласыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0