13:50 09 Теке 2020
Түз эфир
  • USD78.0266
  • EUR88.0062
  • RUB1.0953
Коом
Кыскача шилтеме алуу
338 0 0

Россиялык жогорку окуу жайларда акысыз окуу үчүн чет өлкөлүк жарандарды тартуу — жылдык жана узак мөөнөттүү долбоор. Бул мамлекет үчүн пайдалуу тышкы саясат үчүн ишмердүүлүк курал.

Росскызматташуу Коомдук фонду чет өлкөлүк жарандарга россиялык университеттерде акысыз окууга ачык кабыл алуу тууралуу жарыялады. Бул тууралуу фондунун жетекчиси Любовь Глебова кененирээк айтып берди.

— Любовь Николаевна, жыл сайын акысыз жогорку билим алуу үчүн Россияга канча чет өлкөлүк келет? 

— Акыркы үч жылда Коомдук фонд жыл сайын 15 миң чет өлкөлүк жаранды биздин окуу жайларда акысыз окууга чакырат. Буга 400дөн ашуун россиялык университеттер катышат.

2016-жылы биринчи жолу кабыл алуу ачык болмой болду. Быйыл биз электрондук түрүндөгү ачык өтүнмө берүү жараянын өткөрдүк. Кабыл алуу жол-жобосунда эч нерсе өзгөрүлгөн жок, бирок кадыресе оңой жана ачык болуп калды. Мурда бул жараяндын тегерегинде "айланып" жүргөн көп ортомчулардын санын маалымат порталы азайтууга жардам берет.

Дүйнөдөгү 198 өлкөнүн жарандары россиялык университеттерге ар түрдүү адистик боюнча окуу үчүн өтүнмөлөрүн жөнөтсө болот. Орус тилчилер, лингвисттер жана филологдор үчүн өзүнчө багыт бөлүнгөн. Орус тилине талап учурда дүйнөнүн бардык булуң-бурчунда бар.

— Россиялык окуу жайдан билим алууну каалаган абитуриент эмне кылышы керек? 

— Алгач www.russia.study порталына катталышы керек. Бул 20 мүнөт убакытты алат, мында чет өлкөлүк жаран ким экендигин күбөлөндүрүп, электрондук кутусун ачат. Тастыктоо каты өтө тездик менен келет. Мындан ары потенциалдуу абитуриент менен тез жана мыкты байланыш болуш үчүн куту керек, бирок ыкчам жооп бериши анын мындан ары окууга кызыккандыгынан көз каранды.

Талапкер аныкталгандан кийин анкетага жол ачылат, ал жерге жеке маалыматтарды, билим жана өздүк ийгиликтер жөнүндө маалыматты, каалаган окуу багытын жана мотивация катын жазуу керек. Ал өлкө боюнча жалпы анкеталардын тизмесине кирет. Андан кийин тигил же бул өлкөнүн оператору (ар бир өлкөдө өз оператор бар) алдын ала талапкерлердин тандоосун жүргүзөт. 

— Жөндөмү азыраак чет өлкөлүк жаран келечектүү абитуриенттердин орун алып койсо кандай болот? Кандайдыр бир конкурстук алдын ала тандоо каралганбы? 

— Росскызматташуунун өкүлчүлүктөрү дүйнөнүн көп мамлекеттеринде бар. Эң эле ийигиликтүү жана таланттуу жаштар катышып окууга же дистанциялык аңгемелешүүгө чакырылат. Мисалы, Сирияга караштуу азыр дистанциялык тандоо форматы киргизилген. Бирок биз Сириядан студенттерди күтөбүз, аларды көрүүгө куштар болобуз.

Акыркы тандоону комиссия өткөрөт, ага илим жана маданияттын Росскызматташуу борборлорунун, элчиликтердин, жергиликтүү билим берүү министрлигинин жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү кирет. Азыр биз университеттер менен комиссияга алардын кызматкерлери да катышуусу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз.

Бул жылы сынактык жана тандоо жол-жобосу аңгемелешүү же тестирлөө түрүндө өтөт. Бирок кийинки жылы биз олимпиада жана тест тутум негизинде толук кандуу баалоо формасына өтүүнү пландаштырып жатабыз. Ар бир өлкө боюнча өзүнчө рейтинг түзүлөт. Тандоонун дагы бир элементи катары чет өлкөлөрдүн аймагындагы россиялык университеттер өткөрүп жаткан олимпиадалар болот. 

— Тандоодон өтпөй калган талапкерлер эмне кылат? 

— Эгерде чет өлкөлүк жаранга 15 миң абитуриентти тандоо чегиндеги квота берилбесе анда ага россиялык университетте келишим боюнча окуу сунушталат. Көпчүлүк жогорку окуу жайларда окуу наркы салыштырмалуу жогору эместигин эсепке алганда (бир далай университеттерде жылына 1000 — 1500 евро) көпчүлүккө ушундай формат ылайыктуу болот.

— Кайсы учурда университеттер өздөрү ишке киришет? 

— Чет өлкөлүк жаран квота чегинде окуу үчүн тандоодон өткөндөн кийин алты жогорку окуу жайды тандайт. Андан кийин кызыктуу механизм кошулат: ар бир университет өзүнүн "электрондук кабинетин" ачып, тигил же бул талапкерди тандайт. Эгерде ал биринчи каалаган жогорку окуу жайына өтпөй калса, анын берилмелери экинчисине өткөрүлөт… Ошентип абитуриент алтынчы университетке жетиши мүмкүн. Эгерде алтынын ичиндеги бир дагы жогорку окуу жай аны тандабаса, анда ОФ Билим берүү жана илим министрлиги башка университетте альтернативдүү окуу вариантын сунуштайт. 

— Россия дүйнөдө мыкты жогорку окуу жайлары бар өлкө деп эсептелине алабы? Билим алуу үчүн эмне себептен Россияга келишет деп ойлойсуз?

— Биринчиден, Россия инженердик адистиктер, табигый илимдер, математикалык багыттар, филология жана орус тили боюнча сапаттуу билим берет. Өзгөчө мотивация пласт катары чет өлкөлөрдө абдан чоң популярдуу болгон медициналык билим эсептелинет. Маданият таануу менен окшош жагдай: орус музыкасы, театр, кино мурдагыдай эле чет өлкөлүктөрдү абдан кызыктырат. Россиялык билим берүү кыйчалыш мезгилди башынан кечирип жатканына карабастан, дүйнөдө мыкты система болуп саналат.

Экинчиден, мисалы Европага караганда Россияда окуу жана жашоо арзаныраак. Үчүнчүдөн, көпчүлүк өлкөлөргө Россия лидер өлкө болуп саналат. Азыркы убакта ар кандай өлкөлөрдө жетекчилик кызматтагы көп адамдар өздөрү качандыр бир кезде Россиядан билим алган. Эми балдарын да окутууну самашат. ОФда окуу кенен дүйнө тааным, пайдалуу тааныштар жана туура багыттама берерин абдан жакшы түшүнүшөт. Бул КМШ өлкөлөрүнө эле эмес, Азия жана Африка, айрым Европа жана Латын Америка өлкөлөрүнө да тиешелүү. 

— Сиздин оюңузча бул долбоор Россияга кандай пайда алып келет?

— Биринчиден, бул университеттерге жана жалпы Россияга өз келечегин курууга, туура инвестицияларды кылууга жардам берет. Россиялык билим алган чет өлкөлүк студенттер өз өлкөсүнө кайтуудан кийин Россияга карата лоялдуу болушат. Эгерде алар илимге киришсе, анда россиялык билим берүү жана илим мекемелери менен тыгыз мамиле түзүшөт. Айрым студенттер бул жерде окуусун улантып, иштеп калышат. Ырасын айтканда, биз өзүбүздүн экономикага жана билим тутумуна керектүү кадрларга ээ болобуз.

Андан тышкары, россиялык университеттерде акысыз окуу квотасы бакалаврга гана эмес, магистр жана аспиранттарга да да тийиштүү. Бул академиялык мобилдүүлүктүн, студенттик алмашуу элементинин түз көрсөткүчү. Жогорку окуу жайлар мамилени эл аралык деңгээлде түзүшөт. Эгерде квота эмес, контракт боюнча окууга келген чет өлкөлүк студенттер жөнүндө айтсак, бул университеттер үчүн сезилерлик киреше болот.

— Россияда окуу үчүн орус тили керек. Бул дүйнөдө татаал тилдердин бири. Чет өлкөлүк студенттерге тил боюнча жардам көрсөтүлөбү?

— Көпчүлүк университеттерде даярдоо факультеттери иштейт. Орус тилин такыр билбеген чет өлкөлүк студенттердин бөлүгү (андайлар жыл сайын 4 миңге жетет) жыл бою ал жерден тил боюнча даярданышат. Бир мындай студентке жылына 100 миң рубль кетет. Бул чыгашалуу нерсе. 

Ошого байланыштуу келечекте башка мамлекеттерде "тышка чыгарылган" даярдоо факультеттерин түзүү, ал жерде орус тилин үйрөтүү жана тестирлөө борборлорун ачуу божомолдонуп жатат.

— Биздин жогорку окуу жайларыбызда акысыз окуу сунушун колдонууга каалоочулар көппү?

— Азыр россиялык студент болууну каалагандардын активдүүлүгү байкалат: адамдар чалышат, социалдык тармактарда суроолорду беришет, порталга катталышат. Азырынча эң жогорку кызыкчылыкты КМШ өлкөлөрдүн жарандары көрсөтүп жатышат, 

Россиялык жогорку окуу жайларда акысыз окуу үчүн чет өлкөлүк жарандарды тартуу — жылдык жана узак мөөнөттүү долбоор. Бул мамлекет үчүн пайдалуу тышкы саясат үчүн ишмердүүлүк курал болгондуктан, келечекте квота санынын көбөйүшүн каалайт элек.

Тема боюнча

Бишкектик 3 окуучу эл аралык жарыштан алтын баштаган 11 медаль алып келишти
Тажикистандык режиссер уулуна татыктуу билим берүү үчүн Бишкекте кароолчу болуп иштейт
Белгилер:
абитуриент, студент, чет өлкө, квота, окуу жай, Россия

ЭҢ МААНИЛҮҮ