https://sputnik.kg/20260907/1103516816.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда 2026-жылдын 1-октябрынан тарта пенсиялар көбөйтүлөт. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тиешелүү токтомго кол койгону кабарланды... 07.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-07T19:00+0600
2026-09-07T19:00+0600
2026-09-07T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/07/1103516650_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_9313a876575749c0b9e5538aebad8354.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда 2026-жылдын 1-октябрынан тарта пенсиялар көбөйтүлөт. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тиешелүү токтомго кол койгону кабарланды. Пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 20 пайызга көбөйтүлөт. Бирок кошулган акча 1 000 сомдон кем эмес жана 10 000 сомдон ашык болбойт;1-октябрдан кийин өлкөдө эң аз пенсия 8 800 сомдон кем болбойт. Эгер буга чейин берилип жаткан пенсия көбөйтүлгөндөн кийин да бул суммага жетпей калса, мамлекет аны 8 800 сомго чейин толуктап берет;Мурда кошумча төлөмү менен 6 900 сом жана 7 100 сом алып жүргөн жарандардын негизги пенсиясы алгач ушул чекке чейин көтөрүлөт. Андан соң гана аларга жаңы 20 пайыздык жогорулатуу кошулат.Бул максатта Финансы министрлиги Социалдык фондго бюджеттен дээрлик 34 миллион сом бөлөт. Жаңы эрежелер 2026-жылдын 1-октябрынан тартып иштей баштайт.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Казакстан биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.Ал командалык эсеп боюнча медалдарды эсептөөдө техникалык мүчүлүштүктөр кеткенин, бүгүн уюштуруу комитети Казакстандын үч спортчусунун ар биринин медалын өзүнчө эсептөө чечимин кабыл алганын белгиледи."Жалпы командалык эсепте Казакстан биринчи орунду ээледи. Казак боордошторубузду жеңиши менен куттуктайбыз! Медалдын эсеби — спорттун бир бөлүгү, ал эми бул оюндардын эң чоң жеңиши атаандаштыкты сый-урмат менен өткөрүп, боордош элдердин ынтымагын дагы бир жолу көрсөтө алганыбыз болду", — деди маалымат катчы.
Талас шаарында 10-11-сентябрь күндөрү базар жана соода жайлары иштебей турганын калаа мэриясы билдирди.Муниципалитет мындай чараларды санитардык иштерге байланыштырган. Убактылуу жабыла турган жайлардын катарында борбордук базар, кийим-кече, курулуш материалдарын, автотетик саткан дүкөндөр, дөңгөлөк оңдогон жайлар бар. Ал эми кафе жана тамактануучу жайлар, азык-түлүк дүкөндөрү кадимки тартипте иштей бермекчи.Эскерте кетсек, быйыл Эгемендүүлүк күнү Таласта 11-12-сентябрь күндөрү белгиленет. Ушу тапта көз карандысыздыктын 35 жылдыгына арналган майрамга даярдык кызуу жүрүүдө.
АКШ президентинин атайын өкүлдөрү Стив Уиткофф менен Жаред Кушнердин Киевге сапары Владимир Зеленский түмөн түйшүккө батып турганда жасалды. Бул тууралуу германиялык Berliner Zeitung басылмасы жазды.Гезиттин маалыматына караганда, америкалык делегация Украинага коррупциялык иштерден улам ички саясий кризис курчуп турганда келген. Berliner Zeitung Энергоатомдогу 100 миллион долларлык пара менен байланыштуу чыр барган сайын күчөп, Зеленскийдин жакын адамдарынын көбүнө тийиштүү болуп бара жатканын жазды. АКШлык өкүлдөр кечээ Киевде украин жаңжалын жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. ТСН телеканалынын маалыматы боюнча, жолугушуу бир нече этап менен өтүп, кийинчерээк Улуу Британия, Франция жана Германиянын өкүлдөрү кошулган.
Кыргызстанда 2026-жылдын 1-октябрынан тарта пенсиялар көбөйтүлөт. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тиешелүү токтомго кол койгону кабарланды. Пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 20 пайызга көбөйтүлөт. Бирок кошулган акча 1 000 сомдон кем эмес жана 10 000 сомдон ашык болбойт;1-октябрдан кийин өлкөдө эң аз пенсия 8 800 сомдон кем болбойт. Эгер буга чейин берилип жаткан пенсия көбөйтүлгөндөн кийин да бул суммага жетпей калса, мамлекет аны 8 800 сомго чейин толуктап берет;Мурда кошумча төлөмү менен 6 900 сом жана 7 100 сом алып жүргөн жарандардын негизги пенсиясы алгач ушул чекке чейин көтөрүлөт. Андан соң гана аларга жаңы 20 пайыздык жогорулатуу кошулат.Бул максатта Финансы министрлиги Социалдык фондго бюджеттен дээрлик 34 миллион сом бөлөт. Жаңы эрежелер 2026-жылдын 1-октябрынан тартып иштей баштайт.VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Казакстан биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.Ал командалык эсеп боюнча медалдарды эсептөөдө техникалык мүчүлүштүктөр кеткенин, бүгүн уюштуруу комитети Казакстандын үч спортчусунун ар биринин медалын өзүнчө эсептөө чечимин кабыл алганын белгиледи."Жалпы командалык эсепте Казакстан биринчи орунду ээледи. Казак боордошторубузду жеңиши менен куттуктайбыз! Медалдын эсеби — спорттун бир бөлүгү, ал эми бул оюндардын эң чоң жеңиши атаандаштыкты сый-урмат менен өткөрүп, боордош элдердин ынтымагын дагы бир жолу көрсөтө алганыбыз болду", — деди маалымат катчы.Талас шаарында 10-11-сентябрь күндөрү базар жана соода жайлары иштебей турганын калаа мэриясы билдирди.Муниципалитет мындай чараларды санитардык иштерге байланыштырган. Убактылуу жабыла турган жайлардын катарында борбордук базар, кийим-кече, курулуш материалдарын, автотетик саткан дүкөндөр, дөңгөлөк оңдогон жайлар бар. Ал эми кафе жана тамактануучу жайлар, азык-түлүк дүкөндөрү кадимки тартипте иштей бермекчи.Эскерте кетсек, быйыл Эгемендүүлүк күнү Таласта 11-12-сентябрь күндөрү белгиленет. Ушу тапта көз карандысыздыктын 35 жылдыгына арналган майрамга даярдык кызуу жүрүүдө.АКШ президентинин атайын өкүлдөрү Стив Уиткофф менен Жаред Кушнердин Киевге сапары Владимир Зеленский түмөн түйшүккө батып турганда жасалды. Бул тууралуу германиялык Berliner Zeitung басылмасы жазды.Гезиттин маалыматына караганда, америкалык делегация Украинага коррупциялык иштерден улам ички саясий кризис курчуп турганда келген. Berliner Zeitung Энергоатомдогу 100 миллион долларлык пара менен байланыштуу чыр барган сайын күчөп, Зеленскийдин жакын адамдарынын көбүнө тийиштүү болуп бара жатканын жазды. АКШлык өкүлдөр кечээ Киевде украин жаңжалын жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. ТСН телеканалынын маалыматы боюнча, жолугушуу бир нече этап менен өтүп, кийинчерээк Улуу Британия, Франция жана Германиянын өкүлдөрү кошулган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/07/1103516650_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_eb33ddffa8e4eb3f5bdbcf3856d157b8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио