Үмөталиева Токтайым Жумаковна — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековДиректор ассоциаций некоммерческих и неправительственных организаций Токтайым Уметалиева. Фото с сайта eadaily.com
Директор ассоциаций некоммерческих и неправительственных организаций Токтайым Уметалиева. Фото с сайта eadaily.com - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Токтайым Үмөталиева 1962-жылдын 4-апрелинде Талас облусуна караштуу Ленинпол айылында туулган.

1984-жылы Кыргыз улуттук университетин физика адистиги боюнча, 2003-жылы Кыргызстандын ТИМинин Дипломатиялык академиясынын аспирантурасын аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1984 – 1998 — Кыргыз улуттук университетинин физика кафедрасынын улук окутуучусу;
  • 1995 – 1999 — "Уникум" өндүрүш-коммерциялык фирмасынын директору;
  • 2000 – 2010 — Бейөкмөт жана Коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын төрайымы;
  • 1997 — "Ай-Данек" гезитинин башкы редактору;
  • 2001 — "Кыргызстанды комплекстүү өнүктүрүүнүн негизи" программасынын улуттук кеңешинин мүчөсү;
  • 2000 — Кыргызстандын аялдар, үй-бүлө жана жаштар улуттук комиссиясынын мүчөсү;
  • 2001 — Президенттин алдындагы мамлекеттик кызматкерлердин этика маселесин караган комиссия мүчөсү;
  • 2002 — Кыргызстандын ички иштер министринин коомдук кеңешчиси, Жогорку Кеңештин алдындагы консультанттык кеңештин мүчөсү;
  • 2002 – 2005 — Европа менен Орто Азиянын, постсоветтик аймактын жана Түркиянын коммерциялык эмес ассамблеясынын төрайымы;
  • 2002 — Кыргызстандын баш мыйзамын редакциялоо боюнча Конституциялык кеңешменин мүчөсү, ЮНИСЕФтин координатору;
  • 2003 — Кыргыз мамлекеттүүлүгүн өткөрүү боюнча республикалык уюштуруу комитетинин мүчөсү;
  • 2004 — Кыргызстандын демократиялык коопсуздугу боюнча президиумдун коомдук кеңешинин мүчөсү;
  • 2004 — Социалдык мобилизациялоо мамлекеттик комиссиясынын мүчөсү;
  • 2005-жылдын март айы — "Жоогазын" революциясынын катышуучусу;
  • 2005-жылдын июль айы — президенттик шайлоого катышкан;
  • 2009-жылдын июль айы — президенттик шайлоого катышкан;
  • 2010-жылдын апрель айы — 7-апрелдеги төңкөрүштүн катышуучусу;
  • 2017-жылдын сентябрь айы — Кыргызстандын президенттигине талапкер болуп катталган;

Үй-бүлөлүү, үч баланын энеси.

Жаңылыктар түрмөгү
0