Насирдин Байтемиров 1916-жылы Чүй өрөөнүнө караштуу Кегети айылында туулган. Болочок жазуучунун энеси Арууке элдик жомокторду жакшы билген, кошокчу, сөзгө чебер аял болгон.
Насирдин айылдык мектепти аяктагандан кийин 1934-жылдан тартып Фрунзедеги зооветеринардык институтта билим алат.
Ал эми 1937-1939 жылдары аскер кызматын ѳтүп келгенден кийин бала кезинен бери угуп келе жаткан энеси Арууке менен агасы Касымдын айтып берген жомокторунун негизинде "Жомоктор" аттуу китебин чыгарат. Негизи жазуучунун чыграмачылыгына өз үй-бүлөсүнөн тышкары, ошол кездеги Калмырза, Жаманкул менен Осмонкул сыяктуу белгилүү ырчылар да чоң таасир берген.
Согуш жылдары Байтемиров айылда эсепчи, зоотехник, мугалим болуп иштеп, комсомолдук милдеттерди да аткарган. Дал ошол мезгилде алган турмуштук тажрыйбасы Байтемировдун болочок жазуучулук эмгегине чоң таасир берип, ар кыл мазмундагы бай материал болгон.
1945-жылы Фрунзеге келип, "Кызыл Кыргызстан" газетасына кызматка орношот.
1947-1950-ылдары жана 1955-1967-жылдары Насирдин Байтемиров Кыргызстан жазуучулар союзунун адабий кеңешчиси болуп иштеген.
Ал эми 1955-жылы Москванын М.Горький атындагы адабият институтун бүтүргөн. Ошол эле жылы жазуучунун "Акыркы ок" романы жарык кѳрөт.
Насирдин Байтемировдун чыгармачылыгында орчундуу орунду тарыхый мазмундагы чыгармалары ээлейт. Буга 1966-жылы чыккан "Тарых эстелиги" романы, андан кийинки "Уркуя"драмасы күбө. Драматург катары "Уркуядан" башка, "Кγйѳѳ", "Ким кγнѳѳлγγ?", "Жолдо" аттуу драмаларын, айтылуу "Аста, секин колукту" музыкалуу комедиясын да жараткан. Насыр Давлесовдун музыкасын салынган бул чыгарма азыркыга чейин кыргыз опера жана балет театрында коюлуп келет.
Насирдин Байтемиров "Кыргыз эл жазуучусу", "Кыргыз искусствосуна эмгек сиңирген ишмер" ардактуу наамдарынга татыган. Ошондой эле Эмгек Кызыл Туу, "Ардак Белгиси" ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Ал 1996-жылы дүйнөдөн кайткан.