Кубанычбек Маликов — өмүр баяны

© Фото / из семейного архива МаликовыхКыргыз эл акыны, жазуучу жана драматург Кубанычбек Маликов
Кыргыз эл акыны, жазуучу жана драматург Кубанычбек Маликов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз эл акыны, жазуучу жана драматург Кубанычбек Маликовдун өмүрү жөнүндө Sputnik таржымалынан таанышыңыз.
Кубанычбек Маликов 1911-жылы 16-сентябрда Чүй өрөөнүндөгү азыркы Ысык-Ата районуна караштуу Үч-Эмчек айылында туулган. Атасы Иманалынын жети баласы болгон, бирок төрт баласы өлүп, Кубанычбек менен дагы эки кызы гана чоңоёт. Турмуш шартына байланыштуу болочок акындын үй-бүлөсү борбор калаага жакын Төкөлдөш айылында көчүп келет.
Кубанычбек Маликов калемди эрте колуна алган. 15 жашында эле "Эркин-Тоо" гезитинин өз кабарчысы болот. Ал күнүмдүк жаңылыктар менен катар аялдардын теңдиги, эскиден калган терс көрүнүштөргө каршы күрөш, жер-суу реформасы сыяктуу социалдык терең маанилүү темаларга түрдүү макалаларды жазат.
Ал эми алгычкы "Жазгы талаа" аттуу ырын 1926-жылы жараткан. Ошол мезгилден баштап өмүрүнүн акырына чейин түрдүү жанрдагы ырларды, поэмаларды, кара сөз менен жазылган чыгармаларды жараткан. "Ак кептер", "Аёо", "Келген жок" аттуу элдик болуп калган обондуу ырлардын да сөзү Маликовдун калемине таандык.
1931-жылы Кубанычбек Маликов педтехникумду аяктагандан кийин "Ленинчил жаш" гезитинде редактордун орун басары болуп иштеп калат.
1934-жылдан тартып 1952-жылга чейин "Кызыл Кыргызстан" гезитинин жооптуу катчысы, "Кыргызмамбастын" көркөм адабият редакциясында бөлүм башчысы, Кыргызстан жазуучулар башкармалыгынын катчысы, Ворошилов ГЭСинин курулушунда жумушчу колоннасынын комиссары сыяктуу бир топ кызматтарда иштеген иштеген.
Акындын замандаштары Маликовдун калеми курч, жогорку жетекчилердин алдында тайманбай өз оюн айткан, чечкиндүү адам болгон деп эскеришет. Ал чыгармачылык менен катар администартивдик кызматтарда да болуп, драмтеатрды, искусство иштери боюнча башкармачылыкты, республикалык жазуучулар союзун да жетектеген.
Акын башка калемдештери менен катар эле өз доорунун идеологиясына ылайык чыгармаларды жаратканы мыйзам ченемдүү көрүнүш. 1930-жылдарда ал "Жаңы айылдын эрмеги", "Элдин уулу", "Пахтачы кыздын ыры", "Сен жолдошум" сыяктуу поэтикалык чыгармалары менен катар "Таш күзгүнүн түбүндө" аттуу сатирасын да жараткан. Ошондой эле жазуучунун калемине "Сарала козу", "Ачылган айып" аттуу аңгемелер, "Азаматтар" повести жана "Сапардын сүйүү сырлары”, “Жапар менен Шарипа” деген лирикалык поэмалар да таандык.
Желек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Байдылда Сарногоев — өмүр баяны
Кийинки 70–жылдарда жарык көргөн ырларында да советтик, коммунистик тематикалар басымдуулук кылганы менен, кол жазмаларында сакталып, акындын көзү өтүп кеткенден кийин жарык көргөн чыгармалары башка маанайда, жашоо-турмуш жөнүндөгү философиялык мазмунда жазылганы байкалат.
Маликов курулай эле идеологияга берилип, ар кандай максатты көздөгөндөрдү сокурчулук менен ээрчибестен, турмушка өз алдынча сын ой менен карап, ал кездеги айрым саясатка туура келбесе да, нукура элдин тарыхына, дүйнө таанымына багышталган чыгармаларды да жаратканы белгилүү. Анын кыргыздын совет дооруна чейинки колго тутар баатырларынын бири Эшкожо уулу Балбайга арналган "Балбай" аттуу поэмасы 1940-жылы жарык көрүп, кийин улутчул деген жалган жалаа менен толук жок кылынып кеткен. Акындын шакирти Омор Султанов бул туурасында мындай деп эскерген: "Ал китебин эл түтүнмө-түтүн суратып, айылма-айыл ат чаптырып алып келдирип окушчу, тээ кокту-колотуна чейин. Кийин ага да бирөөлөрдүн ичи жарылып, көрө албай, "улутчул чыгарма" деп жазып ийип, бүт алдырып салышты".
Ошол согушка чейинки жазылган дагы бир "Бекжан" аттуу романы такыр эле жарык көрбөй калат, себеби андагы башкы каармандын трототиби колхоздун башкармасы болуп иштеген Эсенаманов аттуу киши эл душманы катары кесилип кеткен эле…
Улуу Ата мекендик согуш башталганда Кубанычбек Маликов өз ыктыяры менен майданга аттанат. Бирок алгач Түркмөнстанга даярдыктан өтүп жүрсө, КП(б) БКдан искусство адамдары үчүн бронь келип, жазуучуну кайра чакыртып алышат. Ошентсе да Маликов кыргыз эли блокадада калган ленинграддыктар үчүн топтогон азык-түлүктү темир жол менен ошол түндүктөгү шаарга чейин коштоп барган. Ал окуяга арнап акын “Ленинград күндөлүгүн” жазган эле.
Замандаштарынын эскерүүлөрүнө караганда, Кубанычбек Маликов ак жеринен эл душманы аталып кеткендерди актоо үчүн көп аракеттерди жасаган экен. Мисалы, партиянын аткаруу комитетинин төрагасы Абдукерим Уразбековго жана башка бир топторуна жакшы аттарын кайтарып бериптир.
Акындын чыгармачылыгында орчундуу орун ээлеген дагы бир нерсе – "Манас" эпосу. Маликов бул элдик чыгарманы мыкты билген, ыңгайы келе калганда айта да койчу деп Омор Султановдун жазганы бар. Ошондой эле акындын урпактары 1964-жылы Искак Раззаков үйүнө келгенде Маликов бир саат бою ага "Манас" айтып бергенин эскеришет. Аалы Токомбаев менен бирге улуу манасчылар Саякбай менен Сагынбайдын жалпылашкан вариантынан турган "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтигин басууга даярдаган. Эпостун дал ошол варианты казак, тажик жана өзбек тилдерине которулган.
Белгилүү кыргыз жазуучулары Жусуп Турусбеков, Түгөлбай Сыдыкбеков жана Мукай Элебаев (оңдо акыркы) Эркиндик бульварында эс алууда. Фрунзе 1940 - Sputnik Кыргызстан
Мукай Элебаев — өмүр баяны
Маликов Кыргыз ССРинин гимнин жараткан авторлордун бири. Ошондой эле ал башка акындар менен бирге "Айчүрөк" жана "Манас" операларына либретто жазган. Анын "Сейтек" операсына узак жылдар бою жазган либреттосу кол жазма бойдон калган. Буга ал кездеги расмий бийликтин адабиятта жана деги эле искусстводо улуттук бөтөнчөлүктүн пайда болушуна өтө коомай карашы себеп болуптур.
Кубанычбек Маликовду колу ачык, жоомарт адам катары эскеришет замандаштары. Ал кепти да таба билген, тамашаны да тамай айткан адам болгон. Ошондуктан анын үйүнөн өзбек акыны Миртемир, тажик акыны Мирзо–Турсун–заде, СССРдин эл артисти Тамара Ханум, орустун балдар жазуучусу Сергей Баруздин, казак калемдеши Сабит Муканов, белгилүү Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Сайра Кийизбаева, Дааркүл Күйүкова сыяктуу өз доорунун белгилүү адамдары үзүлчү эмес экен.
Кубанычбек Маликов өзү көп окуган, көп нерсени жатка билген адам болгон. Досторунун суроолоруна кайсы сөздү кайсы китептин кайсы бетинен тапса болорун оңой эле айтып берчү экен.
Билими терең, өз улутунун анык интеллигенти катары акын башка элдердин маданиятына өтө сый мамиле кылган. Өзбекпи, казакпы, татарбы же азербайжанбы, украинби, ар биринин өз тилинде баарлашууга аракет кылчу экен.
Кубанычбек Маликов өзүнө замандаш башка жазуучулардай эле кыргыз окурмандарын бөлөк элдин чыгармалары менен тааныштырууга да далалаттанган. Анын Пушкин, Лермонтов, Маяковский, Михалков, Маршак сыяктуу жазуучулардын ырларын которгону белгилүү.
Ал белгилүү "Интернационалды" кыргызчалоого да катышкан.
Кубанычбек Маликов драматург катары да өз эмгектерин калтырып кеткен. Ал "Бийик жерде", "Бир көчөнүн кыздары", "Жаңыл", "Адылдын иши", "Айланган тоонун бүркүтү", "Осмонкул" деген пьесаларды жараткан. Бул опералар жана пьесалар азыр да сахнада коюлуп келет.
Кыргыз адабиятына кошкон салымы үчүн Ленин, Эмгек Кызыл Туу, үч жолу "Ардак Белгиси" ордендери жана бир топ медаль, грамоталар менен сыйланган.
Акын, драматург жана жазуучу Кубанычбек Маликов 1978-жылы Фрунзе шаарында (азыркы Бишкекте) дүйнөдөн кайткан.
Урпактарынын эскерүүсүндө ал оюнда жазсам деп жүргөн чыгармалары жөнүндө айтып, "Дагы бир үч жыл жашасам бүтөт элем", — дечү экен…
Народный писатель Киргизской ССР Касымалы Баялинов - Sputnik Кыргызстан
Касымалы Баялинов — өмүр баяны
Жаңылыктар түрмөгү
0