Жапаров чек ара жаңжалын жөнгө салууну Артём Новиковго тапшырды

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевБиринчи вице-премьер Артем Новиков. Архив
Биринчи вице-премьер Артем Новиков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2021
Жазылуу
Президент ТИМге дагы дипломатиялык жолдор аркылуу кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча ишти улантууну тапшырды.
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы окуя боюнча өкмөт мүчөлөрү менен ыкчам жыйын өткөрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Анын жыйынтыгында кырдаалды жөнгө салуу жана изилдөө үчүн биринчи вице-премьер Артём Новиков башында турган жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынган.
Тышкы иштер министрлигине дипломатиялык жолдор аркылуу кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча ишти улантуу тапшырылган.

Баткендеги жаңжал

28-апрелде күндүз Баткен районунда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан. Чыр-чатак тажик тарап Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагынан шагыл жүктөп, мамыларга видеокөзөмөл орнотууга киришкенден кийин башталган.
Ошондон кийин аталган аймакка эки тараптан 100-150дөй киши чогулуп, бири-бирин таш менен ургулаган. Кечке маал абал салыштырмалуу тынчыганы менен, бирок таңга жуук кайрадан курчуган.
УКМК башчысы Камчыбек Ташиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2021
Ташиев Кыргызстанга учуп келе жатканын айтты
Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырымды түзөт, бүгүнкү күндө анын 504 чакырымы гана такталган. Эки өлкө эгемендүүлүк алгандан бери талаштуу 70 аймактын тагдырын чече албай келет.
Ал эми кыргызстандын борбору Бишкек шаарында чек ара чырына байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаттары жыйынга чогулмай болду.
Соңку маалыматтар боюнча, 11 киши жаракат алды.
Жаңылыктар түрмөгү
0