Садыр Жапаров: Матраимов боюнча сот чечимине кийлигишпейбиз, бирок иш уланат

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Садыр Жапаров. Архив
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2021
Жазылуу
Мамлекет башчы УКМК башка өлкөлөргө сурам жөнөткөндүгүн, анын жыйынтыгын күтүп туруу керектигин айткан.
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Кечээ сот Райымбек Матраимовдун 2 миллиарддан ашуун акча төгүп берген эпизоду менен 260 миң сом айып пул салып, чечим чыгарган экен, биз соттун ишине кийлигишпейбиз. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров "Кабар" улуттук маалымат агенттигине берген маегинде айткан.
Агенттик Матраимовду кечээ сот 260 миң сом айып пул менен бошотуп жиберип, бул коомчулуктун нааразычылыгын жараткандыгын жана иши ушуну менен аяктап калдыбы деген маанайда суроо узаткан.
"Райым Матраимов тергөө менен кызматташуу деген берененин негизинде күнөөсүн мойнуна алып, 2 миллиарддан ашуун акча төгүп берген. Бул бир эле эпизод менен. Кечээ сот ошол эпизод менен 260 миң сом айып пул салып, чечим чыгарган экен. Соттун ишине кийлигишпейбиз", — деген Жапаров.
Президент ага улай УКМК бул боюнча башка өлкөлөргө сурам жөнөткөндүгүн, анын жыйынтыгын күтүп туруу керектигин айткан.
Фемида айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2021
Прокурор, УКМК менен макулдашкан. Сот Матраимовго чыккан өкүмдү түшүндүрдү
"Мага УКМКнын берген маалыматы боюнча кошуна өлкөлөргө, Дубайга кандай операцияларды жасаганы жөнүндө, банктык эсептери жана мүлктөрү боюнча суроо салып, кат жөнөтүшкөн экен. Алардын жообу келсе иш уланат. Бул бойдон калбайт. Ошондуктан эл сабырдуу болуп туруш керек. Ар бир иштин бүтчү күнү болот. Ар кайсы күчтөр же алардын артында акча каражат менен камсыздап, "Кыргызстанга бүлүк салгыла, жекшемби сайын митинг уюштургула" деп буйрук берип турган күчтөрдү да билебиз. Баары толук көзөмөлүбүздө. Ошолордун жетегине кирип кетпегиле. Башаламандык болуп кетсе алар элдин тагдырына жооп бербейт", — деген президент.
Эске салсак, 11-февралда Биринчи май райондук соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовду коррупцияга күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып салды. Судья Гүлзат Дыйканбаеванын чыгарган өкүмүнүн негизинде Матраимовдун жана анын жакын туугандарынын камакка алынган мал-мүлкү ээлерине кайтарылган. Чет жакка чыкпоо боюнча тандалган баш коргоо чарасы күчүн жоготкон.
Биринчи май райондук сотунун судьясы Гүлзат Дыйканбаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2021
Үч ай мурун Жапаров дайындаган. Матраимовду бошоткон судья тууралуу фактылар
Райым Матраимов өткөн жылдын 20-октябрында бажы тармагындагы коррупция боюнча айыпталып, УКМК тарабынан кармалган. Биринчи май райондук соту баш коргоо чарасын тандап, сыртка чыкпоо тууралуу тил кат алган болчу.
Кийинчерээк ал мамлекетке келтирилген эки миллиард сомдук зыянды толтурууга макул болгону айтылган. Анын 1,4 миллиардын акчалай, калган 600 миллион сомуна бир соода борбору, тогуз батирин өткөрүп берген.
Жаңылыктар түрмөгү
0