Өкмөттө кыска убакытта аткарылууга тийиш болгон милдеттер айтылды

© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПремьер-министрлик кызматтагы Садыр Жапаров өкмөт аппаратынын бөлүм башчылары менен жыйын өткөрүү учурунда
Премьер-министрлик кызматтагы Садыр Жапаров өкмөт аппаратынын бөлүм башчылары менен жыйын өткөрүү учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элдик толкундоолордон жаралган кырдаалдан кийинки кыйчалыш абалда бардык мамлекеттик органдар штаттык режимде иштеши зарыл.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Премьер-министрлик кызматтагы Садыр Жапаров өкмөт аппаратынын бөлүм башчылары менен жыйын өткөрүп, учурда өлкөдөгү маанилүү болуп турган маселелерди жөнгө салуу жаатында тапшырмаларды берген. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПремьер-министр КР Садыр Жапаров во время рабочего совещания с руководителями структурных подразделений Аппарата Правительства
Премьер-министрлик кызматтагы Садыр Жапаров өкмөт аппаратынын бөлүм башчылары менен жыйын өткөрүп, учурда өлкөдөгү маанилүү болуп турган маселелерди жөнгө салуу жаатында тапшырмаларды берген - Sputnik Кыргызстан
1/3
Премьер-министрлик кызматтагы Садыр Жапаров өкмөт аппаратынын бөлүм башчылары менен жыйын өткөрүп, учурда өлкөдөгү маанилүү болуп турган маселелерди жөнгө салуу жаатында тапшырмаларды берген
© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПремьер-министр КР Садыр Жапаров во время рабочего совещания с руководителями структурных подразделений Аппарата Правительства
Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты - Sputnik Кыргызстан
2/3
Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты
© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПремьер-министр КР Садыр Жапаров во время рабочего совещания с руководителями структурных подразделений Аппарата Правительства
Ал аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнө күз-кыш мезгилинен туруктуу өтүүнү камсыздоо жана коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүү боюнча чараларды кабыл алууну айткан. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Ал аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнө күз-кыш мезгилинен туруктуу өтүүнү камсыздоо жана коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүү боюнча чараларды кабыл алууну айткан.
1/3
Премьер-министрлик кызматтагы Садыр Жапаров өкмөт аппаратынын бөлүм башчылары менен жыйын өткөрүп, учурда өлкөдөгү маанилүү болуп турган маселелерди жөнгө салуу жаатында тапшырмаларды берген
2/3
Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты
3/3
Ал аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнө күз-кыш мезгилинен туруктуу өтүүнү камсыздоо жана коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүү боюнча чараларды кабыл алууну айткан.
"Өлкөнүн мындан ары өнүгүшү үчүн туруктуулукту сактоо маанилүү. Бардык мамлекеттик органдар штаттык режимде иштеши зарыл. Алдыбызда мамлекеттик башкаруу тутумун оптималдаштыруу жана бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтуу, экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү, бизнести колдоо боюнча милдеттер турат. Бул багыттагы иш-чаралар кыска убакыттын аралыгында аткарылууга тийиш", — деди Жапаров.

Учурда кайсы банктардын банкоматтары иштеп жатат. Тизме

Ал аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнө күз-кыш мезгилинен туруктуу өтүүнү камсыздоо жана коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүү боюнча чараларды кабыл алууну айткан.

Андан сырткары, төмөнкү маселелерде ишти жөндөө зарылдыгы белгиленген;

  • бизнес-коомчулук өкүлдөрү менен жолугушууларды уюштуруу;
  • донордук уюмдар менен жолугушууларды өткөрүү;
  • социалдык төлөмдөрдүн өз учурунда төлөнүп берилишин камсыздоо;
  • салык жана бажы процедураларын фискалдаштыруу боюнча программаларды ишке ашыруу;
  • коомдук жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо.
Жаңылыктар түрмөгү
0