00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Автоматтык станциялар жөнөтүлгөн: Кыргызстан кантип СССРдин космостук жеңишинин бир бөлүгү болду
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как строится экспорт из Кыргызстана в страны ЕАЭС и что мы туда продаем
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жылуулук тармактарынын 68,6 пайызынын эскилиги жетти: кандай чаралар көрүлүүдө?
11:04
24 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
MedExpo Kyrgyzstan 2026: Россия менен медицина тармагындагы кызматташтык
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Магия кадра: почему одни снимки становятся легендами, а другие исчезают в ленте
12:05
29 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкекте эл аралык медициналык форум өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как развивался капитализм — беседа о социуме
14:05
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
15:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Ак көңүл, бирок катаал жетекчи: полковник Жумалы Кубатов
17:05
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Бишкекте алыш бел боо боюнча Азия чемпионаты өтөт — алыш олимпиадага качан кошулат?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
«Это поменяло мое мировоззрение» — легендарный Салижан Шарипов о космосе
20:06
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"КТ Мобайл" ишканасынын ишмердигин депутаттык комиссия иликтейт

Жазылуу
Депутаттар тийиштүү комитетти түзүү боюнча сунушту колдошту.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары "КТ Мобайл" мамлекеттик ишканасынын ишмердигин, айлык акыларын текшерүү боюнча депутаттык комиссия түздү. Мындай сунушту парламенттин 15-майдагы жалпы жыйынында 98 депутат колдоп, бир депутат каршы болду.

Алгач "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев мамлекеттин үлүшү бар мекемелердин эффективдүүлүгүн, айлыктарын, премияларын текшере турган комиссия түзүү демилгесин көтөрдү. Аны депутаттар колдоого алды.

Ал эми депутат Төрөбай Зулпукаров КСДП фракциясы да "КТ Мобайл" мамлекеттик ишканасынын ишмердигин текшерүү боюнча чечим кабыл алганын айтып, алардын да сунушун эске алууну белгиледи.

"Биздин фракция да "КТ Мобайл" боюнча комиссия түзүүнү сунуштайт жана колдойт. Азыр ага (комиссиянын курамы - ред.) кирүүнү каалагандар көп болуп жаткандыктан, курамды такташыбыз керек болуп жатат", — деди ал.

Монтаж вышек сотовой связи в Томской области - Sputnik Кыргызстан
Ишке кире элек "КТ Мобайл" мамкомпаниясынын карызы 170 млн. сомду түздү
Талкуу учурунда төрага Дастан Жумабеков фракция лидерлерине кайрылып, депутаттык комиссиянын курамына кимдер кире турганын тактап, 16-майдагы жыйында берүүнү сунуштады.

Эске салсак, социалдык тармактарда "КТ-Мобайл" мамлекеттик компаниясынын башкы директору 350 миң сом, орун басары 300 миң, ал эми техникалык директору 290 миң сом айлык алары боюнча маалымат тараган. Кийин компаниянын жетекчилиги маалымат жыйын өткөрүп, башкы директордун айлыгы анчалык көп эмес экенин төгүндөгөнгө аракет кылып, компаниядагы эң жогорку айлык 157 миң сом экенин билдирген. Ошол эле учурда мынчалык айлыкты ким аларын коммерциялык сыр деген жүйө менен айткан эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0