00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Когда тают ледники: может ли искусственный лёд решить проблему воды - о технологии с ее реализатором
08:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Шералы Сыдыков атындагы спорттук колледж — улуттук курама үчүн чемпиондорду даярдаган башкы мектеп
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Воздушный кодекс, «черный список» и борьба с туманом – беседа с главой Агентства гражданской авиации
10:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Буллингди кадимки уруш-талаштан кантип айырмалайбыз? — балдар психологу менен маек
11:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Инновациялык кесиптер институту — кайсы багыттагы адистерди даярдайт?
13:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жээнбеков форумда Кытайдын Кыргызстан үчүн кандай кошуна экендигин айтты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент КР Сооронбай Жээнбеков во время встречи с председателем КНР Си Цзиньпинем на сессии второго форума "Один пояс — один путь" в Пекине
Президент КР Сооронбай Жээнбеков во время встречи с председателем КНР Си Цзиньпинем на сессии второго форума Один пояс — один путь в Пекине - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жээнбеков өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү колдоону уланта турганы жөнүндө Си Цзиньпин билдирүүсүн Кыргызстанды колдоо катары кабыл алгандыгын айткан.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Кытайдын өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү колдоону уланта турганы жөнүндө Сиздин (Си Цзиньпин – ред.) билдирүүңүздү бизди колдоо катары кабыл алдык. Президент Сооронбай Жээнбековдун мындай пикирин "Бир алкак — бир жол" эл аралык форумунда сүйлөп жатып айтканын мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Мамлекет башчы 2019-жылдын 25-апрелинде жумушчу сапары менен Кытайга кеткен.

Президент "Бир алкак – бир жол" эл аралык кызматташтыктын экинчи форумундагы эл аралык кызматташтык боюнча сессиялардын ишине катышкан.

Форумдун 1-сессиясында Жээнбеков да "Өнүгүүнүн жаңы кыймылдаткыч күчтөрүн издөө үчүн өз ара байланыштарды бекемдөө" деп аталган темада сөз сүйлөгөн.

"Мен форумдун ачылышындагы сиздин (Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин – ред.) сөзүңүздү кунт коюп уктум. "Жашыл Жибек Жолун" жана "Чынчыл Жибек Жолун" түзүү жөнүндө сунушуңузду толугу менен колдойм. Кыргызстан агрардык өлкө катары экологиялык таза азык-түлүктөрүн өндүрүүнү жактайт. Биз Кытай өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү колдоону уланта турганы жөнүндө Сиздин билдирүүңүздү бизди колдоо катары кабыл алдык. "Бир алкак – бир жол" демилгесинин алкагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маанилүү", — деген Жээнбеков.

Президент бул чоң иш-чара өлкөлөрдүн "Бир алкак – бир жолдун" алкагында мындан ары карай өз ара тыгыз кызматташуусуна өбөлгө болот деп ишенерин баса белгилеген.

Ал Кытай биргелешип гүлдөп-өнүгүү идеясын эле көтөрүп чыкпастан, реалдуу кадамдарды жасады деген пикирин билдирген.

Сооронбай Жээнбековду Кытай кантип тосуп алды. Видео - Sputnik Кыргызстан
Сооронбай Жээнбековду Кытай кантип тосуп алды. Видео
"Кытай биздин улуу кошунабыз, ишенимдүү досубуз жана стратегиялык өнөктөшүбүз. Биз Кытай мамлекетинин бардык ийгиликтерине ар дайым кубанычтабыз. Кытайдын колдоосу менен Кыргызстанда экономиканы өнүктүрүүгө багытталган масштабдуу долбоорлор ишке ашырылды. Биз бул жардамды жогору баалайбыз", — деп белгиледи Жээнбеков.

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин форумдун 1-сессиясын ачкан соң, Россиянын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Сербиянын, Чилинин, Сингапурдун, Пакистандын, Италиянын, Таиланддын, Эфиопиянын, Венгриянын, Грециянын жана башка өлкөлөрдүн делегация башчылары - президенттер жана премьер-министрлер сөз сүйлөгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0