БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Нурбек Абасканов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгон.
"Мындай чечим премьер-министр Сапар Исаковдун сунушунун негизинде кабыл алынды", — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Абаскановдун ишине байланыштуу комиссия түзүлүп, кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн. Өкмөттүн маалыматына ылайык, Абасканов негиздеген фирма мамлекеттик комитеттин курамына кирген Мамлекеттик байланыш агенттигинин лицензиясын алган.
Комиссиянын чыгарган жыйынтыгы менен Абаскановду жумуштан бошотуу боюнча чыгарылган чечимди Исаков Жээнбековго жөнөткөн.